“СИРИЯ ДОСТОРУ ЖОЛУГУШУУДА

321
0

Бүгүн АКШ, Британия, Египет, Франция, Германия, Италия, Иордания, Катар, Сауд Арабия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрлери Катардын борбору Доха шаарында чогулууда.

Бул мамлекеттер тобу өздөрүн “Сирия достору” атап алышкан. Бул жолугушууда Сирияда президент Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларга курал-жарак жеткирүү талкууланат.
Өткөн аптада Вашингтон сириялык оппозицияга курал-жарак жеткирүүгө даяр экендигин билдирген. Евробиримдик болсо Сирияга курал ташууга тыюу салган эмбаргону алып салган.

Чоң сегиздиктин тыянак билдирүүсү чыккандан кийин, ал Путиндин райына ылайык кабыл алынгандыгы айтылып, орус ММКсы аны ааламды багындыргандай эле мактап чыккан. Ал эми, бүгүнкү жолугушуудан болсо, Путиндин эч ким эмес экендиги, тигил билдирүүнүн да түккө турбашы ачык болуп олтурат. Мына кайрадан эле баягы “оюнчулар” өз малайлары менен оюнду улантып жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here