ШАМ “ШАМАЛДАРЫ”

367
0

Сирия конфликти эл аралык деңгээлде кайра курчуду. 21-августта бир катар массалык маалымат каражаттары Асад кошууну жалпы элге карата химкурал колдонгондугун жана көптөгөн адамдар курман болушканын таркатышкан. Андан соң Түндүк Альянс мамлекеттери ачыктан-ачык Коопсуздук Кеңешинин санкциясы жок эле сирия маселесине аскерий жактан аралашуулары мүмкүн экендигин жарыялашкан.

Россия дипломаттары Сирияга согуштук сокку берүү БУУ уставынын орчундуу көрсөтмөлөрүнө жана эл аралык укукка каршы чыгуу болуп эсептелет, ошондуктан маселе дипломатиялык жол менен чечилиши керек деп билдиришүүдө.

Муну менен Россия эл аралык маселелерде сүйлөй турган өз сөзү бар экендигин көрсөткүсү гана келип жатат, негизи болсо, ал мурункудай эле Америка “заказын” аткарууда.

Кытай позициясы да бул маселеде Россияныкынан айырмаланбайт.

Британия Сирия бийлигинин химкурал колдонгонун каралаган о.э. “катардагы жарандарды коргоо үчүн иш-чараларды көрүү”гө санкция бере турган резолюция долбоорун даярдап, аны бейшембиге оогон түнү КоопКеңешинин 5 туруктуу мүчөсү карап чыгууну баштаган. Бирок, анын жыйынтыктарынан али эч нерсе дайынсыз. О.э. бул долбоорду Коопсуздук Кеңешинин толук курамы качан карай турганы да белгисиз.

Ушул эле  учурда, Британия Сирияга аралашуу үчүн БУУ эксперттеринин тыянагын жана КоопКеңешинин санкциясын күтө турганын жарыялады.

Ал муну менен Америка көзүн боёп жатат. Негизи, Американы аскерий аралашууга аргасыз кептеп коюуда Британиянын орду чоң, бирок, ал Американын аскерий аралашуусуз чечүү же аскерий аралашууну артка сүрүү позициясына көмөк көрсөтүп, өзүнүн чыныгы жүзүн жашырып калууда.

Америка бейшембиден жумага өтөр түнү Сирия бийлигине каршы сокку согору жөнүндө айтып жатты эле, эми болсо аскерий аралашууну артка сүрүү үчүн бир нече иштерди жасагандан кийин, ал билдирүүсүнөн акырын чегинүүдө.

Обама шаршембиден бейшембиге оогон түнү интервью берип, Дамаскка чабуул жасоо боюнча чечим кабыл алына электигин айтты.

Мындан сырткары, Обама “мындай аскерий аралашуу карапайым калктын мындан аркы кырылышын токтото албайт” деп моюнга алды жана о.э. Асад “эми мунусун кайталабашы үчүн жетиштүү деңгээлдеги күчтүү сигналды алат” деп кошумчалады.

Бул дегени, Шам калкы Америкага баш ийгенче кыргын кылышы үчүн Башарды азырынча аман алып калабыз дегени.

О.э. Обама Россия жана башка эл аралык оюнчулар менен бул маселени чечүү жана варианттарды талкуулоо үмүтүндө экенин билдирди.

Бул анын аскерий аралашуудан кутулуу же аны артка сүрүү аракети. Бирок, Америка Сирияга эң биринчи бастырып кирүүгө дапдаяр.

Франция болсо Сирия жээктерине өзүнүн эң заманавий «Шевалье Поль» согуштук кемесин жөнөттү.

«Шевалье Поль» Чыгыш Жер Ортолук деңизинде дагы ушуга окшогон төрт кемеден турган АКШ аскерий деңиз күчтөрүнө кошулат. О.э. бул корабль Леванта жээктеринде жайгашкан англиялык жана америкалык суу асты кемелери менен кызматташтыкта аракеттенет.

Франция аскерий аралашууга абдан кызыкдар жана ал Америка сыяктуу “арстан үлүшкө” ээ болбосо да, ар кандай үлүштөн үмүткөр.

Эгер согуш ыктымалы туулса, союздаштар согуштун “чектелген” түрүнө келишип алышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here