Кыргызстандын кыска тарыхындагы саясий партиялардын тизмеси да кыска.
Падышалык Россия доорунда Кыргызстанда эч кандай саясий партия болгон эмес.
Совет мамлекети курамына киргенде, коммунисттик партия ячейкалары түзүлгөн. Анын каршысында, Түркия аркылуу Англияга малай кылынган “Алаш ордо” кыймылынын бөлүмү иш алып барган.
Кандуу репрессиялардан кийин бир гана коммунисттик партия калган.
Союз урагандан кийин, демократиялык башкаруу келген кезде, саясий партиялардын саны артты.
Алардын катары партиялык тизме боюнча шайлоолор өткөрүлгөн акыркы жылдарда абдан арбып, 200гө чамалады.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө уруксат берилген жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган партиялар бар.
Иш жүргүзүүгө уруксат берилген бул 200дөй партиялардын бардыгы демократиялык принциптер негизине курулган.
Ал эми, иш алып баруусуна тыюу салынган партиялар булар:
«Хизб-ут Тахрир»
«Түркстан боштондук кыймылы»
«Чыгыш Түркстан исламий партиясы»
«Түркстан ислам кыймылы»
«Өзбекстан ислам кыймылы», «ал-Коида»
«Талибан кыймылы»
«Күрдстан Элдик Конгресси»
«Жихад топтору»
Булардан сырткары, Вахабий, Акрамий сыяктуу агымдарга да тыюу салынган.
Бул партияларга тыюу салууга мамлекет тарабынан ар кандай негизсиз себептер көрсөтүлгөн. Негизи, анын акыйкаты башкача. Мисалы, Хизбут-Тахрирге ал Ислам принциптерине негизделгени жана исламий жашоону кайра алып келүү үчүн иш алып барганы себептүү тыюу салынган.
«Түркстан боштондук кыймылы», «Чыгыш Түркстан исламий партиясы» уюмдарына Кытайдын буйругу менен тыюу салынган
«Өзбекстан ислам кыймылы», Вахабий, Акрамий жамааттарына Өзбекстан буйругу менен тыюу салынган.
«ал-Коида», «Талибан» кыймылдарына Америкадан коркуп тыюу салынган.
«Күрдстан Элдик Конгресси»не Түркияга жасакерленүү менен тыюу салынган ж.б.у.с.
Баштапкы маселе: Жогорудагы уруксат берилген жана тыюу салынган партиялардын кайсынысы ойгоо б.а. чыныгы саясий партия болорун аныктап алуу керек.
Саясат майданында эки тарап иш алып барат. Биринчи тараптан мамлекет жарандарды башкарат, бул мамлекеттик саясат жүргүзүү деп аталат. Экинчи тараптан жарандар мамлекетти жекече же уюшкан түрдө тергеп-тескейт. Бул жарандардын саясатка аралашуусу деп аталат. Уюшкан түрдө тергеп-тескөө партиялар аркылуу болот.
Кайсы бир идеологияны кабыл алып, аны турмушта колдонгон, сактаган жана дүйнөгө жайган мамлекет – ойгоо мамлекет болот.
Идеологиянын турмушта колдонулушуна жана анын сакталып-жашап турушуна кызмат кылуу үчүн, мамлекетти ушул идеология негизинде тергеп-тескеп турган партия – ойгоо б.а. чыныгы саясий партия болуп саналат.
Эгер идеологияны турмушта колдонгон мамлекет жок болсо, анда чыныгы саясий партия – мамлекетти тикелөө аркылуу – идеологияны турмушта колдонуу үчүн иш алып барат.
Советтер союзу доорунда Россиядагы коммунисттик партия гана чыныгы саясий партия болгон, ал эми союздук республикалардагы анын ячейкалары болсо, ага малай катары эле болушкан.
Азыр Америкадагы “республикачылар” жана “демократтар” партиялары о.э. Британиядагы “консерваторлор” жана “лейбористтер” партиялары чыныгы саясий партиялар болуп саналышат. Ал эми 3-дүйнө мамлекеттериндеги “демократиялык принциптерге негизделген” партиялардын бардыгы империалисттерге малай партиялар болуп саналышат. Мисалы, Түркиядагы “Адилет жана өнүгүү партиясы” Америкага, Казакстандагы “Нур Отан” партиясы Россияга, Кыргызстандагы “Ата Мекен” Америкага, “Республика” Британияга малай болгону сыяктуу. Бул партиялардын аталыштары социалисттик же демократиялык наам алабы, же болбосо, патриоттук же улутчулдук атамалар менен аталабы, же аларга исламий ысымдар берилеби, мунун айырмасы жок.
Алардын айрымдары күнүмдүк кызыкчылыктар үчүн эле түзүлө коёт. Мисалы, Акаевдин “Алга”, Бакиевдин “Ак жол” партиялары сыяктуу.
Булардын каршысында, Хизбут-Тахрир исламий партиясы аалам бойлоп, Халифалыкты тикелөө аркылуу Ислам идеологиясын кайрадан турмушта колдонуу үчүн саясий иш алып барууда. Ал мында баракчалар, дисктер таркатуу, жүрүштөр жана конферециялар уюштуруу сыяктуу ыкмаларды колдонууда. Булар аркылуу колонизаторлордун чыныгы жүздөрүн жана арамза пландарын ачып таштоодо. Демек, Хизбут-Тахрир ойгоо т.а. чыныгы саясий партия катары иш жүргүзүүдө.
Ошондуктан, бул партия бүткүл дүйнө боюнча, колонизатор кафирлердин, алардын малайлары менен жүгүртөктөрүнүн каршылыгына учуроодо. Анын арасында Кыргызстанда да канча жылдардан бери каршылыктар болуп келет. Акаев Хизбут-Тахрирге тыюу салдырып, камоолорду жүргүзгөн, карапайым калк анын алдоосуна ишенген, акыры ал канкорлук кылып, калкын атып качып кеткен. Кийин Бакиев андан аша чапты. Карапайым калктын бул канкорго да ишене бергенин кантесиң. Эми болсо “эсдпка” бийлиги эдиреңдей баштады. Бардык бийликтин тушунда “тыюу салынган уюм” дегенде эле, эң негизги болуп Хизбут-Тахрир назарда тутулат. Андыктан төмөнкүдөй маанидеги макалалар чыгат. Мына кече эле ММКларда таркаган макаладан үзүндү:
…Ош облусунда 386 адам Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга мүчө. Каттоодогулардын эң көбү «Хизб-ут-Тахрир» уюмуна мүчө. Тагыраак айтканда, «хизбутчулардын» саны – 339, «Вахабий» агымында 36, «Акрамий» уюмунда 10, «Салафийдин» 1 мүчөсү каттоодо.
Облус аймагында ушул жылдын алты айында «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун лидери деп шектелген 5, активдүү мүчөсү деп 14 жаран камакка алынган. Бардыгы Кыргызстандын жарандары.
Ош облусунун аймагында 6 ай аралыгында «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик агымына таандык болгон 1 миң 41 нускада адабияттар алынган. Алсак, «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик агымына таандык болгон 144 даана баракчалар, 276 даана китептер, 573 даана компакт-дисктер, 16 даана кол жазма дептер, 2 блокнот, 19 аудио, видео кассеталар, 1 электрондук планшет, 4 процессор, 5 флешкарталар жана 1 мобилдик симкарта алынган…
Санай келсең, мындай окуя жана мындай макалалардын аягы көрүнбөйт. Бирок, Хихбут-Тахрир залимдин зулумунан жана жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон, Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайра алып келүү үчүн, саясий иштерди алып бара берет.
Башкы маселе: Мусулман адам кайсы партия сабында иш алып барышы керектигин аныктап алышы керек.
Мусулман адам – демократиялык, социалисттик-коммунисттик принциптер негизинде эмес, масончулук, куру мекенчилдик же улутчулдук ураандары негизинде да эмес – балким, Ислам принциптери негизинде уюшулган партия сабында болушу керек. Ал партиянын фикратында да, тарыйкатында да Исламдан башка эч нерсе болбошу керек.
Бүгүн дүйнө жүзүндө исламий партиялар көп. Хизбут-Тахрир аларды Куран-Сүннөт негизинде хикматтуу, чырайлуу талкууга чакырат. О.э. аларды колонизатор кафирлердин тузагына илинип калуудан эскертет. Мисалы, буга чейин Хизб “аль-Ихвануль муслимийнге” Америка кылтагына илинип калбоону насаат кылган эле. Бирок, ошого карабастан, ал исламий партия болуп туруп, “светский” башкарууга ыраазы болду. Муну менен калктын кафирге каршы исламий туйгусун тынчтандырууда жана “Ислам менен башкаруу мүмкүн эмес” деген элести элге сиңдирүүдө Америка колундагы куурчак болуп ойноп берди. Эми болсо шерменделерче кулатылды.
Тыянактап айтканда, бардык мусулмандарды чыныгы исламий саясий партияны аныктап алып, аны менен бир сапта аракет алып барууга чакырабыз.