ЖЕСЕ ЖАПАНДАРДЫН АКЧАСЫН ЖЕПТИР ДА..

339
0

1999-жылкы Баткен окуяларында, айрым Кыргызстан жана Тажикистан чиновниктери жапан геологдорун куткаруу үчүн Жапания тарабынан берилген $3 млн. акчаны өз ара бөлүштүрүп алышкан. Бул тууралуу 6-сентябрда АКИpress агенттигине ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулу билдирген.

Анын айтымында, жапан геологдорун жана кыргыз аскерийлерин туткунга алган тарап айырбаштоо акысы үчүн эч кандай акча талап кылган эмес.

«Биздин чиновниктер, алардын ичинде УКМК башчысы Болот Жанузаков жана Коргонуу Кңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдор бар, Япония элчисинен 3 млн доллар алышкан. Алар бу акчаны Тажикистан коргоо министри Мирзо Зиёев ж.б. тажик аскерийлери менен бөлүп алышкан. Бул Кыргызстан тарыхында калган кара так болду», – деди ал.

Дагы элдеп элдик президент Аскар Акаевдин көрсөтмөсүнө таң калганын айтат:

«Ал эң алгач жапан геологдорун, андан кийин биздин аскер жана милиционерлерди куткаргыла деп көрсөтмө берди. Бул мени айран калтырды жана мен анын тескерисин кылдым» – деп, “эчтен көрө кеч” кеп салат элдик депутат.

Түштөн кийин айтып эмне кылат муну, жесе жапандардын акчасын жептир да, Бакир уулунун чөнтөгүнөн кетиптирби дегендер да жок эмес баягы сугалак чиновниктердин арасында. Анткени, Баткен окуясына жамынып баатыр болгондор канча, анда төгүлгөн кандардан саясатта пайдалангандар канча…

Бирок, алардын баары Россиянын эл аралык саясаттагы оюнуна оюнчук болуп беришкенин биле беришпейт. Анткени, алар – маңкурт малайлар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here