Акыркы мезгилдерде, диний мотивдер боюнча айыпталып Өзбекстан абактарында олтурган диндештерибиздин жакындарына аларды барып көрүү же азык-оокат жөнөтүү чоң көйгөйлөрдү жаратууда. www.hizb-uzbekistan.info сайтынан алынган кабарга ылайык, Ташкент облусундагы “Табаксай” жаза өтөө мекемесине жакындарын көргөнү барган муслима аялдар, камаккана кызматкелери тарабынан жоолугун чечип кирүүгө мажбур кылынууда. Эгер ушул мазлума аялдар жоолуктарын чечип кирбесе, камаккана кызматкерлери ал аялдарды камактагы жакындарынын алдына киргизишпейт. Бул да аз келгенсип, “159-берене менен сага да кылмыш ишин козгойбуз” деп коркутушуп, он чакты ички иштер жана аскер кызматкерлери бөлмөлөргө аялдарды жалгыздап алып кирип, шылдың кылышууда. Муслима аялдардын ар-намыстарын тебелеп-тепсешүүдө.
Ташкент облусу, Занги-Ата түмөнүндө жашоочу 79 жаштагы Вазира Алимованын Азаттыкка билдиргенине караганда, анын “Хизбут-Тахрир”ге мүчөлүктө айыпталып 15 жылга кесилген жана жаза мөөнөтүн Наваи облусу, Зарафшан шаарында өтөп жаткан уулу Исраил Алимовго жиберген азык-оокаттары артка кайтууда.
“Жөнөткөндөрүм 3 жолу эрте эле кайтып келди. Мен үчүнчү айда жөнөткөнмүн. 3 айдын ичинде бир узак мөөнөттүү, бир кыска мөөнөттүү посылка, бир бандероль жөнөтүүгө акым бар”, – дейт Вазира апа.
Негедир ар жылы рамазан жакындаганда Өзбекстан камакканаларындагы зулумдар сезилээрлик даражада күчөтүлөт. Сиздин баамыңызда, мындай иштер президент Каримов менен анын жүгүртөктөрүнүн ким экендигин билдирет?!