БИЗГЕ КУЛДУК КЫЛАСЫН ДЕП АЙТЫШТЫ, МЕН БОЛСО АНДАН КӨРӨ АСЫП ӨЛТҮРГҮЛӨ, – ДЕДИМ

488
5

Хаким Расулулла с.а.в.дан риваят кылат: “Шейиттер саййиди Хамза ибн Абдулмутталиб жана залим имамга насаат кылып, ал тараптан өлтүрүлгөн адам”.

Бангладеш өкмөтү “Жамаати Исламия”нын жетекчиси Абдулкадир Мулланы ушундай себеп менен т.а. залимдин зулумунан коркпой акыйкатты айткандыгы үчүн өлтүрдү.

Бангладештин мамлекеттик телевидениеси “Жамаати Исламия”нын жетекчиси Абдулкадир Мулланын Дакка шаарындагы борбордук камакканада асып өлтүрүлгөндүгүн кабарлады.

Бенгал жогорку соту Абдулкадир Мулланы 1971-жылдагы мамлекеттин эгемендүүлүгү үчүн болгон согушта Пакистанга жардам бергендикте жана 3 миллион Бенгал аскеринин өлүмүнө себепкер болгондукта айыптап, өлүм жазасына өкүм кылган эле. Абдулкадир Мулла Бангладеш Пакистандан бөлүнүп, ортосуна чегара зымдары тартылышына т.а. мусулмандардын бөлүнүшүнө катуу каршы тургандыгы менен таанылган жетекчи.

Мусулмандар арасында чегара тартылып бөлүп ташталышына каршы чыккандыгы үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган Абдулкадир Мулла өмүрүн сактап калуу үчүн куфр менен соодалашпагандыгы мактоого арзыйт. Кабарларда айтылышынча, Бангладеш өкмөтү кечирим суроо үчүн Муллага эки апта убакыт берген, а бирок, Мулла куфр өкмөтүнөн кечирим суроодон баш тарткан жана ага караганда өлүмдү абзел көрүшүн билдирген. Ал: “Бизге кулдук кыласын деп айтышты, мен болсо, андан көрө асып өлтүргүлө, деп айттым”, – деди.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн билдиришинче, акыркы жолугушуусунда Абдулкадир Мулла өлүмүнөн мурда аларга: “Менин күнөөм Аллахтан башкасына кулдук кылбагандыгым. Бизге кулдук кыласын деп айтышты, мен болсо аларга, андан көрө асып өлтүргүлө дедим. Мен эч кандай кылмыш кылбадым. Шейиттик элдин баарына эле насип кыла бербейт. Аллах мага шейиттикти насип кылса өзүмдү бактылуу сеземин. Шейиттик өмүрүмдөгү эӊ чоӊ утуш болот. Менин каным Исламий кыймылдарды бутка тургузат”, “Менин шейиттигимден Бангладеш Ислам мамлекети үчүн пайдалангыла”, – деди.

Дүйнөнүн ар жеринде, ошону менен бирге Пакистан жана Түркиянын бир нече шаарларында Абдулкадир Мулла үчүн жаназа намазы окулду.

Стамбулдун Фатих аймагында Абдулкадир Мулланын өлтүрүлүшүн каралап калыс мусулмандар тарабынан демонстрациялар уюштурулду.

“Канкор Хасина жооп берет! Бангладеште Ислам жеӊишке жетишет!”, “Мусулман зулумга баш ийбейт!”, – деген ураандар жазылган лозунгдарды жана “Бизге кулдук кыласын деп айтышты, мен болсо андан көрө асып өлтүргүлө, дедим”, “Кафирлердин кечиримин четке кагып, шейиттикти тандагандар биздин сыймыгыбыз!”, –  деп жазылган плакаттарды көтөрүп алган көпчүлүк Бенгал өкмөтүн катуу каралады. О.э. Сирияда шейит болгон “Ливоут Тавхид”жамаатынын жетекчиси Абдулкадир Солих менен Абдулкадир Мулланын жанма-жан сүрөттөрүнүн алдындагы “бул үммөт Абдулкадирлери менен тирүү” деген жазуу көӊүлдү бурду.

Демонстрация маалында сөзгө чыккан Хизбут-Тахрирдин мүчөсү Махмуд Кар өз сөзүндө Абдулкадир Мулланын “менин шейиттигимден Бангладеш Ислам мамлекети үчүн пайдалангыла” деген сөзүнө басым жасады. Мулланын 40 жыл мурда Бангладештин Пакистандан бөлүнүп чыгышына каршылык кылгандыгын айтып өтүп,  Мулла бул аракети менен үммөт биримдигин каалагандыгын баса белгиледи. Махмуд Кар Ислам өлкөлөрүнүн жетекчилери жана Батыш мамлекеттери бул окуяга унчукпай карап тургандыгына көӊүл буруп: “Бул абал мусулмандар Исламий Халифалык мамлекетине муктаж экендигин көрсөтүп турат. Сириядагы Исламий каршылык Халифалык мамлекети тикелениши менен аякташы үчүн ар бирибиз мусулман катары иш-аракет алып барышыбыз керек”, – деп баса белгиледи.

5 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here