ДООМАТ

304
0

Кече массалык маалымат каражаттарында мурун оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиевдин интервьюсу кеңири таркатылды. Анда Өмүралиев оппозициянын бийликти кулатуу үчүн түзгөн планын ашкереленгендиги камтылган. Ал берген маалыматка ылайык, бул планды ишке ашырууга Хизбут-Тахрир жигиттери тартылыптыр.

Өмүралиевдин айтымында, оппозиция планы үч проекттен турат жана анын экинчи “грандиозный” проектиси “Юпи” деп аталат. Бул проект боюнча, элди бийликке каршы тукуруу үчүн балыктарды жасалма түрдө ууландыруу амалияты ишке ашырылат экен. Эми так мына ушул жерден, монтаждалган тасмада Хизбут-Тахрир кепке кошулат.

Тасмадан көздөлгөн маани боюнча, экинчи долбоорду ишке ашыруу амалияты  Хизбут-Тахрир жигиттери менен келишилген имиш.

Негизи, арсыз кимсе тарабынан айтылган мындай арзыбас куру дооматтар раддия берүүгө арзыбайт. Бирок анткени менен, бул окуядагы айрым бир позицияларга карата өз оюбузду билдирип коюуну туура таптык.

Өмүралиевге карата

Урматтуу Эрлан мырза, белгилүү болгондой, Батыш колонизаторлугу мамлекетибиздин саясатчыларын бийлик-оппозиция, оппозиция-пропозиция, расмий оппозиция жана көмүскө оппозиция ж.б.ж.б. позицияларга бөлүп таштаган. Өз кезегинде бул саясатчылар – колонизаторлор убада кылган жугундулар үчүн – калкыбызды регионалдык, партиялык же башка негиздерде ыдыратып, өз ара ыркыраштырып коюуда. Муну менен бул саясатчылар колонизаторлорго малайлык кылып, өз элин өзгөлөргө кул кылып берүүдө.

Ошондуктан, сиз дагы колонизаторлордун мындай ыкмаларына кызмат кылып, бирде бийликтин, бирде оппозициянын алды-артын ачып жүрө бербестен,  мамлекетибиздеги колонизаторлор пландарын ашкерелеп, алардын таасирлерин түп-тамырынан бери соолтууга кызмат кылыңыз.

Мусулманчылык жана эржигитчилик ариетиңиз сизден мына ушуну талап кылат.

Бийликке карата

Акаев убагындагы коопсуздук кызматы эч бир далилсиз эле, Хизбут-Тахрирди ошол кездеги оппозицияга жабыштырып, көп жолу доомат таштарын ыргыткан жана түрдүү ушактарды таркаткан. “Аксыдан Ошко жөө жүрүшкө чыккандар Хизбут-Тахрирге кошулуп кетиптир” деген, “Жалалабаддагы митингди оппозиция Хизбут-Тахрир менен биргеликте уюштуруп жатыптыр” деген…

Анда элдин саясий аң-сезими кыйла төмөн болушуна карабастан, калк мындай жалган жалааларды жомок катары кабылдашкан. Ошентип, бул дооматтар Акаевди “айдалуудан” сактап кала албай, ал түкүрүккө айланды.

Кийин Бакиев убагында Хизбут-Тахрирге доомат таштарын жаадырып, аны доого жыгууга болгон аракеттер Акаев доорундагыдан да күчөп кеткен. Коопсуздук кызматы, терракт тиякта турсун жөн эле митингдерде Хизбут-Тахрир аралашып жаткандыгы тууралуу каңшаарларды таркаткан. Бирок, мындай дооматтарга айрым бир аңкоо адамдар эле ишенбесе, калган калк тарабынан алар катардагы калп катары кабыл алынып, бакиевчилердин жалганы чыккан. УКМК ушакчыларынын мындай дооматтары да Бакиевди “качуудан” сактап кала албады жана ал какырыкка айланды.

Жогорудан байкалгандай, залим акимдер качан калкты алаксыткысы келсе, ар дайым Хизбут-Тахрирге асылып, ага каршы күрөш баштай беришти. “Балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат” демекчи, митингдерден бир аз убакытка кутула түшсө эле ушундай кыла беришти. Бирок, алар Хизбут-Тахрирге каршы күрөшүү Исламга каршы күрөшүү экенин, алардын бийлиги арзыбас дүйнө матасы экенин, ал эми Ислам болсо түбөлүктүү мабда экенин түшүнүшкөн жок.

Азыркы бийлик да кичине эс ала түшсө эле Хизбут-Тахрирге асылууну өзүнө эп көрүп алды.

Эрлан Өмүралиевдин интервьюсу да УКМК ушакчыларынын заказы менен даярдалып, андан бийликтин Хизбут-Тахрирди бутага алуу саясатынын жагымсыз жыты уруп турат.

Хизбут-Тахрир бүткүл дүйнөлүк партия болуп, ал өз тарыхында мындай залимдердин далайын көрдү. Саддам Хусайн, Муаммар Каддафи сыяктууларды көрдү. Ал залимдер ит өлүмү менен өлүп кетишти, ал эми Хизбут-Тахрир улам өнүгүп, улам максатына карай жакындашып келет. Ошондуктан, биз азыркы “дөңгөч” бийликти да “чимкирикке” айланып калардан мурда эсине келүүгө чакырабыз.

Колонизатор кафирлер менен ар түрдүү кыянатчыл келишимге барбастан, андай келишимдерди ар кандай айла-амалдар менен жаап-жашырбастан, Алла Таалага жүздөнүүгө чакырабыз.

Көмүскө оппозицияга карата

Тарыхтан белгилүү болгондой, ири державалар майда мамлекеттерде ар дайым малай саясатчыларды кармап келишкен. Биринен кутулгусу келсе экинчисин кубаттап, улам өздөрүнө малай бийликти тикелеп турушкан. Ал малайлар болсо өз калкын кан соргуч баскынчыларга кул кылып беришкен. Бүгүнкү империялардын саясаты да так ушундай.

Эй оппозициячылар, карабайсыңарбы, мамлекетибизде канча жылдан бери оппозиция жашап келет, жарытылуу бир натыйжа бердиби. Элди ит талашка салгандан башка эмне кылды өзү. Оппозиционер аталган кимселер бийликке келишкенде эмнени кылып кыйратышты. Ал тургай азыркы оппозициядагылар да бир кездерде бийлик күрсүлөрүндө олтурбадыңар беле. Эми колонизатор капиталисттер көрсөтүп койгон жол менен бийликке келгенден кийин да эмнени кылып кыйратмак элеңер жана кандай жолдор менен жыргатмак элеңер. Баягы эле капитализм да.

Ошондуктан, биз силерди саясий күрөштү Пайгамбар а.с. көрсөткөн жол менен алып барууга чакырабыз жана колонизаторлордун пландарын, куулук-шумдуктарын ачып таштоого үндөйбүз.

Капиталисттик идеология ээлерине малай болбой, Ислам идеологиясынын ээлери болуп, чыныгы саясатчылардан болууга чакырабыз.

Калкка карата

Оо калдайган калың журт! Саясатта силердин да өз ордуңар бар. Силер бийликти тергеп-тескеш менен саясатка салым кошосуңар. Азыркы акимдериңер силерди салык төккүч жана добуш бергич бир жандык катары гана карашат. Алар силерди саясий аң-сезимсиз кармап турууга урунушат. Аң-сезимге толо элек жаш балдарды улуулар “бөкөчө келатат” деп коркутканына көп күбө болгонбуз. Азыр болсо акимдериңер силерди “диний экстремизм жана терроризм” менен коркутуп жатышат. Булардын “бөкөчөсү” ушул. Негизи, бөкөчө качан эле арабызды бүлүндүрүп бүткөн. Уурулук, каракчылык, сойкулук, бузукулук, никесиз бойго бүтүү, зордуктоо, бойдон алдыруу, ажырашуу, адам өлтүрүү, паракордук ж.б.ж.б. туу чокусуна чыкты го. Эми дагы кайсы “экстремизмден” коркуп жатасыңар? “Калкына жараша каны” демекчи, эгер силер исламий саясий аң-сезимге ээ болсоңор, акимдериңер силерди алдай албай калышат. Алардын жалган жалаа, куру дооматтары суу кечпей калат, ошентип силер акыйкат жана адилетти орнотууга жетише аласыңар!

Хизбут-Тахрир позициясы

Хизбут-Тахрир дооматчынын дооматынан коркпостон өз жолун уланта берет.

Хизбут-Тахрир саясий күрөш Пайгамбар а.с.дын сүннөтү боюнча алып барылышы керек деп билет жана бийлик-оппозиция күрөшү сыяктуу кафирлер түзүп берген жолдордон жүрбөйт. “Юпи” сыяктуу операцияга катышмак турсун, УКМК сыяктуу ушак таратпайт.

Хизбут-Тахрир бүткүл дүйнөлүк мабдаий саясий партия болуп, кафирлер түзүп койгон мамлекетчелердеги малайлардын саясаттарына аралашпайт.

Кум-Төр сыяктуу кен-байлыктар шарият боюнча жалпы элдик мүлк болуп эсептелет. Ошондуктан, Хизбут-Тахрир анын пайдалары жалпы элдин кызыкчылыктарына кызмат кылышы керек деп эсептейт. Мындан башка бийлик алга сүрүп жаткан да, оппозиция айтып жаткан да чечимдердин эч бирин кабыл албайт.

09.09 2013.

Усмон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here