Иордания улуттук коопсуздук кеңеши – королдун колундагы анын коопсуздугун коргогон уюм

190
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Иордания улуттук коопсуздук кеңеши – королдун колундагы анын коопсуздугун коргогон уюм

Жакында Иордания өкмөтү Уммат межлисине король жетектеген улуттук коопсуздук кеңешин түзүү долбоорун сунуштады. Долбоор саясий системаны модернизациялоо боюнча королдук кемитет тарабынан сунуш кылынган конституциялык өзгөртүүлөр алкагында аскерий жана жарандык мекемелер ортосундагы кызматташтыкты жеңилдетүүнү максат кылары баса белгиленди.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаятынын маалымат бөлүмү мындай дейт: «Иордания режими бир тараптан анын негиздөөчүсү болгон Британиянын, экинчи тараптан АКШнын пландарын аткарууга, андан тышкары, яхудий вужуду менен тыгыз мамилелерди орнотууга ар дайым даяр экенин далилдемекчи… АКШ бул режимди Исламга каршы күрөштө союздаш деп билет.

Режим өз бийлигинин бузулуу коркунучу бар экенин сезип тургандыктан, алдын ала мына ушундай саясий чараларды көрүүдө. Ал улуттук коопсуздук кеңешин уюштуруу аркылуу келечекте өкмөттөрдү түзүү зарыл болуп калганда ал үчүн кооптуу деп эсептелген ар кандай иш-аракетти жок кылууну көздөдөө. Бул коопсуздук кеңешин түзүүдөн жарандардын коопсуздугун коргоо эмес, чынында эле коркуп жаткан режимдин коопсуздугун коргоо көздөлгөн. Себеби, Иордания режими Умматта өзү үчүн реалдуу коркунучту сезип жатат, анткени, Уммат бүгүн Аллахтын шариятын колдонууга, АКШ жана Британиянын таасирин кууп чыгарууга ыйман келтирген Умматка айланды».

Билдирүүнүн аягында мындай делет: «Умматтын кубатынын сыры – Ислам жана анын акыйдасы. Исламга кайтмайын жана Ислам мамлекетин тикелөөгө аракет кылып жаткандарга жардам бермейин коопсуздугубуз да, туруктуулугубуз да кайра тикеленбейт. Качан адамдар Аллахтын шариятына моюн сунуп, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелеп, Ислам өкүмдөрүн колдонушса, ошондо мүлктөрү, өмүрлөрү жана намыстары коопсуз болуп камсыздалат».

 Роя гезити, №368, 2021-жыл, 8-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here