Бажы биримдигине кирүү жаатындагы Кыргызстандын “жол картасын” Евразия экономикалык комиссиясы кыргыз тарап менен макулдашпай туруп кабыл алды.
Бул тууралуу КР президенти өткөргөн Кыргызстандын интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешмеде КР биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев билдирди. Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы жана Беларусь Республикасы сунуштаган Бажы бирлигине кирүү тууралуу Кыргызстандын “жол картасын” Евразия экономикалык комиссиясы кыргыз тарап менен макулдашпай туруп кабыл алгандыгын маалымдады.
“Сунушталган жол картасы Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп бербейт, ал кыргыз тараптын эксперттери катыштырылбай туруп толукталып иштелген жана Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстандын Өкмөтү менен расмий түрдө макулдашпай туруп колдоого алган”,- деди Жоомарт Оторбаев.
Ошону менен бирге, Жоомарт Оторбаев “азыркы абалында жол картасы Кыргызстанга таптакыр ылайыктуу эмес, ал кабыл алынса өлкөдө бир топ социалдык проблемаларды жаратышы ыктымал” экендигин белгиледи.