ЭЭНБАШТЫКТЫН БАШЫ ЕВРОСОЮЗДА

546
9

Европол башчысы Роб Уейнрайт “Financial Times”ка берген билдирүүсүндө, финансылык кризис кесепетинен Евросоюз өлкөлөрүндө кылмыштуулук өскөндүгүн айткан.

ЕС аймагында 3600 кылмыштуу уюм бар экендиги аныкталган. Экономикалык рецессиянын биринчи эле жылында көмүскө экономиканын айлампасы эки эсеге өскөн.

«Айрым (кылмыштуу топтор) трансулуттук корпорация мүнөзүнө ээ, алардын 60 же андан ашык өлкөлөрдө өкүлдүктөрү бар », — дейт Уейнрайт.

Өзгөчө нерсенин жасалмасын жасоо базары өөрчүп кетти.

Жогорку баалуу категорияга кирген “Gucci”нин сумкалары же элиталык сорттогу шампандар сыяктуулардын жасалмалары кризиске чейин эле жасалчу. Эми болсо баары жасалат. Медикаменттер, азык-түлүктөр, үй-тиричилик химкаражаттарынан тартып, учактардын тетиктерине чейин – баарынын жасалмасы бар. Саламатчылыкка коркунуч туудурган “самопалдар” (жасалма азык-түлүк жана дары-дармектер) 2011-жылы 28,6%ды түзгөн.

Компаниялар жумушчу күчүнө жумшалган сарп-каражатты азайтууга жан үрөп жатышат. Бул болсо жумушчу күчүнүн мыйзамсыз иштетилишине жана  минималдык эмгек акы нормасынын бузулушуна алып келет, мындан да жаманы — адам аткезчилигин жайылтып жиберет.

Россиянын мурунку экономикалык өнүктүрүү министри Андрей Белоусов Петербург экономикалык форумунда, Россиядагы көмүскө сектордогу жумушчулардын саны 20 млн киши деп санады. Вице-премьер Ольга Голодец алардын чыныгы санагы мындан эки эсеге көп деп эсептейт. Ал муну мындайча тактады: «Россияда 86 млн жумушка жөндөмдүү калк болсо, анын 48 миллиону гана бизге көрүнүп турган секторлордо иштейт». «Калганы каякта иштейт, эмне менен алек, кантип иштейт, мунун баары түшүнүксүз, — деп тан алды вице-премьер — Бул адамдар жалпы коомго олуттуу мүшкүлдөрдү жаратат ».

Мына эл ашык болгон Европа, мына анын евростандарты, мына анын азык-түлүк жана дары-дармектери. Мына андагы жумушчулардын “адам укугу”. Өзү капитализм башынан сасыган. Анын адамдар көрбөй жаткан былыктары дагы толтура.

9 COMMENTS

  1. 971582126682 CYTOTEC 200MCG PRICE IN UAE DUBAI [url=https://fastpriligy.top/]buy priligy cheap[/url] One of the most common, if not the most common, cystic lesions of the ovary, they arise from an ovarian follicle and are physiologic, not neoplastic

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here