ПАКИСТАНДА ЖАҢЫ ӨКМӨТ

315
0

Пакистандагы шайлоодо көпчүлүк добуш алган Мусулман лигасы партиясынын лидери Наваз Шариф жаңы өкмөттү түзүү аракетин баштады. Шайлоонун баштапкы жыйынтыктарына ылайык, Шарифтин партиясы 342 орундуу парламенттин көпчүлүгүн ээледи. Муну менен Наваз Шариф премьер-министрликке үчүнчү ирет келип жатат. Ал акыркы жолу 1999-жылы аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликтен кетип, абакка да кесилген.

Пакистандын шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, кечээги добуш берүүгө шайлоого укуктуу 86 миллион адамдын 60% келди.
Бул колонизаторлордун жугундукор малайлары – шайлоолорго калк катышпаса да – өздөрү шайланып ала беришет. Мына кечээ эле эки жолу эл кууп жиберген кимселер кайрадан шайланып олтурушат. Эртең Кыргызстан бийлиги үчүн Акаев же Бакиев ат салышса, ага да таң калуунун кажети жок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here