ЛОЯ ЖЫРГА ЖЫЙЫНЫ

319
0

Бул жыйында АКШ менен Афганистан ортосунда коопсуздук келишимин түзүү же түзбөө маселеси көтөрүлмөкчү. Анда Коопсуздук келишими (Bilateral Security Agreement) жана АКШ күчтөрүнүн макамы тууралуу (Status of Forces Agreement) долбоор сунуш кылынат.

“Лоя Жырганын” кечээки жыйынында АКШ президенти Барак Обама,соңку он эки жылдагы согушта кеткен катачылыктарды моюнга алып, АКШ аскерлери ооган үйлөрү менен мечиттерге жасалуучу америкалык күчтөр “өзгөчө шарттар” деген шылтоо менен афгандардын үйүн тинтпей турганын убада кылган катын жөнөткөн.

Бул болсо кезектеги АКШнын адамдардын ан-сезимин алдоочу амалдардан. Себеби мурун тинтүүнү Америка аскери жүргүзгөн болсо, эми афган аскерлери жүргүзө турган болот. Демек ушундай жол менен Америка аскерлери бул балээден кутулмакчы.

Муну менен катар Вашингтон эгер талаптары аткарылбаса, сүйлөшүүлөрдү токтотуп, аскерлерин келерки жылы түгөл алып чыгып кетерин белгилеген.

Америка аскерлерин алып чыгып кетем деп коркуткандай түр көрсөткөнү менен эч качан бул аймактан чыгып кете турган ниети жок. Анткени ал буга чейинки курмандыктарын “демократияны орнотуу” жана кайра жөн эле чыгып кетүү үчүн берген эмес. Анын Афганстанды басып алуудагы башкы максаты – колонизаторлук кызыкчылыктары. Алар: 1.Өлкө байлыктарын тоноо; 2. башка мамлекеттердин байлыктарын ташып кетүүдө Афганстандан транзиттик өлкө катары пайдалануу; 3. Кытай жана Россиянын кеңейишине каршы андан стратегиялык чекит катары пайдалануу.

Талдоочу Майкл Шейнктин айтуусунда, эгер Лоя Жырга жактырбай койсо, Кошмо Штаттар   Ооганстандан кетип калуусу мүмкүн: “АКШ мындай учурда, америкалык коомчулукка биз Лоя Жырга аркылуу мунасага жетиш үчүн Карзай жана жергиликтүү лидерлер менен иштешүүгө аракеттендик, бирок алар бизди жээришти, биз эми эркибизди таңуулай албайбыз жана кетебиз деп айта алат”.

Негизи, АКШда ооган согушуна карата коомдук колдоонун деңгээли абдан эле төмөн. Америка калкы ал жакта аскерлердин кырылышын эп көрбөйт о.э.элдин эсебинен кетип жаткан сарп-каражаттарды сактап калууну каалайт. Ошондуктан, Америка аскердик жоготууларын токтотуп, каражаттарын сапырылуудан сактоо үчүн кошуунун алып чыгат. Лоя Жырга макул болсо, жергиликтүү малайларын сактап туруу үчүн 15 000 аскериначыктан-ачык таштап кетет. Эгер макул болбосо, анда да ошончо кызматкерин жашыруун таштап кетет. Мында ал кызматкерлер жарандык формада калышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here