2013-ЖЫЛДЫН БИРИНЧИ ЖАРЫМ ЖЫЛДЫГЫНДА ӨЗБЕКСТАНДА КАЛКТЫН КИРЕШЕСИ 16,3%ГА “КӨБӨЙДҮ

350
0

Өзбекстан республикасы Олий Мажлисинин мыйзамчылык палатасынын кезектеги отуруму болуп өттү. Күн тартиби тастыкталгандан кийин, депутаттар мамлекеттик бюджеттин 2013-жылдын биринчи жарым жылдыктагы аткарылышын карап чыгышты.

Жыйында белгиленишинче, мамлекетте кабыл алынган экономикалык өнүктүрүүнүн “ўзимизга хос ва мос” (өзүбүзгө гана таандык жана өзүбүзгө гана ылайык) модели о.э. анын негизинде иштелип чыккан мамлекетти реформалоо жана модернизациялоо боюнча тыкыр ойлонулган программа принциптери жүзөгө чыккан. Ушундан улам, 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында туруктуу өсүш жана экономиканын макроэкономикалык шайкештиги камсыздалганы баса белгиленди. Мамлекетти өнүктүрүү, жаӊыртуу жана модернизациялоонун Өзбекстан жетекчилиги тарабынан туура тандалган стратегиясы себептүү, Вазирлар Махкамаси глобалдык кризиске каршы ийгиликтүү күрөшүүгө, мамлекеттин социалдык жана экономикалык өнүгүшүн о.э. калк жыргалчылыгынын өсүшүн камсыздоого жетишиптир.

Ошентип, 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында өнөржай продукцияларын иштеп чыгаруунун көлөмү 8,2%ды, айыл чарба продукцияларын иштеп чыгаруунун көлөмү 7,3%ды түзүп, ички дүӊ продукциянын өсүшү 8%ды көрсөткөн .

Ички талапты шайкеш көрүнүштө калыптандыруу о.э. мамлекеттин продукция иштеп чыгаруучуларын ар тараптуу колдоп-кубаттоо боюнча көрүлгөн иш-чаралар керектөө товарларын өндүрүү көлөмү 14,4 пайызга, чекене товар айлануусу 14,6 пайызга, кызмат көрсөтүү 16,1 пайызга өсүшүн камсыздаптыр.

Отурумда мамлекетти экономикалык-социалдык жактан өнүктүрүүнүн приоритеттүү милдеттеринин аткарылышы натыйжасында калктын кирешесинин туруктуу өсүшүн камсыздоого жетишилгендиги жана бул көрсөткүч 16,3 пайызга жеткендиги өзгөчө белгилеп өтүлдү.

 Туркистон:

Өз калкынын турмуштагы чындыгынан таптакыр үзүлүп калган Каримов башчылыгындагы Өзбекстан өкмөтү көп жылдардан бери мына ушундай калп цифралар менен адамдарды алдагандан чарчабайт.

 Эгерде Өзбекстан калкынын кирешелери мына ушул кагазда көрсөтүлгөн цифраларга аз да болсо жакыныраак болгондо барбы, анда миллиондогон өзбекстандыктар акча табуу үмүтүндө Россия жана башка мамлекеттерде кор болуп жүрбөй, өздөрүнүн “сүйүктүү” президентинен “дангасалар” деген сөздү укпай, өз төрлөрүндө балдары менен бапырап олтурган болушар эле. Энелер пахта теримге мажбурий мобилизацияланбай, арзыбаган пособие алуу үчүн эмчектеги балдарын кароосуз таштап, пахта талааларында “ыктыярдуу”жүрүшпөстөн, үйдүн куту болуп жүрүшөр эле.

 Өзбекстандын ИДП (ички дүӊ продукциясынын) өсүшү да, калктын кирешесинин өсүшү да мына ошол чет өлкөдө иштеп жүргөн “дангасалар”дын жөнөтүп жаткан каражаттары эсебинен болууда. Мына ошол мигранттар жөнөткөн акча 2012-жылы 6 миллиард 241 миллион АКШ долларына барабар болгон.

 Анткени, Өзбекстанда ички өндүрүш дээрлик изден чыккан. Ал эми иш кылууга жөндөмдүү адамдарга болсо  тааныш-билиштик, коррупция жана  текшерүүлөр бут тосууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here