АР КАНДАЙ АБАЛДА ДА ЯДРОЛУК КУРАЛ ИШТЕП ЧЫГАРБАЙБЫЗ

353
0

Президент Хасан Роухани ядро программасы жаатында Ирандын атынан Америка жана башка Батыш мамлекеттери менен сүйлөшүү алып баруу үчүн толук ыйгарым укукка ээ экендигин айтып: “Иран ар кандай шарта да ядролук курал иштеп чыгарбайт”, деп баса белгиледи.

Роуханинин айтышынча, ал презденттик шайлоодо жеӊишке жетишкенде Обаманын аны жеӊиши менен куттуктаганы Ирандын АКШ жана Батыш мамлекеттерине жакындашуусуна түрткү болгон.

Иран жетекчиси АКШнын NBC телеканалына берген интервьюсунда: “Биз массалык кыргын куралдары, ошону менен бирге ядролук куралды эч качан иштеп чыгарбайбыз деп кайра-кайра айтканбыз. Демек, эч качан андай кылбайбыз”, – деди.

Ирандын диний жетекчиси аятулла Али Хаменеий да ядролук курал Ислам баалуулуктарына туура келбестигин билдирди.

О.э. Роухани жакында АКШ жетекчиси Барак Обамадан алынган кат “оӊ мааниде жана конструктивдүү” экендигин билдирип: “Бул маанилүү келечекти көздөй коюлган кичине кадамдар болушу мүмкүн”, – деди.

Роуханинин Батыш менен татаалдашкан мамилелерди жакшыртууга ишара кыла турган бул билдирүүсү БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында катышуу үчүн Нью-Йоркко сапар кылуусунан алты күн мурда ачыкталды. Келерки аптада БУУнун Башкы Ассамблеясында Иран президентинин сөзгө чыгышы күтүлүүдө.

Туркистон:

Демек Иран призидентин алмаштыруудан көздөлгөн максат, АКШга карата жашыруун кыянаттарын ачыкка алып чыгуу экен да. Ирандын жетекчилиги шиа диний жетекчилеринин колунда. Анын учурдагы башчысы Хаменеий болуп, абалдар дээрлик анын колунда.

Бирок, бул эки жүздүү саясат көпкө созулбайт. Алардын диний пардалары ачылып болгон. Калкы диний жетекчилеринин эки жүздүүлүктөрүнөн кабардар жана аларга болгон жек көрүүсү күндөн-күнгө күчөп бара жатат. Бул нерсе жакынкы келечекте калктын нааразычылыктарына т.а. ынкылапка алып барышы мүмкүн. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here