Өзбекстанда эле эмес, дүйнөнүн дээрлик бардык тилдеринде басылып чыгуучу массалык маалымат каражаттары арасында да ызы-чууга себеп болгон Гүлнара Каримованын твиттер билдирүүлөрү ушунчалык көп болду дейсиӊ, эми Гүлнара твиттеринде тилге алган адамдардын аны менен соттошуусуна кезек жеткен окшойт.
Лола Каримова-Тиллаеванын расмий вэб баракчасында жарыя кылынган билдирүүдө: “Көптөгөн массалык маалымат каражаттары мага жана менин жолдошума карата Гүлнара Каримова тарабынан коюлган айыптар боюнча мамиле билдиришибизди сурап кайрылып жатышат. Жүз берип жаткан окуяларга ар кандай маиле билдирүүнү каалабасак да, жүз берген абал т.а. Гүлнара Каримова тарабынан мен жана менин өмүрлк жолдошум Тимур Тиллаевге карата соиалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында диффамация, жалаа жана коркутуп-үркүтүүлөр таркатылып жаткандыгы, бизге адвокаттарыбыз менен кеӊешип, Гүлнара Каримованын үстүнөн сотко кайрылуу сыяктууу мыйзамдуу чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн көрүп чыгуудан башка чара калтырбай жатат”, – деп айтылат.
Буга кошумча түрдө, Гүлнара Каримованы өзүнө жалаа жапкандыгы үчүн укук коргоочу Муътабар Тажибаева да сотко бермекчи болууда. Мамлекетте расмий түрдө каттоодон өткөн Өзбекстан адам укуктары “Эзгулик” коому 4-декабрь күнү Янис Галанос менен өткөрүлгөн интервьюга таянган абалда, анын кыйноого алынбаганын маалымдаган эле. Бул уюмдун жетекчиси Васила Инаятова болуп, Муътабар Тажибаева Гүлнараны өзүн ал менен адаштырып жибергендикте айыптоодо.
Өзүнүн кызматкеринин укуктары тебеленгенине ачууланган Гүлнара 8-декабрь күнү: “Муътабар – периште! Уррра! Жолдоштор УРРРАааа!))))))” – деп твит калтырган эле.
Өз кезегинде “Фергана.ру” сайтынын негиздөөчүсү жана башкы редактору болгон Даниил Кислов да Гүлнара менен болуп өткөн кайым айтышуудан кийин аны сотко бере тургандыгын айтып чыкты.
Кислов Гүлнарадан интервью берүү жөнүндө сураганда Гүлнара: “Барып укта! Интервьюга жол болсун. Азырынча машыгып тур жана микрофонуӊду текшер”, – деп жооп кайтарды.
Буга жооп катары Кислов: “Мен сени “сен” деп айтпадым, демиӊди ал. Менде ага карата каршылык жок. Бирок укук коргоо органдарында бар экендигине ишенемин…” – деп жазды.
Мындан тышкары, Гүлнара твиттер баракчасы аркылуу: “…Тиллаевдер тарабынан жалданган Кислов сыяктууу жазгычтар… өздөрү көбүртүп жаткан оюндун канчалык акмакчылык экендигин али жакшылап түшүнүп алышат”, – деп коркутту.
Булар менен бир мезгилде, “Zamondosh” сайты да Гүлнараны сотко бере тургандыгын айтып чыкты.
Мунун себеби Гүлнара Каримова Түркиянын “Hurriyat” гезитине берген интервьюсунда “Полковник Юрий Николаевич Савинков жана анын уулу Игорь Савинков¸ Хаят жана Жавдат Шарифхожаевдер о.э. алардын шериги Равшан Жураевдерди Гүлнарага каршы каралоо кампаниясын уюштуруучулар катары санап өтөт. Гүлнаранын айтымында, “Zamondosh” сайты УКМКнын полковниги Юрий Савинков тарабынан түзүлгөн. Интервьюда Гүлнара Каримова бул каралоо кампаниясы сиӊдисинин үчүнчү эри Темур Тиллаев тарабынан финансыланганын” айткан эле.
“Биз сизди сотко беребиз”, – деп жазды “Zamondosh”.
Буга жооп катары Гүлнара, эгерде анын өзү сотко берсе, аны менен эсептешкени Тиллаев жана Шарифхожаевдерди кошкондо акчасы жетпей кала тургандыгын билдирди.
Булар менен бир катарда, Гүлнара Каримова да өзүнө каршы иш кылгандарды сотко бериши тууралуу кабарлады.
“Айтып өтүшүм керек болгон нерсе, текшерүү Интернет уюмдары жана соиалдык тармактар боюнча ар түрдүү багыттарда башталды”, – деп твиттеди Каримова.
Гүлнара Каримованын айтымында, Твиттер компаниясы ага каршы “иштеп жаткан” айрым аккаунттарды жапкан.
“Сиздерге айта кетишим зарыл болгон нерсе, бул сыяктуу алар сот алдында жооп беришет.. Сотторго алдакачан эле укук бузуучу аракеттер туурасында доо-арыз тапшырылган”, – деп жазды Каримова….
Ислам Каримов өзүнүн 24 жылдан ашкан башкаруусу маалында Өзбекстанда чыныгы “токой мыйзамын” пайда кылды. Адамдын кадыр-баркы, акы-укугу, жеке мүлкү жана коопсуздугу деп аталган нерселер Өзбекстанда эч кандай кадыр-баркка ээ болбоду. Күчү бар, акчасы же бийлиги бар ар кандай аткаминер өзүнөн алсыз адамдарды кордоо, тебелеп-тепсөө, малын тартып алуу же камакка таштоо… үчүн оюна келген ишти кылды жана бүгүнкү күндө да ушундай уланууда.
Ал эми бул “токой мыйзамынын” дагы бир тарабы бар болуп, эгерде үйүр өз башкаруучусунун алсыздыгын сезип калса, же үйүрдүн башчысы карып башкара албай калса, жырткычтар бардыгы биригип үйүрдүн башчысына кол салышат жана аны жок кылышат. Каримов да кудум ушундай абалга түшүп калды. Каримов өзүнүн күч-кубатынан тайып баштады. Ал тургай, өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүн коргоого да алсыздык кылып калды. Муну түшүнүп жеткен анын айланасындагы “ишенимдүү” адамдары бийлик үчүн өз ара күрөштү баштап жиберишти. Азырынча болсо Каримов аларга Өзбекстан калкын коркутуп туруучу “мокочо” катары керек болууда. Ошондуктан да Каримов Өзбекстанда өзү пайда кылган жана 24 жылдан ашуун убактан бери колдонулуп келе жаткан “токой мыйзамы”нын курмандыгы болушу анык болуп калды.
Мындан тышкары элибизде адал тамак деген сөз бар. Ата-бабаларыбыз бирөөнүн акысына кыянат кылуудан, бирөнүн акысын жегенден кудум оттон качкандай качышкан жана перзенттеринин жеген тамагы адал болушуна катуу көӊүл бурушкан. Өзбекстан бийлигинин башында болгон Каримов болсо кыздарын 30 миллион калктын мүлкүнүн эсебинен багып чоӊойтту о.э. кыздарына да ушул мүлктөн каалагандай пайдаланууга шарт түзүп берди. Мунун натыйжасы болсо бүгүнкү күндө элдин баарына белгилүү болууда. Сиӊдиси өзүнүн эжеси менен он эки жылдан бери сүйлөшпөсө, кызы өзүнүн энесин сыйкырчылык жана акчага сыйынууда айыптаса, энеси өзүнүн кызын жок кылып жиберүү менен коркутса… Элибизде “Бирөнүн акысы тешип чыгат” деген сөз бар. Эгерде Каримов бийлигинен жана арам жолдор менен тапкан байлыктарынан айрыла турган болсо, андан жүз үйрүп кете тургандардын биринчилери да дал ушул өзүнүн үй-бүлөсүндөгүлөр болот.
lasuna over the counter – diarex for sale cheap himcolin generic
order meloxicam sale – toradol order online buy generic toradol online
buy augmentin 1000mg online – buy amoxiclav online cheap synthroid 150mcg pill
prometrium 100mg over the counter – ponstel online buy purchase clomiphene generic
гѓ—гѓ¬гѓ‰гѓ‹гѓі еЂ‹дєєијёе…Ґ гЃЉгЃ™гЃ™г‚Ѓ – г‚ёг‚№гѓгѓћгѓѓг‚Ї йЈІгЃїж–№ г‚ёг‚№гѓгѓћгѓѓг‚Ї гЃЉгЃ™гЃ™г‚Ѓ
гѓ—гѓ¬гѓ‰гѓ‹гѓійЊ 20 mg еј·гЃ• – гѓ—гѓ¬гѓ‰гѓ‹гѓігЃЇи–¬е±ЂгЃ§иІ·гЃ€г‚‹пјџ イソトレチノイン гЃЇйЂљиІ©гЃ§гЃ®иіј