ОРУСИЯГА ЫКТАГАН ТЫШКЫ САЯСАТ

310
0

Кыргызстан Конституциясы боюнча тышкы саясатты президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш макулдашуу менен жүргүзүш керек. Бирок парламент “Тышкы саясат жөнүндө” мыйзам кабыл алып, анда тышкы саясатты президенттин ыйгарым-укугуна өткөрүп берген.

Мына ушуга ылайык, президент азыркы кезде тышкы саясатты жүргүзүүдө. А тышкы саясат Орусияга багыт алышын Алмазбек Атамбаев мындайча түшүндүргөн:

– Биздин кошунабыз Орусия да. Баарын ойлонуп туруп багыт алыш керек да. Анын үстүнө Орусия, Казакстан менен бизде чечилбей турган бир дагы талаш нерсе жок. Келечекте да талаша турган эч нерсе болбойт. Бизге жаныбызга тура турган, керек болсо биз тарапта туруп душмандар менен атыша турган бирөөлөр керек.

Мурунку президент Роза Отунбаева болсо Кыргызстан эгемен доордон бери жүргүзүп келаткан көп вектордуу тышкы саясаты туура болгонун 7-майда тышкы саясатка байланыштуу конференцияда билдирди. Роза Отунбаеванын айтымында, Кыргызстан бардык мамлекеттер менен кызматташуусу керек. Бул анын улуттук кызыкчылыгына туура келет. Бирок азыркы кезде көп вектордуу саясат эң чоң маселе болуп турат, деп белгилеген экс-президент.

Саясат таануучу Марс Сариев болсо көп вектордуу саясат жүргүзүү үчүн азыркы кезде мүмкүнчүлүк тарып баратат деген пикирде:

– Дүйнөдө абал таптакыр өзгөрүп кетти. Мурунку эл аралык келишимдер, укуктар иштебей калды. Ким күчтүү болсо, ошонуку туура болот деген кырдаал түзүлүп калды. Ошол үчүн көп вектордуу саясат жүргүзүү Кыргызстанга аябай татаал. Ошондуктан Атамбаев Орусияга бурулуп жатат. Бул дагы туура. Бирок бизге тышкы саясатта маневр жасаганга мүмкүнчүлүк азайып баратат.

Мурунку президент Роза Отунбаева дипломат катары батышта көп жыл иштеген. Ошондуктан президенттик кызматта да ал Европа жана АКШга байма-бай каттап, Кыргызстандын көп вектордуу саясатын күч алдырган.

Кыргызстан көп вектордуу тышкы саясат жүргүзөрү 2007-жылы бекитилген тышкы саясат боюнча концепцияда бекитилген. Аны эч ким жокко чыгара элек.

Кимге малайлык кылсаңар да, мамайдын көрү эмеспи. Болгону, эки дөө кагышса, ортодо кара чымын кырылганы жаман болуп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here