СИРИЯДАГЫ ХИМИЯЛЫК КУРАЛДАРДЫН РОССИЯДА ЖОК КЫЛЫНЫШЫ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА

504
0

Россиянын маалымат булактарынан алынган кабарларга ылайык, АКШ жана анын шериктери Сириядагы химиялык куралдын Россияда жок кылынышын каалашууда.

Башар Асаддын колундагы химиялык куралдарды жок кылууну айтып чыккан Россиядагы социалдык-саясий изилдөөлөр борборунун жетекчиси Владимир Евсеевдин айтуусу боюнча, буга мүмкүнчүлүк бар. “Божомолдор боюнча, Сирияда 1000-1300 тоннага жакын химиялык курал бар. Буларды Уралга караштуу Курганская аймагындагы Щучье шаарында жок кылууга мүмкүнчүлүк бар», – дейт Владимир Евсеев.

Евсеев химиялык куралдарды Сириядан алып чыгуу проблема экендигин баса белгилеп: “Химиялык запастарды Сириядан алып чыгууда жүз бере турган силкинүүдөн анын жарылып кетпестигине кепилдик бере албайбыз. Ошондой болуу ыктымалы да бар. Мындан тышкары химиялык запастар жүктөлгөн кемелер Булуӊдан өтүү үчүн Түркиянын ыраазылыгы керек. Бул кемелердин Булуӊдан өтүшүнө Түркия тыюу салып коюшу мүмкүн”, – деп билдирди Евсеев.

Курал-жарак боюнча адис Наталя Калинина да химиялык куралдарды Сириядан алып келүү чоӊ өлчөмдөгү каражатты талап кылат деген пикирде. Наталя Калинина: “Ал үчүн атайын кемелер жана контейнерлер зарыл болот. Атайын топ түзүү жана жол коопсуздугун камсыздоону эсепке алганда чыгым ого бетер көбөйөт. Демек, аны жок кылуу үчүн 1 млрд. доллардан көбүрөөк каражат керек болушу мүмкүн”, – деди.

Ошол эле убакта Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириядагы химиялык куралдарды жок кылуу темасында АКШны көз боёмочулукта айыптоодо. Анын айтышынча, АКШ 7 -берененин ишке ашуусун камсыздоо үчүн көз боёмочулук жолуна өткөн.

“АКШлык кесиптештерибиз бизге карата көз боёмочулук жолуна өтө башташты. БУУнун Коопсуздук Кеӊешинде 7-беренеге тиешелүү Россиянын токтому кабыл алынбай турган болсо химиялык куралга тыюу салуучу уюмдун иши токтотула тургандыгын айтышууда. Мындай абалда Жон Керри менен түзгөн келишимден алыстаган болобуз. Оболу химиялык куралга тыюу салуучу уюм токтом кабыл алышы керек болчу, андан кийин БУУнун Коопсуздук Кеӊеши бул токтомду тастыкташы керек эле. 7-берене негизги тема эмес болчу”, – деди Лавров.

 

Туркистон: 

Жогорудагы Асаддын режими тарабынан химиялык куралдардын тапшырылып жатканы жөнүндөгү кыйкырыктар АКШ жана Россия тарабынан пландаштырылган долбоор болуп, экинчи этабында оппозициялык күчтөрдөн да колдорундагы химиялык же дагы башка куралдарын тапшыруу талап кылынат.

Алардын бул сыяктуу куралдар жоктугу жөнүндөгү билдирүүсү кабыл алынбайт. Натыйжада аларга кысым көрсөтүү үчүн шарт пайда болот. Эл аралык текшерүүлөрдү өткөрүү керек, же дагы ушуга окшогон чараларды көрүү керек деп айта башаташат. Натыйжада аларды бул сыяктуу куралдарды жашырып жаткандыкта айыптай башташат. План мына ушул максатты жүзөгө чыгаруу негизине курулган.

Ал тургай, мурда ишке ашырылган химиялык чабуулдарды да мусулмандардын мойнуна жүктөөгө аракет кылышат. Калктын бул иштерге болгон мамилелерине карай, Ахмад Жабра сыяктуу жасалма өкмөт өкүлдөрү пайдаланып калууга аракеттенип көрүшөт. Алар эч болбогондо Сирия калкын экиге бөлүп берүүгө аракет кылышат. Убактылуу өкмөттүн Асаддын ордун ээлеп алышы, Сирияны граждандык согушка алып барат.

Бирок, Аллахтын нусраты менен бул сыяктуу айлакер пландар жокко чыгат, инша Аллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here