БРИТАНИЯ ПЛАНЫНАН БАШ ТАРТМАКЧЫ

262
0

ММКларда жарыялангандай, Британия аскерийлери премьер-министр Кэмеронго Сирияга курал-жарак жөнөтпөңүз деп эскертишиптир. Аскерий адистер фронттогу абалды баалап чыгып, бул куралдар күчтөр балансын өзгөртө албайт, эгер согушка аралашуу керек болсо, анда чыныгы согуштук иш-аракеттерге даяр туруу керек дептир. Ал эми өкмөт башчы болсо муну эп көрүп, Сирияга курал бербей турууну чечиптир.

Эмне, аскерийлер муну мурунтан билбеген бекен? Бул АКШ-Россия келишүүсүнүн таасири эмеспи. Анткени, 2014-жылга чейин, АКШ Башар Асадды Россия аркылуу куралдандырып, ал эми оппозицияга курал жеткирип берүүнү бүт өз колуна алып алды. Англиянын жогорудагы чечими болсо, ага эч нерсе тийбей кала турган болгондон кийин, анын аргасыздан жасаган амалы го. Бирок, Британиянын саясий айлакерлиги Америка абалын ушул бойдон калтырбайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here