Россия Федерациясынын Башкы штаб башчысы Валерий Герасимовго таянып «Коммерсант» гезитинин жазышынча, Россия Кыргызстанга жардам катары 1,1 миллиард долларлык аскерий техника берет.
Герасимовдун айтышынча, Россия Коргоо министрлигинин балансында турган вертолёттор, бронетехникалар жана башка куралдар о.э. байланыш каражаттары Кыргызстанга жеткирип берилет.
О.э. Тажикстанга да аскерий жардам берилет. “ИРНА” маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, Россияга караштуу 201-дивизиясынын Тажикстанда калуу мөөнөтүн узартуу боюнча түзүлгөн келишим Тажикстан парламентинде ратификацияланган. Агенттиктин билдиришинче, Россия аскерийлеринин Дүйшөмбү шаарында дагы 30 жыл калышы эки мамлекет жооптуулары тарабынан тастыкталган. Келишимге ылайык, 30 жылдан кийин тараптардын каалоосуна ылайык бул мөөнөттү дагы 5 жылга узартууга мүмкүнчүлүк бар.
Эксперттердин пикиринче, Россия тарабынан Бишкек жана Дүйшөмбүгө аскерий-техникалык жардамдын берилиши 2014-жылы НАТО аскерлеринин Афганистандан чыгып кетишине байланыштуу болуп жатат. Россия “региондогу коопсуздукту камсыздоо” деген шылтоо менен америкалык аскерийлердин Борбор Азияда туруктуу калышына бөгөт коймокчу болуп жатат.
Туркистон:
НАТОнун Афганистандан чыгып кетиши же ишмердүүлүгүн өзгөртүшү, Россияны региондогу проблемалар айлампасына тартышы мүмкүн.
АКШ бул ишке жетишүүдө Россиянын саясий чөйрөсүнүн алсырап, эл аралык саясий институттарынын ишмердүүлүгү дээрлик токтоп калганынан жана саясий кырдаалдарга баа берүүдө Путиндин өтө алсыздыгынан пайдаланат. Бул нерсе Россиянын региондогу кырдаалдарды тартиптештирүү жоопкерчилигин өз колуна алышынан башталат. Ал НАТОнун региондогу жоопкерчилигин таштап кетишине жол койбошу жана НАТО өзү пайда кылган бардык проблемаларын чечүүгө мажбурлоо үчүн эл аралык коомчулукту көтөрүүгө аракет кылышы керек болчу.
Бирок жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Путин кудум Сирияда алданып жатканы сыяктуу эле Борбор Азияда да туура эмес позицияны карманды. АКШ бир нече манёврлар менен Россияны чалгытып койду. Ал Россия менен кеӊешпей туруп Өзбекстан аркылуу чыгып кетүүнү пландаштырды. Аскерий техникаларды модернизациялоого аракет кыла баштады. Россия жогорудагы эксперттер айтып жатышкандай, НАТОнун регионго жайгашып алышынын алдын алууну аракет борбору кылып алып пикирлей баштады.
Россиянын ушундай аракеттери эмнеге алып барышы мүмкүн? Борбор Азия Афганистан менен биригип, эки лагерге бөлүнүп, Россия жана АКШ күчтөрү тарабынан камсыздалып туруучу аскерий кубаттар пайда кылынат. Бул иштер, ал тургай, Россия менен АКШ ортосунда кеӊешилген абалда болушу да мүмкүн. Бирок, учурдагы кырдаалда АКШ эч нерсе уттурбайт, тескерисинче, Афганистан проблемасынан кутулат. Россия болсо, өзүн эл аралык саясатта катышып жаткандай көрүп жатканы менен менен ушул иштин артынан ички чачырандылыкка дуушар болушу да мүмкүн.
Албетте, булардын пландары кырдаалга карай өзгөрүүчү болот. Кырдаалдар болсо, куфр системасынын көзөмөлүнөн чыгып, алар түшүнө албай турган Ислам системасы негизине кайта баштады. Албетте, бул азырынча Сирияда даана көрүндү, бирок, бүт дүйнөнүн принципиалдык позицияларын түптөн өзгөртүп жиберди. Алар учурда ушул Ислам системасы негизиндеги багыттардын жайылышына каршы эч кандай чара таба алышпай дүрбөлөӊгө түшүп калышты. Бирок, исламий пикирий жетекчилик негизиндеги бул система албетте кеӊири жайылат. Демек, жогорудагы сыяктуу куфрдун биздин үстүбүздөгү ыпылас пландары, дүйнөнүн ар жеринде жана ар бир аракетибизде Исламга система катары кайтып келишибиз менен көтөрүлөт, инша Аллах.