АКШ президенти Барак Обама кайсы укуктук негиздерге таянып Сирияга каршы аскерий чара көрүлүшү мүмкүн экендигин Америка калкына анык түшүндүрүп бериши керек. Бул жөнүндө шаршемби күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Джон Бейнер мамлекет жетекчисине жолдогон катта айтылат.
“Сиздин төмөнкү абалдарды түшүндүрүп беришиңиз өтө зарыл: күч иштетүү кайсы факторлорго негизделип укуктук жактан акталуусу мүмкүн болот; бул нерсенин Конгресстин конституциялык укугуна дал келүүсү кандай болот; Сирияга каршы аскерий чара АКШ максаттары жана милдеттери жүзөгө чыгышын кандайча камсыздап берет; канчалык ал сиздин жалпы саясатыӊызга дал келет – булардын баарын анык жана түз мааниде түшүндүрүп беришиңиз зарыл. Жана дагы мен сизден башкы командачы катары Америка калкына жана Конгресске түшүндүрүп беришиңизди сураймын: күтүлүп жаткан аскерий чара кантип АКШнын улуттук коопсуздугун камсыздай алат, кантип Америкага болгон ишенимди сактап кала алат, кантип келечекте химиялык курал колдонуштугун токтото алат?” – деп кайрылды республикачы төрага.
Мамлекет иерархиясында президенттен жана вице-президенттен кийинки үчүнчү адам болуп эсептелген Бейнер өз катында Обаманы дагы мындай суроолорго жооп беришин сурайт: Сирияга күч колдонгон убакта АКШ администрациясы кандай натыйжаларга жетишерине ишенет? Эгерде соккулар күтүлгөн натыйжага алып барбаса, кошумча аскерий аракеттер көрүлөбү? Аскерий иш-чаранын максаты Асаддын химиялык курал колдонушун тыюубу же күчтөр таразасын оппозиционерлердин пайдасына өзгөртүүбү? Асад күчтөрү АКШ кызыкчылыктарына кирүүчү буталарга же анын региондогу союздаштарына жооп соккусун берип калгыдай болсо, мындай абалга администрация даярбы? Эгерде Сирияга кылынган аскерий соккулар Иран, Россия сыяктуу чет элдик державалардын кызыкчылыктарына таасир этип калгыдай болсо, башка көрүлчү аракеттердин планы барбы? Эгерде аскерий операция созулуп кетсе, аны улантуу үчүн Конгресстен кошумча каражат суроо максаты барбы?
Мурдараак Бейнер Обаманы Сирияга карата кандайдыр аракеттерди кылууга өтүүдөн мурда Конгресс менен кеңешип алууга чакырган. Төраганын айтуусу боюнча, мындай “амалий кеӊештер” азырынча болгон эмес.
Туркистон:
29-август күнү башталышы күтүлүп жаткан согушту кийинкиге жылдыруу сөзүн сүйлөп жаткан Обама мындай деди: “Эгерде Сирияга согуш ачууга туура келсе, согуштун көлөмү чоӊ болбошу керек. Анткени, чоӊ масштабдагы бомбалоо, режим менен оппозиция ортосундагы теӊ салмактуулукту бузуп жибериши мүмкүн”. Ошол эле убакта ал Россия менен кырдаалдан чыгуу саясий жолдорду издөөдө кызматташууну уланта беришин баса белгиледи.
Обаманын анык бир чечимге келе албай жатканы, жогорудагы конгресмендердин суроолоруна анда толук жооптун жоктугуна, аныгыраак айтканда, ашкере кылуу мүмкүн болбогон максаттар жатканына далалат кылат.
Обама Асадды жазалоо сунушун таштап коюп, реакция күтө баштады. Бирок, ал ойлогондой деңгээлде мусулмандар тарабынан, айрыкча, Сирия опозициясы тарабынан ага карата ыраазычылыктар жана мактоолор жаай бербегенден кийин, ал экилене баштады. Анткени, анын пландары ичинде жоготуп бара жаткан аброюн кайрадан тикелөө маселеси да бар. Араб дүйнөсүндөгү аброюн тикелөө менен, ал Сирия оппозициялык күчтөрү менен Түркияга качып кетишкен министр жана генералдарды бириктирип, дагы бир жолу убактылуу өкмөт түзүп, андан пайдаланышы мүмкүн болот. Бирок, Ислам дүйнөсү аны ал күткөн даражада алкыштар менен күтүп албады. Тескерисинче, куфрга каршы жихад жарыяланып, Афганистандагы сыяктуу мусулмандардын биригип кетүүсү да күтүлүүдө.
Ушул маселелер чечимдеринин күӊүрттүгү Обаманы экилендирип турат. Ошондуктан, ал кичинерээк көлөмдө, болгону абадан бомбалап коюу менен, эл аралык коомчулуктун алдында өзүн актап алуу жөнүндө пикирлей баштады. Режим менен алып барылып жаткан согуш болсо, өз жолунда дагы улана берет. Бирок, аскерий кубаттарын алып кирүү жөнүндө бара жаткан сөздөргө караганда, АКШ Шамда жаңы аскерий базасын орнотмокчу. Бул базанын миссиясы, болгону тышкарыдан көзөмөл кылып туруу жана керек болгон учурда теӊ салмактуулукту кармап туруу үчүн бир тарапты куралдандыруу иштери менен алектенмекчи.
Эскерте кетсек, ал Афганистанда да так ушундай теӊ салмактуулукту сактоочу позицияны карманууга умтулууда.
Айырмасы, Шамда Халифалык шамалы жүрө баштады. Исламий мамлекеттердин саясий чөйрөлөрү жана жетекчи топтору мындан таасирлене башташты. Батыш дүйнөсү куфр системасынын идеологиялык күрөштө жеӊилгендигин моюнга алган абалында, аскерий кубат менен кырдаалды кармап турмакчы. Бирок, бул күрөш т.а. идеологияга каршы аскерий күрөш алып баруу көпкө созулбайт, муну идеолог эмес ал тургай саясат таануучулар да жакшы билишет. Бул куфр доӊузунун акыркы чабуулу десек да болот. Ал эми, мындан кийинки алардын саясий чөйрөлөрү Ислам системасы менен кандай мамиле кылуу өздөрүнө пайдалуу болушу жаатында калыптанат, Инша Аллах.