ПРЕМЬЕР-МИНИСТР: САЛЫКТАРДЫ КӨТӨРҮҮ ЗАРЫЛ

313
0

9-декабрь күнү бюджеттин 2014-жылга болжолдонгон жана 2015-2016-жылдардагы абалы жөнүндөгү мыйзам долбоорун көрүп чыгуу үчүн парламенттин бюджет жана финансы маселелери боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү. Ошол жыйында Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев салык жыйымдарын көтөрүү туурасында өкмөткө расмий көрсөтмө берүүнү депутаттардан сурады.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып: “Эгерде тариф жана салыктарды көтөрө албасак, биз акчаны кайдан алабыз?” – деди. О.э. жер салыктарын көтөрүү зарыл экендигин белгилеп өттү.

“Биз бардыгыбыз салык төлөп жаткандарды түздөн-түз колдоп-кубаттайбыз. Күздө бардык кафе жана ресторандар адамдарга толуп кетти. Ресторандар салык төлөшү керек, алар болсо төлөбөй жатышат. Жер салыгын, тарифтерди көтөрүү зарыл. Жер салыгы он алты жылдан бери бир да көтөрүлбөдү. Данияр Усөновдон кийин эч ким электр энергиясынын тарифин көтөрбөдү, свет үчүн мындай тариф эч бир мамлекетте жок”, – деди өкмөт башчысы.

Анын айтымында, оор жүк ташуучу автомобилдердин өтүшүнө, эски машиналарды алып кирүүгө жана зергердик буюмдарга салыктын көлөмүн көбөйтүү зарыл.

Туркистон:

Демократиялык түзүм өзүнүн иштерин жүргүзүү жана жарандарды башкаруу үчүн зарыл болгон каражаттарды ушул калктын өзүнөн чогултуп алууга аракет кылат. Эгерде бюджетинде каражат таӊкыстыгы жүз берсе дароо салыктарды көтөрүү тууралуу баш катырып калат.  Ансыз деле Кыргызстанда салыктардын жалпы көлөмү 68.9 пайызды түзөт. Демек, мыйзамдарга толук моюн сунамын деген жаран100 сом пайда тапкан болсо ошонун 70 сомун салык катары бериши керек. Өзүнүн кирешесинин мынча бөлүгүн салык катары берүүнү эч ким каалабайт.  Ошондуктан, адам кирешесин жашыруу үчүн жалган иштетүүгө жана салык мекемелерине пара берүүгө  мажбур болот, бул болсо, коррупциянын өсүп-өнүгүшүнө алып барат.      

Исламда зекеттен башка эч кандай мажбурий төлөнүүчү салык жок. Зекет болсо салык катары эмес, тескерисинче, аткарылышы зарыл болгон, Аллах тарабынан фарз кылынган ибадат катары чогултулат. Зекет бай мусулмандарга гана важиб болуп, ким 85 грамм алтынга, же ошонун өлчөмүндөгү акчага, же соода товарларына ээ болсо, ал бай адам болуп эсептелет. О.э. мына ошол каражат бир жылдын ичинде зыян көрбөстө, көлөмүнөн азайбастан, өсүп турса, анда  кырктан бирин зекет катары берүү фарз болот. Минип турган улоо, саап ичип жаткан саан уй жана жашап турган үй-жай үчүн зекет алынбайт.      

Ислам назарында жерлер эки түрдүү болуп, булар – ушрий жана хирожий жерлер. Ушрий жерлерден алынган түшүмдүн ондон бири ушр катары алынат. Хирожий жерлерге болсо ушр менен бирге хирож да салынат жана  хирож жердин абалына т.а. сууга жакын же алыстыгына, табигый жол менен, же насос, же чака жардамында жасалма жолдор менен сугарылышына карай белгиленет. Болгону, эгин эгилүүчү жерлерге гана хирож  жана ушр белгиленет. Эгерде жер насос, төө же чака менен сугарылса ушрдун жарымы т.а. жыйырмадан бир бөлүгү белгиленет жана бул нерселер тээ кыяматка чейин өзгөрбөйт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here