ЖЕНЕВА-2 КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛӨ ТУРГАН КҮН ЖАРЫЯ КЫЛЫНДЫ

328
0

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Женева-2 конференциясы өткөрүлүүчү күндү жарыя кылды. Пан Ги Мундун айтымында, Сирия проблемасы башталгандан 32 ай өткөндөн кийин т.а. 22-январь күнү Сирия режими жана оппозициялык күчтөрдүн өкүлдөрү биринчи жолу Женевада жолугуша турган болушту.

Сирия туурасындагы бул тарыхий конференциянын убактысын жарыя кылуудан мурда БУУнун баш катчысы “бул арзууга алып баруучу маанилүү кадам” деп айтты.

Пан Ги Мун жолугушууга катыша турган адамдар тууралуу маалымат бербеди о.э. Ирандын бул жолугушууга чакырылгандыгын же чакырылбагандыгын да ачыктабады. Бул АКШ жана Россия ортосундагы талаштуу маселе болуп эсептелет. Алар Ирандын катышуусу жөнүндө бир чечимге келише элек.

БУУнун басма сөз катчысы Мартин Несиркинин айтымында, БУУнун баш катчысы сириялык өкүлдөрдүн Женевага келишин күтүүдө.

Мартин Несиркинин Пан Ги Мундун сөзүн келтирип айтышынча, күрөш узак убакыттан бери уланып келүүдө. Бул ыӊгайлуу учурду өткөрүп жиберүү кечирилбей турган иш.

Бул арада Сирия улуттук коалициясынын мүчөсү Мунзир Акбик Стамбулдан туруп ал-Арабийя телеканалына телефон аркылуу “улуттук коалиция Женева-2 конференциянын мөөнөтү белгиленгендигин алкыштайт” деди. Мындан тышкары, ал Сирия улуттук коалициясынын талаптарын эл аралык коомчулук түшүнгөндүгүнө ыраазы экендигин билдирди.

Бирок, БУУ жана Араб мамлекеттери лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Лахдар Брахими Женева-2 конференциясы алдын ала коюла турган шарттарсыз баштала тургандыгын баса белгиледи. Ал Женева-2 конференциясы аркылуу убактылуу өкмөттүн ыйгарым укуктары талкуу кылынышына ишара кылып, “бул конференция аркылуу Женева-1 токтомун ишке ашырууга киришебиз” деди.

Эскерте кетүүчү нерсе, “Женева-1” конференциясында президент Асаддын бийликтен кетиши маселеси ачык калган болчу.

Туркистон:  

Бул конференциянын куфр дүйнөсү үчүн мааниси эмнеде? Исламий ынкылаптык кыймылдардын дээрлик катышуусусуз өтүшү күтүлүп жаткан бул конференцияда, бир добуштан убактылуу өкмөт тастыкталышы жана ал дүйнөлүк системанын канаты астына алынышы о.э. ага каршы аракеттердин бардыгы ынкылапка каршы террордук кыймылдар деп жарыя кылынышы күтүлүүдө. Алар бул документтин артында мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан согуштарын расмийлештирип алышмакчы. Кудум тарыхта НАТОго каршы Женева шартнамасы астына бир нече мамлекеттер бириккени сыяктуу эле, буга да дүйнөнүн ар тарабынан мамлекеттер мажбурланышат. Алар учурда ишке ашырылып жаткан исламга жана адамгерчиликке туура келбей турган АКШ нын иш-аракеттерин макулдап, расмий түрдө тастыкташат. Жасалма оппозициялык коалицияны жана жасалма убактылуу өкмөттү да расмий түрдө таанышат. Бардыгы бир добуштан Ислам жана исламий аракет алып барып жаткан мусулмандарды четке кагышат. АКШ жана ага  жетеленип жаткан Россиянын, Женева 2 келишиминен көздөгөн максаттарынын негизги багыттары ушул жерде борборлошот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here