ТЕСКЕРИ АЙЛАНЫП КАЛГАН АКЫЛДАР

261
0

11.07.13 тө “Азаттыктын” кыргыз бөлүмү “Тыюу салынган уюмдарда аялдар көбөйүүдө” деген макаланы обого чыгарды. Аны угуп туруп, бүгүнкү адамдарыбыздын акылдары ушунчалык тетири иштеп калганына таң каласың. Келгиле эмесе, ушул макала тууралуу талкуу жүргүзүп, оң ойлонуп көрөлүчү.

Мында тыюу салынган уюмдар дегенде негизинен Хизбут Тахрир назарда тутулган.

Макалада айтылат: Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы тыюу салынган 13 диний уюмдан “Хизб-ут Тахрир” уюму халифат куруу саясий максатын көздөп аракеттенген жана кеңири жайылган уюм саналат. 2004-жылы эле тыюу салынганына карабастан, ал катарына жергиликтүүлөрдү ар кандай ыкмалар аркылуу тынымсыз тартып келатканын адистер баса белгилешүүдө. Бул уюмдун акыркы кездери айрыкча аялдарды тартууга батыл киришип жаткандыгын тартип кызматтарынын байма-бай таратып жаткан фактылары күбөлөп турат.
Суроо: Эмне үчүн исламий Хизбге тыюу салынат? Эмнеге Россияга малайлык кылган, Америкага малайлык кылган демократиялык же социалисттик партияларга тыюу салынбайт?
Макалада Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын тогузунчу бөлүмүнүн (10-бөлүм болсо керек) башчысы Кеңеш Абдрахмановдун сөзү келет:

“Чынында, жакында төрт аял кармалган. Алардын соту болуп бүттү, экөө издөөдө, бирөөнүн соту уланып жатат”.

Макалада дагы айтылат: Кадамжай районунун аймагында онго чукул аял хужрага чогулуп, “Хизб-ут Тахрир” уюмунун идеяларын таратып жаткан жеринен кармалышкан.

Суроо: элди эзип, жерди саткан Акаев жана анын табакташтары; бийликти басып алган жана бийлик үчүн элин аткан Бакиев менен анын үзөнгүлөштөрү; мурункулардын эле кылыктарын кайталаган, ал тургай, камактан бандиттерди чыгарып жиберген азыркы бийликтегилер – булардын баары элдин байлыгын сапырып, той-аштарда кутуруп эле жүрүшпөйбү, алар эмне кармалбайт да соттолбойт?

Макалада айтылат: Кеңеш Абдырахмановдун айтымында, аялдардын экстремисттик агымдарга киришине көп себептер бар:

– Улутуна карап тартылып атышат. Кошуна мамлекеттердин таасири бар. Акча маселеси, каржылоо болуп атат. Себептери көп.

Суроо: Хизбут Тахрир ааламдын ар бир континентинде иш алып барат. Андагы мүчөлөрүбүздүн улуттары да ар кыл. Бул адистин “улутуна карап тартылышыат” дегенин кандай түшүнсө болот.

О.э. ар дайым дооматчылардын оозунан “бул уюмга акчага азгырылып кирип кетип жатышат” деген жалган жалаа жаап турат.Бирок, ушул убакка дейре Хизбут Тахрир мүчөлөрү менен бир дагы “акча гейт” боло элек.

Суроо: Ачык көрүнүп турганын айыптай албай, эмнеге жок нерсени айта беришет? Мисалы, мамлекет бюджети чет мамлекет карызы менен толтурулат, бийликтеги партиялар чет мамлекеттен каржыланат, бейөкмөт уюумдар четтен ачык эле акча алат, (мына “Азаттыктын” өзү да Америка конгрессине караштуу), мамлекеттик чиновниктер жана укук коргоо кызматкерлери да “экстремизмге каршы күрөшүү” алкагында чет элден келген каражаттан өөнөп алышат ж.б.
Макалада Кыргызстан муфтиятынын аялдар жана жаштар менен иштөө бөлүмүнүн төрайымы Жамал Фронтбек кызынын сөзү келет:

– “Көпчүлүк учурда орган кызматкерлери “бөрк ал десе, баш алып” жатышат. Хужрада окутуп аткан аялдарды эле сен тигиндейсиң, мындайсың деп, камап аткан учурлар болуп атат. Биз аялдарга кандай проблемалар болсо бизге кайрыласыңар, аттестациядан өтөсүңөр деп айтып атабыз”.

Негизи, муфтият менен анын ушул бөлүмүнүн муслималарга боор ачымыш эткени карандай калп. Тескерисинче, алар кайсы жайларда даъват алып барып жаткан аялдарды “аттестациядан өтпөсөңөр даъват кылбайсыңар” деп, Аллах Таала фарз кылган даъваттан тосууда.
Суроо: Өздөрү куфр системасындагы мамлекеттин уруксаты менен иш алып барып, жана дагы ушул куфр системасына кызмат кылып жаткан бу “селдечендер” менен “кыска хижапчан”дарга дин атынан сүйлөөгө ким уруксат берди?

Макалада айтылат: Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Табылды Орозалиевдин ишендиргенине караганда, маселенин төркүнү исламдын тышкы күчтөрдүн куралына айланып жаткандыгында:

– Сырткы күчтөр бекер жатып алган жок да. Ошондуктан диний радикализм күчөп атат. Өзүбүздөгүлөрдөн да болуп атат. Пакистанга, Индияга, башка араб өлкөлөрүно барып келишет дегендей. Алар каржылашат. Ошолордун бардыгы “тыянагын” берип атпайбы.
Суроо: Кафирлер жетекчилери мамлекетибизге күндө келип-кетишет, биздин башчылар болсо күндө куфр өлкөлөрүндө визитте болушат, эмнеге кафирлердин колонизаторлугу, биздин акимдердин аларга малайлыгы тууралуу айтылбайт?

Макалада айтылат: Кыргызстандагы диний кырдаалды президент Алмазбек Атамбаев жетектеген Коргоо кеңеши сентябрь айында талкуулай тургандыгы кабарланууда.

Суроо: Кафирлер колонизаторлугу чеңгели астында жаткан мамлекетти эми бул коргоо кеңеши эмнеден коргомокчу?

Эй үммөт, акылды оң жагына айландыргылачы…

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here