Орусчул Украина бийлиги буга чейин карманып келе жаткан бир нече турумдарынан кайта баштады. Мисалы, Украина жана Евробиримдик ортосунда жол карталарын даярдоо тууралуу келишим түзүлдү. Буга аргасыз болгон премьер-министр Н. Азаров “келишимди Украина кызыкчылыгын эске алуу менен кайрадан жазып чыгуу керек” демиш болду.
Биринчи вице-премьер Сергей Арбузов Евробиримдиктин комиссары Штефан Фюле менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин “Евробиримдик менен ассоциация түзүү жөнүндө келишимге Украина жакында кол коет” деп билдирди.
Учурда эл аралык коомчулукту көөдөлөндүргөн Америка жана Европа өкүлдөрү демонстранттарды колдоп билдирүүлөрдү жасоодо. Алар Орусия менен болгон интеграцияга каршы массалык райды жарата алышты десе да болот. Айта кетсек АКШ сенаторлору Жон Маккейн менен Кристофер Мерфи Эркиндик майданында сөз сүйлөп, алар АКШ Украинанын Евроинтеграцияга умтулушун колдой тургандыгын белгилешти. Европарламент да отурумда Украинанын Евробиримдикке кошулуусун колдоп, Президент Януковичтин ассоциацияга кол койбогондугун айыптады. Мындан башка да көптөгөн Америка жана Европа малайлары, өз кожоюндарынын буйруктарына ылайык Украинага барып, оппозицияны колдоп-кубаттоочу билдирүүлөрдүн берип жатышат.