РОССИЯНЫН ЖАЛДАНМА АСКЕРЛЕРИ АСАД ҮЧҮН СОГУШУП ЖАТАТ

277
0

Сирия козголоӊу башталгандан бүгүнкү күнгө чейин Россиянын Асадга ар түрдүү курал-жарак менен жардам берип келе жатканы белгилүү. Ал эми бүгүнкү күнгө келип, Россиянын жүздөгөн жалданма аскерлери Асад режими тарапта туруп согушуп жатканы белгилүү болду.

Россия федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысынын орунбасары Владимир Смирнов 300 менен 400дүн айланасындагы Россиянын жалданма аскерлери Асад режими тарапта туруп согушуп жатканын маалымдады.

Өткөн май айында федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников Россия, Европа жана Орто Азиядан баары болуп 200гө жакын жалданма аскердин Асад режими тарапта туруп согушуп жатканын божомолдогон эле. Бирок, анын орунбасары ашкере кылган цифралар болсо Россиянын өзүнөн барган жалданма аскерлердин саны божомол кылынгандан көп экендигин ачып таштады.

ФСБ башчысынын орунбасары Смирнов бул маалыматты ашкере кылып жатып, орус жалданма согушкерлеринин мекенге кайтуусу Россиянын коопсуздугу үчүн өтө чоӊ коркунуч туудурушу мүмкүн экендигин эскертти.

Россия мыйзамчылыгында бул маселеге тишелүү нерсе тууралуу бир да сөз кылынбагандыгын ачыктаган Смирнов: “Бул ишти жакшылап көрүп чыгышыбыз керек”, – деп баса белгиледи.

Смирнов Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынынан кийин баянат берип, бул тема жыйын убагында көтөрүлбөгөнүн, бирок, орус жооптуулары жекече көрүнүштө башка мамлекеттердин жетекчилери менен бул маселени талкуулашкандыгын айтып өттү. Анын айтышынча, башка мамлекеттер да ушул маселе боюнча тынчсыздануусун бидиришкен.

Туркистон: 

Россиянын Сирия маселесинде ээлеген позициясы анын дүйнөлүк коомчулук алдындагы аброюна өтө чоӊ зыянын тийгизди. Эми жогорудагы баянаттар тастыкталса, АКШ Сирия согушундагы провокацияга алып баруучу жырткычтыктардын баарын орус аскерлерине оодарууга катуу аракет кылышы мүмкүн. Себеби Путин айткандай, Асад режими Россияга караганда АКШга көбүрөөк жакын мамиледе.

АКШ Сирия маселесинде Россиядан өтө айлакердик менен пайдаланып келет. Ал өз кызыкчылыктары үчүн “Хизбуллахты” пайда кылууда жана аны камсыздап турууда Россия менен Ирандан пайдаланды. “Хизбуллах” болсо өз кезегинде, региондогу суннийлер менен шийалар теӊ салмактуулугун кармап туруудан тышкары, Израилге каршы провокациялык согуштарды пайда кылып, ага бир нече жерлерди басып алышына шарт түздү.

Россия болсо, Жакынкы Чыгыш маселелеринин чечимдеринде катышып жаткандай көрсөтүлүп жатканына ыраазы эле. Ал тургай, ал мына ошол арзыбаган катышуусунан ажырап калуудан кабатырланып, чоӊ саясий каталарды кетире баштады. Эгерде жогорудагы аскерий аралашуулары тастыкталса, бул анын саясий каталарынын кезектегиси болот.

Аскерий аралашуудан АКШ жана Европа мамлекеттери өздөрүн тыйып турушат. Себеби, бул аралашууда Афганистандагыдан кооптуураак акыбеттерге алып баруу ыктымалы көбүрөөк. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here