ОБАМАГА ЭМНЕ БОЛДУ?

429
8

Туркистон: 

АКШны Сирияга чабуул кылуудан эмне тосуп жатат? Чындыгында эле Петербургда өткөрүлгөн саммиттеги Россия баш болгон чоӊ мамлекеттерби же АКШнын ички саясатындагы келишпөөчүлүктөрбү? Балким булардын баары Ислам менен болуп жаткан идеологиялык күрөштө аларга пайдалуу болушунда күмөн пайда болуп жаткандыгында болуп жүрбөсүн. Бирок, алар баары бир кырдаалды көзөмөлгө алууга аракет кылып көрүшөт.

АКШнын максаты, ушундай жол аркылуу – кудум Франция Ливияда кылганы сыяктуу – аскерий аралашуулар аркылуу Сириядагы кырдаалды көзөмөлгө алуу болчу. Бирок, ал ар тараптуу өлчөп көрдү, кырдаал ал ойлогондой эмес т.а. Саудия баш болгон араб өлкөлөрү ал тургай Түркия бул аскерий баскынчылыкты жактаганда Сирия калкы да бул баскынчылыкты колдоп жиберер бекен деген үмүтү бар болчу. Бирок, андай болбоду. Бул болсо, АКШнын пландарына тескери абал болчу.

Ал ушундай жол аркылуу Сирия калкын экиге же андан да көпкө бөлүп, аны Асаддын үстүнөн жеӊишин моюнга алган топту жетекчи топко айландырып, оппозициялык коалицияны алардын колдоосу менен бийликке алып келмекчи болду. Ошону менен ал региондогу кырдаалга Россия менен анын союздаштарынын ар кандай аралашууларын жокко чыгарган болот эле. Бирок, согушту токтотуу ниети жок эле.

Обама чындыгында планы жокко чыккандыгын акыркы сөздөрүндө тымызын моюнга алды. Ал конгресс талаптарынын бирине да ачык жооп бере албады. Бул аскерий жүрүш кандай пайда алып келет жана максат эмне деген багыттагы суроолорго жооп бере албады. Ал планы жокко чыкканын, Асаддын режимин жок кылуу ниети жоктугун жана бул иш теӊ салмактуулукту бузушу мүмкүн экендигин айтуу менен моюнга алды. Андан кийин Россия менен сүйлөшүүлөр эшиги ачык экендигин айтканда, мурдагы планга кайткандыгына ишара кылды.

Обаманын бул катасын  түшүнүп жеткен Путин, ал саммитке Россияга келгенде, ал тургай, аны тосуп да чыкпады.  Анткени, бул ката жүрүш Россияга эле эмес, башка куфр мамлекеттеринин да кызыкчылыктарына тескери келет болчу.

Ал эми  АКШ Шам өлкөсүн курчап алды. Бирок, аскерий иштерди кандай алып баруунун эмдиги аракеттери, дүйнө мусулмандарынын мамилелерине да байланыштуу болот.

Идеологиялык кубаттын жана күрөштүн кудурети өтө күчтүү экенин үммөт сезе баштады. Сириядагы болуп жаткан жараяндар т.а. ушунча чоӊ кудурет, дүйнө теӊеле албай турган аскерий кубат калктын идеологиялык дүйнө караштары алдында, металлоломдорго айланды. Жакында ушул кубат аларды өз өлкөлөрүнө кандай чегиндиришин көрсөтөт Инша Аллах.

8 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here