БИРМАДА (МЬЯНМА) ДАГЫ КЫРГЫН

354
0

Маалыматтарга караганда, өткөн жылдын акырында Рахине штатындагы диний зомбулуктарда кеминде 200 адам набыт болду, БУУ 140 миң инсан өз турак-жайларын таштап качууга мажбур болгону жөнүндө маалым кылган.

Рахинеде жашап келген Рохинжа мусулмандарын Бирма расмийлери бул мамлекеттин жарандары деп тан албайт.

Эми, кезек Бирманын түндүк-чыгышындагы мусулмандарга келди. Лашиа шаарында мусулмандарга каршы кыргындар башталды. Шаардын ичиндеги мечитттерге, мусулмандардын дүкөндөрүнө өрт коюлганы айтылууда.

Акыркы айларда Бирмадагы мусулмандардын кыргыны акыбетинде миңдеген адамдар үй-жайларын таштап качып кетүүгө мажбур болушту. Учурда Бирмадагы мусулмандардын өмүрү өтө кооптуу абалда.

Март айында Бирма борборундагы Мейтила шаарында чыккан чыр-чатакта кеминде 43 инсан набыт болгон, өлгөндөрдүн көпчүлүгү мусулмандар. Бул окуя боюнча Мейтила шаарында жашаган он мусулман диний зомбулуктарды келтирип чыгарууда айыптуу деп табылып, жоопкердикке тартылган. Бүгүнкү күнгө чейин Мейтиладагы кандуу окуялар үчүн бир да буддист жазага тартылган эмес.

Былтыр Бирма расмийлери Рахинедеги кыргынды диний зомбулук эмес, Рахинедеги Рохинжа мусулмандары мамлекеттин жарандары болбогондуктан араздашуу келип чыккан деп актаган. Бирок, Мейтиладагы, Лашиадагы окуялар мунун тескерисин көрсөтүп турат. Себеби, ал жердеги мусулмандар Рохинжа мусулмандарынан айырмаланып, мамлекеттин жарандыгына ээ. Шек-күмөнсүз, бул жерде бийликтин жардамы менен диний зомбулуктар ишке ашырылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here