ТУРКИСТОН: КЫТАЙ ӨКМӨТҮНҮН МУСУЛМАНДАРГА КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТҮП ЖАТКАНДЫГЫНЫН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?

306
0

Көӊүл бура турган болсок, Кытай мамлекети ушул жылдын рамазан айынан баштап Кашкар автономиясында терроризмге каршы күрөштү күчөттү. Бирок, ал бул күрөштү бүгүнкү күндө же бир нече ай мурда эмес, тескерисинче, Кашкарды автономия кылып алган күндөн баштаган. Бул күрөш аларды колония кылуу үчүн болгон күрөш эмес, себеби, Кашкар ансыз деле Кытайдын колониясы болуп эсептелет.

Бир нече кыймылдар “мекендин азаттыгы үчүн” деген ураан менен көтөрүүгө аракеттенип, уйгур калкын ийгиликсиздикке учуратты. Ал тургай, Исламий кыймылдар да акырындап мамлекеттен чыгып кетишип ишмердүүлүктөрүн токтотушту. Натыйжада региондо экономикалык кызыкчылыктар күчөтүлүп, элдин арасында Ислам идеологиясына болгон этибар алсырай баштады. Эми өкмөт, Исламды ал тургай үрп-адат катары кармап келе жаткандарга каршы согуш ачууга батына баштады. Алар биздин эӊ назик жерлерибизге кол сала баштады т.а. ар намысыбыз болгон аялдарыбыздын жоолуктарын көчөдө тартып чечип ала башташты. Ага каршылык кылууга аракеттенген туугандарын болсо, мусулмандар колдой алышпады. Тапкан мал-дүйнөлөрү менен мансаптары аларды Аллахтын алдындагы милдеттерин аткаруудан тосту. Бул болсо, үммөттүн идеологиялык жактан алсырагандыгын билдирет.

Демек, колонизатор куфрдун баары бизге каршы күрөштө алгач идеологиябыздан алыстатып, андан кийин бир четинен кыргын кыла баштайт. Турмушта бул сыяктуу иштерди Өзбекстанда көрдүк. Ислам уламалары жана кээ бир мусулмандар, куфр мамлекетинин зулумдарына сүкүт сактап эле калбастан, ал тургай, бири-бирин ага тапшырып бергенге чейин жетип барышты. Акыры биринин артынан биринин алардын өздөрүнүн кезектери да келди.

Идеологиянын кубаты төмөнкүдөй, ал адамды зулумга сүкүт сактап жатканда, ага ушул иши үчүн акыретте ала турган жазасын эскертет. Арам амалдын акысына бул дүйнөдө ала турган сыйлык менен, акыретте күтүп жаткан жазаны салыштырат. Натыйжада акыйдага болгон канааттануусу адамды туура чечим кабыл алууга үндөйт. Ушул кубат, калктын канчалык даражада курчап алганы, башкача айтканда исламий урфтар калктын арасында канчалык өнүккөндүгү куфр жетекчилери тарабынан ар дайым күзөтүлөт. Эгерде кубат күчтүү болсо, аны алсыратып алганга чейин материалдык басымдарды кечиктирип турушат.

Кытайдагы абалга кайтып келсек. Бул жердеги абал башка исламий өлкөлөрдөн анчалык эле айырмаланбайт. Баарыбыздын проблемаларыбыз бирдей т.а. Исламды мабдаъ катары түшүнө албай жаткандыгыбызда. Ислам идеологиясынын негизги милдеттеринин бири Аллах бизге мабдаъ жиберди т.а. Аллах Исламды бизге ар бир ишибизди чечип берүүчү түзүм кылып жиберди. Биз аны өз ордуна коюу үчүн аракеттенүүгө жоопкербиз. Бул иш Аллахтын нусратына байланыштуу экендигинен, биз нусратка ылайыктуу турмуш өткөрүүгө катуу аракет кылышыбыз важиб экендигин түшүндүрүүдөн турат.

Демек, Кытайдагы мусулмандардын проблемалары да, анын чечими да, Ислам идеологиясынын кубатына болгон этибардын күчөтүлүшүнө байланыштуу. Жалпысынан исламий өлкөлөрдүн бардыгында маселе ушундай.

Ушундан келип чыгып, Хизбут-Тахрир бүт дүйнөдө исламий урфтарды өнүктүрүү үчүн пикирий жана саясий күрөш алып барууда. Анткени, ал калктын жардамы аркылуу Исламды турмушка кайтарууну өзүнүн алдына максат кылып койгон. Калк болсо залимдердин зулумуна каршы саясий күрөштөрдү алып баруу аркылуу гана ойгонот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here