ОШТО МИТИНГ БОЛУП ӨТТҮ

954
0

22-ноябрь күнү Ош шаарында парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибековдун тарапкечтери митинг өткөрүштү.

Митингде сөзгө чыккан мурдагы депутат Камчыбек Ташиевдин айтымында, өкмөттүн мыйзамсыз аракеттери элдин нааразылыгын күчөтүүдө.

Камчыбек Ташиев: “Биз буга чейин да элди мыйзамдарды сыйлоого чакырып келгенбиз. А бирок, бүгүн өкмөттүн өзү мыйзамды бузуп Акматбек Келдибековду камакка алды. Эгерде ал чындап эле айыптуу болсо, анда мыйзам чегинде суракка чакырышсын. Аны жарым жолдон кармап кеткидей адам өлтүргөн жок да. Эгерде өкмөттүн өзү мыйзамга моюн сунбаса, анда элдин өзү мыйзамдарды өзгөртүп, өкмөттү алуунун убагы келди. Мен сиздерди бүгүн жана эртеӊ мыйзамсыз аракеттерди кылбастыкка чакырамын. Эгер ушундан кийин да өкмөттүн өзү мыйзамга моюн сунбастыкты уланта бере турган болсо, биз да ошондой жолго кадам коёбуз”, – деди. Мындан тышкары мурунку депутаттын баса белгилешинче, өкмөттүн мындай аракеттери бүтүндөй Кыргызстан калкынын нааразылыгын күчөтүүдө.

Ошто болуп өткөн митингде жети бөлүмдөн турган токтом кабыл алынды, алар төмөнкүлөр:

  1. “Кумтөр” маселесин чечүү. “Кумтөр”дү мамлекеттик мүлкккө айландыруу;
  2. “Кыргызгаз” ишканасын чет элдик компанияга бекерге бербестик. “Кыргызгаз”ды 1 долларга сатмакчы болгон кызматкерлерди кылмыш жообуна тартуу;
  3. “Кумтөр” жана “Кыргызгаз”дын сатылышына каршылык билдиргени үчүн камакка алынган депутат Акматбек Келдибековду азаттыкка чыгаруу;
  4. Парламенттеги “Ата Журт” партиясынын мурунку депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорду актоо;
  5. Өкмөт Саруу айылынын калкын куугунтуктоону токтотуу. Аларды акаараттаган укук коргоо органдарынын кызматкерлердини жоопкерчиликке тартылуусу;
  6. Мамлекетти башкара албай жаткан жана мамлекетти түндүк-түштүккө бөлүп жаткан президент Алмазбек Атамбаев тезинен отставкага кетсин;
  7. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, мамлекеттин бардык аймактарында элди бийлик орнотулат.

Бүгүн сот Акматбек Келдибековду эки айга камакта кармап турууга өкүм чыгарды.

Туркистон:

Албетте, кыргыз президенти да жазды күтүп отурбастан, натыйжасы кандай болушу анык болбогон багытта оппозицияга каршы күрөштү баштап жиберди.

Жазында кырдаал курчуп кетишин ал жакшы билет. Себеби, абалдар оппозициялык күчтөрдүн мекенчилдиген келип чыкпагандыгын, Атамбаев өзүнүн бийликке келишинин тарыхынан жакшы билет. Ал да кудум азыркы оппозиция сыяктуу, Бакиевди кыргыздардын мүлкүн талап-тоногондукта, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып мамлекеттин жана элдин мүлкүн өздөштүрүп алууда айыптап чыккан, дагы кудум ушул Кумтөр маселесин да көтөргөн эле. Эми өзү да Бакиевдин кудум ошондогу абалына түшүп калды. Кызыгы, алардын фактылар менен келтирип жаткан далилдерин бул да танып, кудум Бакиев сыяктуу сот жана күч структураларын, өзүнүн кызыкчылыктарын көздөй бир тараптуу пайдалана баштады. Акыйкатта болсо, Атамбаевдин бийликтеги орду ошол кездеги Бакиевдин бийликтеги ордунан бекемирээк эмес. Бирок, оппозиция да мурункулардан бир топ алсыз.

Демек, маселе бул эки тарапты колдоп жибере турган эл аралык саясаттагы чоӊ мамлекеттердин таасирине байланыштуу. Булардын экөө теӊ алардын колдорундагы курал сыяктуу болуп, алар өзүнүн кызыкчылыктарына ылайык иштете алышат. Мисалы: Атамбаев Россия менен АКШнын ортосунда калды. Ал экөөнү теӊ ыраазы кылууну каалайт. Бирок, абал муну четке кагып, эки тарап теӊ андан өз кызыкчылыктарын бир тараптуу чечип беришин талап кылып басым өткөрүп келет. Россияны ыраазы кылуу максатында Манастан НАТОнун базасын чыгарып жаткан болсо, Түркияны ортомчу ылып АКШ менен да мамилелерин кайрадан оӊдоого аракеттенип жатат. Кээ бир маалыматтарга караганда, АКШ менен жашыруун келишимдерди түзүп жаткан имиш о.э. АКШ Кыргызстандагы элчиканасынын астына эӊ керектүү болгон жана Россияны коркунучка салган байланыш толкундарын көзөмөл кылуучу технологияларын жайгаштыруу максатында жер астында база даярдап жаткан имиш. Эгерде ал ушул иштер менен АКШны да ыраазы кыла алган болсо, оппозициялык күчтөргө каршы коркпостон чабуулга өтүшү анык. Себеби, бийликти кулатуу үчүн алып барылуучу бардык аракеттер ушул чоӊ мамлекеттердин биринин колдоосу менен ишке ашат. Себеби, оппозиция алып барып жаткан аракеттер ынкылаптык идеологиялык күрөш эмес, тескерисинче, материалдык пайдаларга ээ болуу, же өздөрүндөгү байлыктарды бийлик аркылуу сактап калуу максатындагы күрөш болуп эсептелет. Адатта бул күрөш, дээрлик максатсыз, натыйжалары тууралуу анык бир элестете албаган жана алардын тили менен айтканда экстремисттик көрүнүштө алып барылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here