ИСЛАМДЫ КООМГО ЫЛАЙЫКТАШТЫРУУБУ ЖЕ КООМДУ ИСЛАМГА ЫЛАЙЫКТАШТЫРУУБУ

342
0

Муфтияттын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда,

Кыргызстан мусулмандарынын азирети Муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев согуштун ардагерлерин, кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.
Куттуктоодо мындай деп айтылат:

“Улуу Ата Мекендик согушка катышып, зөөкүр душмандын мизин кайтарып, мамлекетибиздин эгемендигин сактап, элибиздин бүгүнкү бейпил жашоосунун пайдубалын орноткон урматтуу аталар жана энелер!
Улук Аллах Таала Куранында зулумдук менен кол салгандарга тиешелүү жооптуу берүүнү буюрат. Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) хадисинде, ата-мекендин чектерин сактап турган көздөр тозоктун отун көрбөйт, деп сүйүнчүлөгөн. Шариатыбыз болсо мекенин коргоодон качкан адам, кечирилиши кыйын “кабаир” делген, эң чоң күнөөлөрдүн бирин кылды деп эсептейт.

Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен урматтуу ардагерлер”!

Ушул орунда азирети муфтийге карата бир нече суроолор жаралып калды: Атеисттик СССР менен фашисттик Германиянын ортосундагы согушка да сооп жазылабы? Ал согушта адамдар Аллах жолунда согушка аттанышкан беле?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here