ЖАШЫРУУН ПРОГРАММА

283
0

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинде (NSA) иштеген Эдвард Сноуден Бир нече күн мурун жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун эки программа тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарган.

Сноудендин маалыматтарына караганда, АКШ өкмөтү терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу менен миллиондогон телефондорду угуп, интернеттеги маалымат алмашууларга көз салып турат.

Улуттук коопсуздук агенттигинде ошондой эле Facebook, Google, Microsoft жана Yahoo өңдүү ири интернет компаниялардын серверлерине түз кирип туруу механизми бар экен.

Ал аркылуу электрондук почта, видео, фото, IP менен сүйлөшкөндө добуштарды, жөнөтүлгөн файлдарды, социалдык түйүндөрдөгү маалыматтарды көзөмөлдөйт.

АКШ бийликтери интернет-компаниялардан чет элдик кардарлары тууралуу маалымат алганын тастыктады.

Телефондордогу тыңшоого агенттикке атайын сот чечим чыгарып, уруксат берген.
Америка Кошмо Штаттарынын Конституциясына киргизилген төртүнчү түзөтүү америкалык жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн негизсиз укканга тыюу салат. Бирок бийликке байланыш компанияларынын ээлигиндеги маалыматтарды пайдаланганга уруксат берилет.

Айрымдар мындай көзөмөлдөө программалары демократияга коркунуч туудураарын, башкалары адам укуктары одоно бузулуп жатканын айтышууда.

Америкалык бийлик болсо  эркиндик менен коопсуздук ортосундагы тең салмактуулукту сактоо керектигине басым жасоодо.

Ошол балансты кантип сактаса болот? Бир четинен ар бирибиз кимдир бирөөнүн жеке турмушубузга кийлигишүүсүн каалабайбыз, экинчи жагынан коопсуз коомдо жашоо – ар бир адамдын укугу.

Байкалгандай, ал тургай демократиянын ата-энеси эсептелген мамлекеттерде да мындай демократиялык принциптерге тескери келген мыйзамдар толуп ташып жатат.  Негизи, демократиянын чыныгы жүзү ушундай. Демократия дегениң – бул жырткыч капитализмдин эле беткабы. Капитализмде болсо, капиталисттердин кызыкчылыктарынан башка баалуулуктар болбойт. Алардагы мыйзамдар да капиталисттердин кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып берет. Айтылып жүргөн жеке керт баш эркиндигинин, адам укуктарынын ыйыктыгы тууралуу кеп-сөздөр куру кыялдардан жана аңкоо адамдарды алдоодон башка нерсе эмес.

Азыркы учурда, бүткүл дүйнө ушул алдамчылыкты аңдап жетти. Греция, Испания, Италия, Бразилия, Түркия ж.б. мамлекеттердеги толкундоолор, Англия, Франция, Германия ж.б. батыш өлкөлөрүндөгү жаштардын массалык түрдөгү талап-тоноолорду уюштуруулары буга жаркын далил болуп турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here