Вице – президент Мухаммед Жевад Мухаммедзаде АКШ жана Орусиянын Сирия туралуу эл аралык конференция уюштуруу демилегсинен ыраазы экенин белгилеп : «Конференциянын Женевада өткөрүлүүсүнөн үмүт кылып жана процесстин бир бөлүгү болууну күтүүдөбүз»,- деди.
Ирандын Башар Асадга союздаш экени белгилүү. О.э. Ирандын Изарилге ушунча жылдардан бери ызырынып келе жатканы да белгилүү. Демек, Израиль Сирияны бомбалаган соң, Иран Америка-Россия конференциясына карап олтурбай эле, Израилге согуш ача бербейби. Жок, колунан келбейт. Анын ушунча жылдардан берки Израилге жулунуусу адамдарды адаштыруудан башка нерсе эмес. Кимдин ким экени ушинтип эле билинип калат…