Азыр колонизаторлук жок деп көпчүлүк адамдар айтышы мүмкүн. Ооба, бүгүн колонизаторлуктун белгилери аттын кашкасындай болуп ачык-айкын көрүнбөйт. Учурдагы колонизаторлук глобалдашуу, интеграция, келишимдер, милдеттенмелер, миграция деген нерселер менен чүмбөттөлгөн. Башкача айтканда, азыр «маданияттуу» колонизаторлук доору.
Бир гана миграцияны ала турган болсок, элибиздин көпчүлүгү азыр чет өлкөдө, өзгөчө Россияда жумуш кылып жүрөт. Россия колонизатор мамлекет болгондуктан, ар кандай мамилени өзүнүн колорнизаторлук ач көздүгүнө карап тартиптештирет. Мына ошондуктан ал мигранттарды каалагандай түрдө кордойт, басмырлайт жана кул кылат. Бул үчүн терроризм, мигранттардын арасындагы кылмыштуулук деңгээлинин өсүшү, интеграция деген сыңары ар кандай шылтоону айтышы мүмкүн. Жакында эле Москва шаарынын мэри Сергей Собянин мындай билдирүү берди: «Москва – россиялык шаар жана ал тажикче, өзбекче эмес, орусча көрүнүштө калышы керек деп эсептеймин». О.э. мигранттарды экстремизмге байланыштырган жана «Россия – орустар үчүн» деген ураандар да бар. Албетте, ушундай ураандар жана Россия жетекчилеринин мындай сөздөрү орус улутчулдарын, «такыр баштарын» мигранттарга карата аёосуз мамиле кылышына, а түгүл өлтүрүп жиберишине үндөйт. Турмуш чындыгында да ошондой болду, көптөгөн боордошторубуз орус улутчулдарынын колунан өлүп, айрымдары терроризм жана кылмыш жасады деген шылтоолор астында камакка алынууда. Бул жана буга окшогон кордуктардын акыры жок. Статистиканы карай турган болсок Россия ИИМинин маалыматы боюнча, кылмыштуулуктун 2%ы тыштан келген чет өлкөлүктөргө туура келет.
Жогоруда айтылгандай, колонизатор абалды ушундай бир таризде системалаштырган дейсиң, мыйзамдарыбыз, түзүмүбүз, келишимдерибиз, соодабыз алардын кызыкчылыгына иштейт. Боордошторубуз мына ушундай кордуктар артынан жумуш кылып үйлөрүнө акча жөнөтүшөт. Бул – кулдук эмеспи?! Мигранттарыбыздын Кыргызстанга жөнөткөн акчасы 1,8 млрд. долларды түзөт. Ал эми, Россиядан Кыргызстанга алынып келинген импорт товарларынын көлөмү да 1,8 млрд. долларга жетти. Мындайча айтканда, боордошторубуздун көрбөгөн күндү көрүп тапкан акчасы кайра эле импорт товаларды сатып алуу менен Россияга жана башка өлкөлөргө чыгып кетүүдө. Мына ошондуктан да Россия Кыргызстанды, деги эле Орто Азияны ушундай «маданияттуу» түрдө колония абалда кармап турууну көздөйт.
Дүйнө эли азыр кулдукта калууда, тарыхтагы империялар дагы эле жашап келүүдө. Батышта да, мусулман өлкөлөрүндө да мындай кырдалга каршы козголоңдор башталды. Дүйнөгө нур чачкан Ислам мамлекети тикеленмейин бул колонизаторлук эч качан токтобойт.