МИСИРДЕ СТУДЕНТТЕР АС-СИСИНИН БАШЫН ООРУТУУДА

273
0

Мисир борбору Каирде Айнуш-Шамс университетинин студенттери аскерий төңкөрүшкө каршы демонстрация өткөрүштү. Ар дайым болуп келгендей эле, полиция күчтөрү демонстрацияны таркатууга аракет кылды. Окуяга  күбө болгондордун айтымында, Айнуш-Шамс университетинин студенттери уюштурган демонстрация Ал-Азхар университетинин студент кыздары уюштурган демонстрация менен биригип кеткен.

Камакка алынган студенттердин азат кылынышын жана студенттердин өлүмүнө себепкер болгон полициячылардын жазага тартылышын талап кылып чыккан студенттер “Аскерий башкаруу жоголсун”, “Ички иштер министрлиги мыйзамдуу эмес” деген сыяктуу ураандарды көтөрүп чыгышты.

Коргоо министрлигинин айланасын ороп турган коопсуздук күчтөрү министрлик имаратынын жанында чогулган демонстранттарды таркатуу үчүн суу атуучу машинаны жана көздөн жаш агызуучу газдарды колдонду.

Полиция Айнуш-Шамс университетинен министрликке кеткен жолду жаап койду. Министрликтин айланасында ыкчам аракет кылуучу күчтөр жана бронетехника жайгаштырылганы айтылууда. О.э. Каир шаарындагы бир нече көчөлөргө тикендүү зым тосмолор тартылган.

Ошол эле убакта Мисир ички иштер министрлиги “мыйзам чегинен чыккан демонстрацияларга каршы катуу чаралар көрүлөт” деп коркутууда.

9-декабрда Ал-Азхар университетинде болуп өткөн демонстрацияда полиция эки студентти өлтүрүп эки жүзгө жакын студентти камакка алган эле. Бул демонстрацияда да бир нече студенттер камакка алынганы айтылууда.

 

Туркистон: Ар кандай жазасыз қалган кылмыш, жаңы кылмыштарды туудурат. Мубарактын кылган кылмыштары акысына жана анын куфр системасы алдында көрсөткөн кызматтары акысына чоң мамлекеттер тарабынан анын жана үй-бүлөсүнүн өмүрү сакталууда. Анын режиминин сакталып турушу жана мурдагы зомбулугун дагы кайтарууга болгон аракеттери Мубарактын үй-бүлөсү менен бирге учурдагы бейпил турмушун улантып жаткандыгына байланыштуу.

Мисирде президент кулатылды, бирок, режим мурдагы эле ордунда турат. Президент канчалык диктатор болбосун, албетте режим т.а. жетекчи топтун кубаты менен иш жүргүзөт. Анын өзү болсо, аларды башкарып турууда кызмат көрсөтүп турган бир символ сыяктуу болот. Символ алып ташталса ордуна дагы бир символ жасап алынат. Демек, зулумга каршы аракет, жеке адамдарды алып таштоого эмес, тескерисинче, башкаруу системасына т.а. режимге каратылышы керек. Мындай абалдар Каримов сыяктуу диктаторлорду кулатуу маалында элдик козголоӊчуларга сабак болушу керек. Учурда Каримов жана анын үй-бүлөсүн бардык иштерде айыптуу кылып көрсөтүү компаниясы башталган. Бирок, ошолордун өзү Каримовдун үй-бүлөсүнөн айырмасы жок кылмышкерлер. Өзбекстандыктар Кыргызстан козголоӊчулары сыяктуу чалгып калбашы керек. Кыргызстанда да Мисир сыяктуу бир нече жолу президент алмаштырса да абал өзгөрбөдү.

Тогуттарды жазалоо болсо, кийинкилерге өрнөк болуп, алардын Сиси сыяктуу калкты беймарал коркутуусуна жол бербейт эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here