ЖАШ БАЛДАРДЫ МЕДРЕСЕДЕ ОКУТУУГА ТЫЮУ САЛУУ СУНУШТАЛДЫ

339
0

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 9-классты бүтүрө элек окуучуларды медреседе окутууга тыюу салууну сунуштоодо. Алар Кыргызстан өңдүү светтик өлкөдө жеткинчектер кадимки мектептерде билим алышы зарыл дешет. Медресе өкүлдөрү болсо баланы динге жашынан тарбиялоонун пайдасына токтолушат.

Кыргызстанда динятчылар менен секулярдык баалуулуктарды кармангандардын ортосунда шарияттын шарттары боюнча кайчы пикирлер жаралган учурлар аз эмес. Алсак, кыз-келиндердин окуу жайларында хиджаб кийиши өңдүү маселелер, өкмөттүк мекемелерде намазкана ачуу же дем алышты жума күнгө жылдыруу демилгелери коомчулукта талкуу жаратып келет.

Кыргызстан Борбор Азияда диний эркиндик салыштырмалуу сакталган өлкө катары сыпатталып келет. Эксперттер коңшу өлкөлөрдө диний билим берүү катуу көзөмөлдө экенин белгилешет. Айтмакчы, Казакстанда чет өлкөдөн диний билим алган жаштарды өлкөгө кайтарып, аларды кайрадан даярдыктан өткөрүү аракеттери жасалууда. Кыргызстандык депутаттар болсо «Диний билим берүү жана диний окуу жайлары жөнүндө” мыйзам менен диний билим берүүнү бир стандартка салууну көздөшөт

“Светтик өлкө”, “секуляризм” түшүнүктөрү Исламга тескери түшүнүктөр. О.э. азыркы мектеп программаларынын да Исламга дал келген жактарынан көрө тескери келген жактары көп. Ал тургай, медреселердин окутуу программалары да чыныгы Ислам талаптарына жооп  бербейт. Бирок, бул секуляристтер аларды да тынч коюшпайт. “Традициялуу Ислам”, “Мээлүүн Ислам” ж.б. деп, бүгүн мусулмандар медреселерде Исламды куфр башчылары менен алардын малайларынан үйрөнө турган болуп калышты.

Негизи, чыныгы исламий таалимде эмнелер окутулат?

Ислам мамлекетинин таалим программасы боюнча төмөнкүлөр сабак кылып окутулат.

Илимдер: физика, химия, биология, электроника ж.б.

Фандар: математика, геометрия, кеме куруучулук, соода ж.б.

Сакофат: Куран окуу, тафсир, хадис шархы, фикх ж.б.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here