ХАЛИФАЛЫК БАР БОЛГОНДО МЫНДАЙ АБАЛ ЖҮЗ БЕРБЕЙТ БОЛЧУ

442
6

Сирияда Асад режими тарабынан мусулмандарга каршы химиялык курал колдонулгандыгы бүт дүйнөнүн көз алдында анык болуп калды. Чабуул жараяны тартып алынган видео материалдарда химиялык куралдын адамдарга кандай таасир кылып жатканын көрүүгө болот. Уулануудан муунуп, өзүн аяк-биякка уруп жан берип жаткан адамдарда кандын же ачык жарааттын белгилери көрүнбөйт.

Бул видео тасмаларды көрүп чыккан химиялык куралдар боюнча британиялык эксперттин айтышынча, бул белгилер химиялык курал колдонулгандыгына далалат кылат. “Зыян көргөндөрдүн симптомдору, алардын окшоштуктары – буларды жасалмалаштыруу өтө кыйын иш”, – дейт адис.

Ошол себептен улам, Хизбут-Тахрир Түркия вилаяты тарабынан Анкарадагы Хажы Байрам жамиъ мечитинде Сирияда өлтүрүлгөн мусулмандар үчүн гоибана жаназа намазы уюштурулду. Жума намазынан кийин окулган гоибана жаназа намазынан соң чогулгандарга “Халифалык бар болгондо мындай абал жүз бербейт болчу” деген баянат сунушталды.

Хизбут-Тахрирдин атынан сөзгө чыккан Байрам Сайнак мусулмандарга каршы кылынып жаткан кыргындарда мусулмандардын башында турган акимдердин кыянатчы позициясын ачып таштады.

Байрам Сайнак дүйнөнүн ар жеринде болуп жаткан массалык кыргындар артынан мусулмандар акимдеринин  – эгер батына алышса – каралап чыгуудан же БУУ жана НАТО сыяктуу колдору мусулмандардын канына боёлгон уюмдарды ишке аралашууга чакыруудан нары өтө албастыгы жөнүндө сүйлөдү. О.э. Сирияда, Иракта, Афганистанда, Бирмада жана Мисирде өлтүрүлгөн мусулмандардын кыямат күнүндө Ислам үммөтүнүн жакасына асылышы жана жардамсыз таштап койгон адамдардын үстүнөн Аллахка арызданышы жөнүндө сөз кылды.

Бул проблемалардан кутулуу көз жаш төгүү жана дуба кылуу менен гана ишке ашпастыгын, тескерисинче, Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн катуу аракет кылуу керектигин жана эгерде бүгүнкү күндө бир Халифабыз бар болгондо мындай кыргындарга эч ким батына албай тургандыгын баяндады Сайнак. Ал өз сөздөрүн: “Биз бүгүн Аллахка жалбарабыз жана Андан жардам сурайбыз. Роббибиз, бизге жаңыдан Муътасимдер, Салахиддиндер жана Абдулхамиддерди жибергин. Алардын колдору менен бизди душмандарыбыздын үстүнөн жеңишке жеткиргин”, – деген дуба менен аяктады.

Баянаттын артынан Сирия мусулмандарынын акысына дуба кылынды. Анда алар Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзө турган Халифалык мамлекетин талап кылганы үчүн өлтүрүлүп жатканы айтып өтүлдү. Ушунча кандар, ушунча курмандыктар каршысында сокур, дүлөй, дудук болуп калган акимдердин ордуна мусулмандардын муң-зарына кулак сала турган бир Халифа сурап Аллахка дуба кылынды.

6 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here