ДЕМОКРАТИЯЛЫК ТҮЗҮМДӨ АКЫЙКАТ СӨЗДҮ АЙТКАН ИМАМ КАМАККА АЛЫНДЫ, МЕЧИТИ БУЗУП ТАШТАЛДЫ

396
0

24-сентябрь күнү Казань шаарында жайгашкан “Ихлас” жамеъ мечитинин имамы Рустам Сафин камак жазасына өкүм кылынды. Өкүмдө айтылышынча, Сафин Хизбут-Тахрирдин пикирлерин активдүү көрүнүштө жайгандыгы үчүн Россия конституциясынын 282,2 беренесине ылайык, 2 жыл камак жазасына өкүм кылынган.

Күзөтүүчүлөрдүн айтышынча, имамдын соттолушунун негизги себеби, өткөн жылдын июль айында коопсуздук күчтөрүнүн мусулмандарды ээнбаштык менен камакка алышына каршылык кылгандыгы.

Ошондо коопсуздук күчтөрүнүн баскынына учураган жүздөгөн мусулмандарга колдоо болушу үчүн имам Сафин Ихлас жамеъсинин атынан бир нече демонстрацияларды уюштурган эле.

2012-жылы мусулмандардын репрессия кылынышына каршы Сафин башчылыгында уюштурулган нааразылык акциялары бүтүндөй татарстан бойлоп мусулмандардын колдоп кетиши коркунучун пайда кылды. Натыйжада баскынчылык иш-чаралары тезинен токтотулуп, камакка алынган мусулмандар азаттыкка чыгарылды. Расулуллах с.а.в.дын байрагы астында өткөн демонстрациялар мусулмандардын биригишине себеп болду, аларды бир күчкө айландырды. Имамдын демилгеси менен коопсуздук күчтөрүнүн ээнбаштыктарына чек коюлду о.э. дагы ишке ашырылышы керек болгон бир нече баскынчылыктардын алды алынды.

Ошондон кийин сөз эркиндигин жактоочу демократтар тарабынан Ихлас мечити жабылды, бираз өткөндөн кийин болсо бүтүндөй бузуп ташталды, анын артынан акыйкат сөздү айтуучу имамы камакка алынды.

 

Туркистон:

Сирия маселесинде Россиянын Асад тарапта туруп, мусулмандарга каршы күрөшүп жатканы сыр эмес. Ал жана бүтүндөй куфр системасынын Шамдагы окуялар себептүү өтө чоӊ кризистер жээгине келип калгандыгы да белгилүү. Путин бул жарыя кыла албай турган акыйкаттарды тымызын моюнга алууда дейсиӊ, Сириядагы исламий кыймылдар Хизбут-Тахрир программасы негизиндеги исламий тарыйкат негизинде иш алып барууда. Бул багыт, Пайгамбарыбыздын сийратынан алынгандыктан, куфр системасын жок кылып жиберүү кубатына ээ. Россиянын саясий жараяндарга аюуларча жандашуусу да анын улуттук менталитетинен келип чыккан акыйкат. Ошондуктан, ал АКШ жана Батыш мамлекеттеринен айырмалуу түрдө, Хизбут-Тахрирге каршы копол жана аӊ-сезимсиз согуш ачып алды.

Аӊ-сезимсиз экендиги мындай, ал Батыш тарабынан Россиянын ичинде уюштурулуучу исламий тополоӊдордо Хизбден пайдалана алышпастыгын түшүнө албады. Себеби, Хизбди дүйнөдөгү бир да куфр тарабы өз кызыкчылыгын көздөй багыттай албаган. Муну ал тургай өздөрү да моюнга алышат. Хизбут-Тахрир пикирий вужуд болгону себептүү жихад кылбайт, куфрдун бирер тарабынын кызыкчылыгы үчүн экинчисине каршы маддий иш кылбайт жана үммөттү да багыттабайт деп андан үмүтүн үзүшкөн..

Хизбут-Тахрир мусулмандардын ар бир аракетин катуу көзөмөлдөп, аларды шарият тарапка, Ислам жана мусулмандар кызыкчылыгы тарапка багыттайт. Шаръий эмес багыттарга кошулбай, аларды шаръий жолго даъват кылат. Мурси жана боордоштор аракети башталганда Хизбдин ээлеген позициясы бүгүнкү күнгө чейин өзгөрбөгөнүн жана кыпындай да ката кетирүү жүз бербегенин үйрөнүп чыгуу жогорудагы сөздөрүбүзгө далил болот. 

Путин болсо, өзүнүн алсыз акылы менен “битке өчөшүп көйнөгүн отко салууга” өттү. Хизбге каршы күрөштү мусулмандардын баалуулуктарын тебелөө жана аларга зомбулук көрсөтүү менен баштады. Хизб да үммөт жана Исламдын кызыкчылыктарын коргоого аттанды. Себеби, бул иштерди ал табиятынан келип чыккан шаръий милдети деп билет.

Мечиттерди бузуу; имамдарды камоо; Куранды акаарат кылуу же ага тыюу салуу – булардын баары Хизбге эмес Ислам жана мусулмандарга каршы каратылган. Өз кезегинде Хизбут-Тахрирдин каршылык акциялары да өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн эмес, үммөт жана мусулмандардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн болуп жатат.

Ошондой болгон соӊ, дүйнө жана акыреттеги кызыкчылыктарын коргоодо Хизбут-Тахрирге жардам берүү мусулмандарга важиб болот.

Путиндин бул стратегиясы, эртеби-кечпи мусулмандардын өздүктөрүн таанышына алып барат. Ошондо ал бүгүнкү күндө Асад кетирген каталарды кайталаганын түшүнүп жетет. Бирок, анда кеч болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here