«ШАМАЛ БОЛБОСО» ЖЕ ШАМ ЖӨНҮНДӨ

296
0

Франция 21-августта Сирияда химкурал колдонгонулгандыгы тууралуу маалымат таркары менен, Сирия бийлигин каралап чыкты жана эларалык коомчулукту аскерий аралашууга чакырды. Өзү башынан эле Франция Сирияда аскерий аралашуу болушуна тарапкер.

Мындан бир жыл мурун эле, Франция президенти Франсуа Олланд, эгер Дамасктын химкурал колдонуу коркунучу тууралуу информация келип түшсө, ага каршы бир тараптуу – Коопсуздук Кеңешинин санкциясы жок эле – согуштук аракеттерди баштоо сунушун киргизген.

Франция геосаясий күрөштө Америка менен ачык күрөшүп жаткандыктан, ал бүгүн да Сирияда эртерээк аскерий аралашуу болушуна кызыкдар.

“Франция өкмөтү жакынкы күндөрдө Сирия конфликтине аскерий аралашуу боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн”, – деди дүйшөмбүдө Франциянын тышкы саясат ведомствосунун башчысы Лоран Фабиус.

Мындан мурдараак Фабиус Сирияда химиялык курал колдонулгандыгы жоопкерчилигин Башар Асад мойнуна жүктөп, бул жоопсуз калтырылбайт деп көкүткөн.

Франция аскерий аралашуу аркылуу Сирияда өз малайларын пайда кылып, ал жерге таасирин киргизмекчи жана Ливандагы жоготкон таасирин кайрадан тикелеп алмакчы. О.э. андан ары Жакынкы Чыгыштан Америка таасирин сүрүп чыгарып, аймакта бүтүндөй Европа таасирин орнотуу чоң планы да бар.

Ушулардан улам, ал Америка менен Сирия бийлигинин Башар Асад тарабынан химкурал колдонгонулгандыгын жаап-жашырып калышына жол бербей жатат. Англия менен биргеликте, массалык маалымат каражаттары аркылуу Башар режиминин химкурал колдонгондугун тастыктоочу кабарларды катуу таркатып жатат.

Америка сыртынан башкача билдирүүлөр жасаганы менен, ичинен Сирияда аскерий аралашуу болушуна ар дайым каршы туруп келет. Эгер аскерий аралашуу болсо, анда Америка үчүн Ливиядагыдай абалдын тескериси болот. Ливияда аскерий аралашуунун болушуна Америка кызыкдар болгон эле. Анткени, ал аралашуу аркылуу Ливияга өз таасирин киргизүүнү көздөгөн. Ошондуктан, Европа ал жердеги таасирин сактап калышы үчүн, алдын ала аскерий аралашууну баштап жиберүүгө аргасыз болгон. Эми болсо Сирияда аскерий аралашууга Европа кызыкдар болуп, Америка болсо мындай аралашууга аргасыздан кол урганы турат.

Башар Асад бийлигинин химкурал колдонгондугу кабары таркалгандан кийин, ал Франция сыяктуу аскерий аралашууга ашыккан жок. Алгач окуяны аныктоону БУУ комиссиясына шылтай салып, убакытты артка сүрдү. Акыры Башар режими тарабынан химкурал колдонулгандыгы аныкталайын деп калганда, аскерий аралашуу жаатында алдыга түшүү үчүн жан үрөп калды.

Оболу Ак үй британ канцеляриясынын Башар Асадга каршы “химкурал колдонуу жазасыз калбай” тургандыгы жөнүндөгү билдирүүсүнө кошулду.

Андан кийин американын эки палатасынын тең таасирдүү мыйзамчылары Сирияда химкурал колдонулганына каршы тезинен чара көрүүгө чакырык ташташты.

«Мен канаттуу ракеталарды колдонор элем. Бул үчүн ал жакка аскер жөнөтүүнүн кереги жок, бул америкалыктардын өмүрүнө коркунуч туудурбайт…» – деди конгрессмен Элиот Энгель – Өкүлдөр Палатасындагы эл аралык иштер боюнча комитеттин алдыңкы демократ мүчөсү.
Энгель өзүнүн бул позициясы тууралуу Fox News телеканалындагы чыгуусунда билдирди. Мына ушул эле берүүдө ушул эле комитеттин Сенаттагы алдыңкы республикачы мүчөсү сенатор Боб Коркер да катышты.

«Химиялык куралдын колдонулганы анык болгондой эле болуп калды. Эми биз хирургиялык тактык менен аракеттенишибиз керек деп ойлойм», – деди сенатор.

Президент Обама мыйзамчылар каникулдан келери менен алардан ылайыктуу санкция чыгартып алышы даркер деп билдирди сенатор Коркер.

Булардан кийин АКШ коргоо министри Чак Хэйгел: “Президент Обама коргоо министрлигине кайрылды жана ар кандай абалдарга карата чечимдердин варианттарын даярдап коюну талап кылды. Биз аларды аткарып койдук, эгер көрсөтмө болсо, биз алардын кайсынысы болбосун ишке ашырууга даярбыз”, – билдирди.

Эми болсо Чак Хэйгел Пентагон Сирия жээктерине аскерий кемелерин жайгаштырып жатканын билдирди. Белгилүү болгондой, АКШ аскерий-деңиз күчтөрү буга чейин эле канаттуу ракеталар жүктөгөн төртүнчү кемесин алып келип койгон.

Англияга келсек, ал да качантан бери эле аскерий аралашуунун тарапкери. Анда да Францияныкы сыяктуу эле кызыкчылыктар бар. Бирок, Англия геосаясий күрөштө Америка менен парда артынан күрөшкөндүктөн, ал бул ишти АКШ менен келишип кылгандай түстө ишке ашырмакчы.

Ал массалык маалымат каражаттарын ишке салуу жана эл аралык коомчулукту дүрбөлөңгө түшүрүү аркылуу Американы Сирияда аскерий арашууну баштоого түртүүдө. Шексиз, ал мындай аралашуу Американы кыйын кырдаалга кептеп коёрун жакшы билет. Бирок, ал өз куйтулугу менен Американы аскерий аралашууга аргасыз кылып коюуда.

“Коопсуздук Кеңеши БУУ инспекторлорунун Дамасктагы окуялар ордуна жетип барышын камсыздоону бийликтен талап кылган. Бирок, президент Асад БУУ менен кызматташуудан баш тартып жатат, бул болсо режимдин беките турган бир мандеми бар экендигин каңкуулайт”, – деп билдирүү жасап, Англия Башарды БУУ инспекторлору үчүн эшикти кең ачып коюуга мажбур кылды.

Британия премьер-министри Дэвид Кэмерон жекшембиде өргүүсүн токтотуп, АКШ, Франция жана Германия жетекчилери менен телефондон сүйлөшкөн. Алардын бардыгында окуя өнүгүүсүнүн аскердик варианты талкууланганын өкмөт аппараты тастыктады.

Кэмерон Обама менен телефон аркылуу байланышып, аны “химкуралдын калкка каршы жапырт колдонулушу эл аралык коомчулук тарабынан олуттуу жооп берилишин талап кылат, ал жазасыз калбашы керек” деген билдирүүсүнө шерик кылып алды.

Дүйшөмбүгө оогон түнү Telegraph гезити өкмөт булактарына шилтеме жасап, төмөнкүлөрдү кабарлады. Эгер Америка Башар Асад бийлигине каршы аскерий амалият баштаса, анда британдык аскерий-деңиз күчтөрү жакынкы күндөрдө америкалык деңиз күчтөрүнө кошулууга дапдаяр болот.

Амалият канаттуу ракеталар менен чекиттерге сокку берүү мүнөзүнө ээ болушу пландаштырылууда. Сокку урулуучу буталардын так тизмеси азыр эки мамлекеттин аскерий командачылыктары тарабынан такталууда.

Ушул эле күнү түшкө жуук, Бириккен королдуктун тышкы иштер министри Уильям Хейг – Сирия конфликтине сырткы аралашуу Коопсуздук Кеңеши мүчөлөрүнүн бир добуштан колдоосуна ээ болбостон эле жасалышы мүмкүн – деп билдирди.

Жана акыры келип, ЕС булагы АКШ жана Британия биринчи сокку үчүн бутаны тандап койгонун билдирди.

Сирия Американын жашыруун колдоосуна кутуруп, карапайым калкка каршы дагы бир жолу химиялык куралдарды колдонуп жиберди. Бирок, бул жолу ал Европа тарабынан катуу чабуулга учурады. Аны мындай чабуул капсалаңынан а турмак Америка да аман сактап кала албады.

Алгач адатынча химиялык курал колдонгондугун танып, аны каршылаштарына шылтады. Козголоңчулар БУУ адистеринин татыктуу иштешине шарт түзүп берип жатса, Башар болсо алардын киришине киришине тоскоолдуктарды жаратты. Бирок, бул да жардам бербеди. Акыры келип, ал эшиктерди кең ачып коюуга мажбур болду.

Эми болсо Башарды Каддафинин “таз кейпи” күтүп тургандай.

Азыркы Башар Асад режиминин каяшасы өлүп бараткан иттин ырсайышын элестетет.

“АКШнын терроризмге каршы күрөшүү чүмбөтүнө жамынып алганы оңунан чыкпайт, – деп билдирди Сириянын маалымат министри Имран Завбий – Сирияга сокку уруу бул жөн эле сейил куруу эмес да. Кол салууга каршы албетте жооп соккусу берилет. Натыйжада бүткүл Жакынкы Чыгыш жалынга бүркөлөт”.

Жана дагы министр Завбий – эгер БУУ адистери согушкерлерди айыптуу деп тапса, Америка аларды бомбалар бекен деп – ушуга кызыкты.

Ал эми бизге кызыктуу жери, эгер Америка Башар режимине сокку берсе, бу малайлар Америкага каршы химкуралдарын колдонор бекен; Иран жана Хизбулла Америкага каршы согушар бекен; Россия жана Кытай Америкага каршы бул малайларды колдоп-кубаттар бекен?!.

Американын Сирияга аскерий жактан аралашты дегени – бул анын Сирияны аскерий жактан басып алды дегени. Эгер ал Шамга аскерий жол менен кирип ала турган болсо, анда ал жерде Ирак жана Ооганстандагыдай малайларын тикелемейинче, ал жерди бөлүп-жарып башкаруу пландарын ишке ашырмайынча бул өлкөдөн чыгып кетиши күтүлбөйт. Бирок, Аллах Таала эмнени каалап жатат, аны Өзү гана билет…

Белгилүү жагы, эгер Америка жана союздаштар аскерий аралашууга кирип кетишсе, буюрса Аллах Субханаху ва Тааланын каалоосу менен, эми чындап кафирлер менен мусулмандар бетме-бет келишет. Буга чейин кафирлер мусулмандар менен мусулмандарды кырылыштырып коюп, өздөрү сырттан гана карап турушкан эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here