Кыргызстандык аскерлер Казакстандан 14-январда кайтып келет

218
0

Кыргызстандык аскерлер Казакстандан 14январда кайтып келет

Кабар: ЖККУнун Казакстандагы тынчтык орнотуу миссиясына катышып жаткан кыргызстандык аскерлер 14-январда кайтып келет. Бул тууралуу Кыргызстан Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

 Коргоо минстрлигинин маалымат кызматынын өкүлү: “Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскерий контингенти Алматыдан 14-январда, түштөн кийин мекенине кайтат”, – деп кабарлаган.

ЖККУнун Казакстандагы тынчтык орнотуу миссиясына Кыргызстандан 150 аскер кызматкери жана 19 атайын техника катышты. Алар Алматыда стратегиялык маанилүү объекттерди кайтарышкандыгы айтылууда.

 Комментарий: Кыргызстандын парламенти – көпчүлүк адамдар каршы болгонуна карабастан – Россия башында турган ЖККУнун курамында Казакстанга аскер жөнөтүүнү макулдап, буга президент Садыр Жапаров ошол эле күнү кол койду. Расмий бийлик өзүнүн бул чечимин “Уюмга мүчө болгондон кийин анын уставына сөзсүз моюн сунушубуз керек” деген шылтоо менен актоого аракет кылды.

 Негизи Кыргызстандын Казакстанга аскер жөнөтүшү болгону бир расмий гана иш чара эле. Кыргызстан 150, Армения 70 жана Тажикстандын 200 аскер жөнөтүшү, болгону Россиянын Казакстанга аскер киргизүүсүн актоо үчүн гана болгон иш эле. Россия Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жардам сурап кайрылгандан кийин беш-алты сааттын ичинде аскер киргизүү менен Батышка канчалык ыкчам оюнчу экендигин көрсөтүп коймокчу болду. Башка тараптан Россия мындай ыкчам аракети аркылуу региондогу мамлекеттерге дагы бир жолу өзүн “тынчтыктын кепилдиги” катары көрсөтүп койду.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here