(ИЗРИЛЬ) СИРИЯНЫ БОМБАЛАДЫ

354
0

(Израиль) аскерий аба күчтөрү Сирия аймагындагы стратегиялык объектилерге, ошону менен бирге, аскерий курул-жарактар кампасына, аба чабуулуна каршы базага жана Дамаск жанындагы аскерий базага карата бир катар соккуларды жасады. (Израилдин) аба соккулары эки жылдык Сирия жаңжалындагы чет элдик аралашуунун эң ириси болду.

(Израиль) жетекчилиги, ошону менен бирге, премьер-министр Биньямин Нетаньяху Сирияга карата сокку боюнча расмий түрдө эч кандай билдирүү берген жок. Бирок аты аталбаган израилдик өкүл: аба соккуларын анын мамлекети жасаганын тастыктады. Ал «бул чабуул Хизбаллага берилмекчи болгон иран ракеталарына каратылган», – деп маалымдады о.э. мындан ары да ушундай чабуулдар уюштурулушун билдирип: «Эгер, Израиль Сириядан Ливанга курал өткөрүлүшү даярдалып жатканын билсе, анда дагы жаңы чабуул жасайт», – деп эскертти

«Израилдин» мурунку коргоо министри, учурда Кнессет депутаты Шауль Мофаз (Израилдин) бул аракеттерине карата мындай түшүндүрмө берди: «Сирия режими кулап бара жатканын о.э. Иран Хизбалла менен бирге президент Асадга жардам берүүгө урунуп жатканын унутпашыбыз керек. Мындай кырдалда курал Хизбаллага же Ал-Каидага байланышы бар топторго өтүп кетүү коркунучу өсүүдө».

«Израилдик» коопсуздук боюнча эксперт Яков Кедми мындай дейт: «Израиль Хизбаллага берелиши күтүлгөн Иран ракеталары Сириядан Ливанга өткөрүлүшүнө жол бербешин бир канча жолу эскерткен. Акыбетте, израиль аба күчтөрү иран ракеталары сакталган кампаларды бомбалады. Бул соккулар – жөнөкөй гана иш-чаралар, араб дүйнөсүндөгү айрым күчтөр ашкерелеп жаткандай Сирияга согуш жарыялоо эмес». Анын айтымында, «Израиль» дале эч бир тарапка, ошону менен бирге, президент Асаддын каршылаштарына да жан тартпайт жана «Израилдин» аскерий операциясы Асаддын каршылаштарына да каратылышы мүмкүн. «Эгер, сириялык согушкерлер биздин чегараларыбызда жайгашып, мисалы Жулан дөңсөсүнө жортуулдарды жасаса, анда жөн карап турбайбыз», – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Дамаск «Израиль» соккуларын согуш жарыялоо катары кабыл алды. Сирия тышкы иштер министринин орун басары Файсал Микдаддын айтымында, Сирия соккуга жооп берет жана муну «качан зарыл болсо» ошондо ишке ашырат. Иран коргоо министри генерал Ахмад Вахиди «Израилди» коркутуу менен: «Сионист режимдин чабуулу анын өмүрүн кыскартат», – деп убада берди.

АКШ президенти Барак Обама «Израиль» Сирияны бомбалаганы жөнүндөгү кабарга түшүндүрмө берүүдөн баш тартып мындай деди: «Израиль бийлиги бул чабуудун жасалганын моюнга алсын же четке каксын».

Кийин Обама минтип кошумчалады: «Мен мурун айткандай жана азыр да айтып жатканымдай – Израилдин Хизбуллага заманбап куралдар жеткирилип берилишинен коргонуу укугу бар. Биз аракеттерибизди израилдиктер менен бирге макулдашылган абалда алып барабыз. Алар канчалык Сирияга жакын экенин жана канчалык Ливанга жакын экенин түшүнөбүз».

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here