АКШ БАРДЫК АСКЕРЛЕРИН АЛЫП ЧЫГЫП КЕТҮҮ МЕНЕН КОРКУТУУДА

297
0

Афганистан президенти Хамид Карзай Лоя Жирга тарабынан иштелип чыккан келишимге кол коюуга шашылбастыгын билдирди. Афган аксакалдар кеңеши – Лоя Жирга АКШ менен түзүлгөн НАТО аскерлеринин Афганистанда туруктуу калышы туурасындагы коопсуздук боюнча келишимге тездик менен кол коюуну сунуштаган эле.

Карзайдын айтымында, АКШ тынчтыкты камсыздоо боюнча берген убадаларын аткарышын көрүү үчүн бир аз убакыт күтүү керек. Ал эки тараптуу келишимге кол коюуну апрель айында болуп өтүүчү президенттик шайлоодон кийинкиге калтырмакчы. АКШ болсо келишимге кол коюунун кечиктирилишине каршы.

АКШ расмийлеринин талабы боюнча, аскерлерди Афганистанда калтыруу боюнча узак мөөнөттүү планды иштеп чыгуу үчүн жылдын аягына чейин келишимге кол коюлушу керек. Келишимде АКШ аскерлеринин мамлекетте калышы жана Талибанга каршы күрөштө өкмөткө жардам бериши шарттары камтылган.

Жакынкы күндөрдө Карзай келишимге кол койбосо 2014-жылдын аягына чейин АКШ бардык аскерлерин алып чыгып кетүү менен коркутууда. Бул чечим Улуттук коопсуздук боюнча АКШнын мамлекеттик кеӊешчиси Сюзан Райс президент Хамид Карзай менен жолугушкандан кийин кабарланды.

Райс келишимге кол коюунун кечиктирилиши АКШ жана НАТОнун 2014-жылдан кийин Афганистанда турушу планын ачык бир көрүнүштө жокко чыгара тургандыгын билдирди.

Туркистон:

АКШ менен Карзай ортосундагы кудум карама-каршылыкка окшош нерсенин айлакер планын караӊыз. Лоя Жирга бул саясий айла-амалды балким сезбей жаткан болушу да мүмкүн. Согуш түпкүлүгүндө Талибанга каршы АКШ тарабынан баскынчылык менен башталган. Карзай жана азыркы бийлик бул согушта НАТОнун ити сыяктуу позицияны ээлеп келди. Эми АКШ НАТОнун жардамында бул согушта уттуруп, качуунун жолдорун издеп жатат. Жогорудагы тартышууларга назар салыӊыз, АКШ аскерлеринин Афган бийлигине Талибдер менен жүрүп жаткан согушта жардам берүү келишимине кол коюлушу талап кылынууда. АКШ согуштун жүрүшүн бүтүндөй башка тарапка буруп, өзү бүтүндөй тышкарыдагы көзөмөлчүгө айланат. Ушул максатына жетүүдө Карзай ага жардам берүүдө.

Түпкүлүгүндө, бардык ыпыластыктар үчүн – АКШ Афганистан өкмөтүнөн эмес – бүт дүйнө АКШдан отчёт талап кылышы керек болчу. Афганистан өкмөтү болсо, иттей кызмат кылып, акырында иттин күнү башына түштү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here