РФ АКШ: БАШАР БИЙЛИКТЕ КАЛАТ

284
0

Кече Ирак тышкы иштер министри Хушяр Зибарий  “аш-Шарк-уль-Авсат” гезитине берген интервьюсунда минтип билдирди: “Россия Федерациясы жана АКШ, “Женева-2″ конференциясына байланыштуу, Сирия президенти Башар Асад өз президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин т.а. 2014-жылга чейин бийликте калат деп келишишти”.

“Сирия келечегин сириялыктар белгилейт” деп, империалисттер сайрап келген кептердин карандай калп экени ушундан эле көрүнүп турбайбы? Буга чейин Америка химиялык курал колдонду деп Сирия бийлигин күнөөлөп келсе, Орусия ушундай эле кине менен оппозицияны айыптап келген. Андай эле акыйкат сүйөр болушса, анда эмнеге орток чечимге келип алышат, акыйкат үчүн айыптуу тарапка каршы күрөшө беришпейби? Жок, биерде эч кандай акыйкат да, адамгерчилик да жок! Биерде бир гана капиталисттик ач көз кызыкчылык гана бар!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here