РОССИЯДА ИСЛАМГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

337
0

Аллах айтат:

وَلَوْلَا دَفْعُ اللَّهِ النَّاسَ بَعْضَهُمْ بِبَعْضٍ لَهُدِّمَتْ صَوَامِعُ وَبِيَعٌ وَصَلَوَاتٌ وَمَسَاجِدُ يُذْكَرُ فِيهَا اسْمُ اللَّهِ كَثِيرًا ۗ وَلَيَنْصُرَنَّ اللَّهُ مَنْ يَنْصُرُهُ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ
«Эгерде Аллах адамдардын кээ бирин башкасы аркылуу коргобосо, кечилканалар, чиркөөлөр, синагогалар жана ичинде Аллахтын ысымы көбүрөөк аталган мечиттер кыйратылмак. Ким Аллахтын жолунда жардам берсе, Аллах да ага жардам берет. Шексиз, Аллах күчтүүү, кудуреттүү» (22:40).

 2013-жыл, 27-сентябрь жума күнү Хизбут-Тахрир партиясынын мүчөлөрүнөн турган мусулмандар «Россияда Исламга тыюу салынды» деген аталыштагы нааразылык акциясын өткөрүштү. Исламга тиешелүү бардык нерселерге тыюу салууга  болгон бийликтин аракети бул акцияны өткөрүүгө себеп болду. Новороссийск шаардык сотунун Куранды которууну экстремисттик материал деп таануу чечими; күч органдары тарабынан Хизбут-Тахрир партиясынын мүчөсү Абдулла Гаппаевдин өлтүрүлүшү; мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салынышы; Аллахтын үйү болгон «Аль-Ихлас» мечитинин бузулушу жана ал мечиттин имамы Рустем Сафиндин камакка алынышы – бул фактылардын бардыгы биздин айткандарыбызды тастыктап турат. Москва, Санкт-Петербург, Уфа, Казань, Тюмень жана башка ири шаарлардын мечиттеринде Хизбут-Тахрирдин жигиттери Үммөткө Ислам кызыкчылыктарын чогуу коргойлу деп чакырык таштады. Хизбут-Тахрир Россиянын атынан имамдар менен муфтийлерге «Ислам жана мусулмандардын кызыкчылыгын коргогула» деген кайрылуу жолдонду. О.э. мечиттерде Хизбут-Тахрирди колдоого жана Исламды коргоого чакырган баракчалар таркатылды. Жолдордун кесилишиндеги көпүрөлөргө «Мусулмандарды өлтүрүүнү токтоткула», «Россия Исламга каршы. Куранга тыюу салынды 17.09.2013» деген плакаттар илинди. Мусулмандар «Мени Кудайга ишенгеним үчүн атып кетишти. Гаппаев Абдулла», «Роосияда Куранга тыюу салынды. Мен каршымын!»,  «Россияда мечиттерди бузуп жатышат. Мен каршымын!» деген плакаттарды о.э. андан башка ушул фактыларга элдин көӊүлүн буруп, ошону менен бийликтин Исламга каршы саясатына таасирин тийгизе турган плакаттарды көтөрүп турушту.
Акция ийгиликтүү өтүп, массалык маалымат каражаттарынын көӊүлүн бурду, ал эми Үммөт болсо колдоого алды. Аллах айтат:

وَلَوْلا دَفْعُ اللَّهِ النَّاسَ بَعْضَهُمْ بِبَعْضٍ لَفَسَدَتِ الأرْضُ
«Эгерде Аллах адам баласынын бирин башкасы аркылуу кайтарбаса, жер жүзү бузулуп кетмек» [2:251].

 

Хизбут-Тахрир Россиянын басма сөз бөлүмү.

30.09.2013.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here