ХИЗБУТ-ТАХРИР АМИРИ АТО ИБН ХАЛИЛ АБУ РУШТАНЫН ЖАЛПЫ МУСУЛМАНДАРГА ЖОЛДОГОН КУТТУКТООСУ

325
0

Азиз БУРАДАРЫМ! Расулуллах с.а.в. жыл сайын сахабаларга(Аллах алардан ыраазы болсун) кушкабар кылып:

«Мубарек рамазан айы да кирип келди. Аллах силерге бул айда орозо кармоону фарз кылды. Бул айда асман дарбазалары ачылып, тозок дарбазалары жабылат о.э. шайтандардын чоңдору жана күчтүүлөрү чынжырланат. Бул айда Аллахтын бир түнү миң айдан жакшыраак. Чындап кур жалак калган адам – анын жакшылыктарынан кур калган адам!» – деген.

Имам ибн Ражаб рахимахуллох мындай деген: “Ушул хадис адамдар бири-бирин рамазан айы менен куттуктоосуна негиз болот. Арийне, момунга бейиш дарбазаларынын ачылуусу, күнөөкөргө тозок дарбазаларынын жабылуусу, акылды болсо, шайтандардын чынжырлануусу кантип кубандырбай койсун?!”.

Оо, бул кандай гана мубарек ай!

Бул айга карай “таквалар жүрөгү талпынат, кеткенде көз жаш төгөт”.
Аллахым баарыбызды рамазан айында орозо кармоого жеткирсин
жана баарыбызга калыс Аллах ыраазылыгы үчүн амал кылууну насип этсин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here