Империялар кабыры – Афганистандын тарых сүртүмдөрүнөн саясий сабактар

435
0

Империялар кабыры – Афганистандын тарых сүртүмдөрүнөн саясий сабактар

Ооганстан чыгыш жана түштүктө Пакистан; батышта Иран; түндүктө Түркмөнстан, Өзбекстан, жана Тажикстан; түндүк-чыгышта Кытай менен чектешет. Аянты 652.000 чарчы чакырымды түзөт. Калкынын саны 35 миллионго жакын. 1747-жылы Ооганстан өкмөтү пайда болгондон бери аны башкарып келе жаткан улут – бул пуштундар. Алар афган калкынын 50%дан ашыгын түзүшөт. Тажиктер болсо 25%ын түзөт жана өлкөнүн түндүк-чыгышында жашашат. Өзбектер 7%ын түзүп, түндүк-батышта жашашат. Перстер 5%ын түзүп, Иранга параллель аймактарда жашайт. Калганы түркмөн, каракалпак, кыргыз жана башка улуттар.

Ооганстанга Ислам 650-жылы Абдуллах ибн Амрдын кол башчылыгындагы кошуун аркылуу келе баштаган. Көпчүлүк жергиликтүү калк өз ыктыярлары менен динди кабыл алышса, айрымдары жизя төлөөгө макул болушкан. Ислам дини монгол жапырыгы башталганганга чейин аймакта кеңири жайылып, Хорасан вилаяты Ислам халифатынын негизги аймактарынан болуп калган. Монголдордун басып алуусу көпкө узабастан жергиликтүү калктар менен ассимиляциялашып, көпчүлүк жетекчилери Исламды кабыл алышкан. 19-кылымдын орто ченинен тарта Россия жана Улуу Британия Ооганстан үчүн өз ара каршылашып турушкан. Ооганстанды каратуу үчүн Британия аймакта үч жолу согушту. Алардын биринчиси 1838-1842-жылдары, экинчи согуш 1878-1880-жылдары жана үчүнчүсү 1919-жылы болуп өткөн. Британия өзүнө караштуу кадр эмир Шуджаны 1838-жылы эле койсо да, кийинки согуштар аралагына чейин бир катар көтөрүлүштөр бийликтин алмашуусу менен коштолгон. Биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда Ооганстан вилаяты Усманий халифалыктан толугу менен бөлүнүп кетип, согуш учурунда Британия менен жашыруун кызматташкан. Бул үчүн шах Хабибулла Британиядан материалдык жардамдарды алып турган. А түгүл, согуштун аягында атайын сыйлык тапшырылган. Ошентсе да Британия Ооганстан үстүнөн толук көзөмөл орното алган эмес!

Афганистан экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Советтер Союзун түштүктөн Иран, Булуң жана Индия жарым аралы тарапка кеңейип баруудан тосуучу сызык болуп калды. Ушул сызык 1961-жылы Венада Хрущев менен Кеннединин ортосунда болуп өткөн учурашуудан кийин нейтралдуу аймакка айланып калган. Бирок, Советтер Союзу Афганистандын башкаруу түзүмүнүн алсыздыгынан пайдаланды жана 1979-жылы ага чабуул кылды. Аминдин режими кулатылып, анын ордуна Бабрак Кармаль дайындалды. Бирок, Кармалдын 80-жылдардын 1-жарымында Ооганстанда «советтик үлгүдөгү социализмди» куруу аракети ийгиликсиз аяктаган. Анткени, Америка СССРдин басып киришине нааразылыгын «мужахид»дерди түрдүү куралдар менен колдоп-кубаттоо аркылуу көрсөттү. Пакистан, Саудия жана Иран сыяктуу Америкага караштуу бийликтер ага ээрчишти.

1989-жылга чейин созулган согушта расмий эмес маалымат боюнча миллиондон ашык адам курман болгон. 1988-жылдын 7-июнунда БУУнун Башкы Ассамблеясында Ооганстандын ошол учурдагы президенти М. Нажибулланын билдиришинче, Ооганстан тараптан 244 миңдей аскер кызматкерлери жана жайкын тургундар курман болгон. Ал эми СССР 15 миңден ашык аскерин жоготкон. Мындан тышкары 140 миңден ашык аскери согуш мезгилинде ар кандай оорулардан улам өлүмгө учураган. О.э он миңдегени түрдүү жарааттарды алган. Ошентип, 1989-жылы 15-февралда СССРдин акыркы аскерлери жеңилген абалда Ооганстандан чыгып кетүүгө мажбур болду!

Советтер Союзу кулап, Афганистанда бири-бири менен күрөшүп жаткан күчтөр пайда болгондон кийин, Америка өз кызыкчылыктарына кызмат кыла турган жана бүткүл дүйнө мамлекеттери тарабынан таанылган күчтүү мамлекетти пайда кылууну каалап калды. Американын бир канча разведка башкармалыктары туруктуу мамлекетти пайда кылуу үчүн пландарды иштеп чыкты. Бирок, кандай болгон күндө да ийгиликке жетише албады. Америкадан тышкары Россия, Индия, Пакистан, Саудия, Иран, Кытай ж.б. мамлекеттер колдоп-кубаттаган кыймылдар, жамааттар, коомдор пайда болду жана ушул кыймыл менен жаматтардын арасындагы күрөш күчөдү. Мунун натыйжасында, иштер изинен чыкты. Кийин Талибан кыймылы пайда болду. Бул кыймыл биринчи жолу 1994-жылы Пакистандын ички иштер министри генерал Насрулла Бабилдин Ооганстанга болгон зыяратынан кийин түзүлдү. Кыймылга молдо Умар жетекчи болуп дайындалды. 1994-жылы «Талибан» бирикмелери Кандагарды, 1996-жылы Кабулду ээлешип, ээлеген аймактарын Ооган Ислам Эмираты деп жарыялашкан. Кандагар Афганистандын түштүгүндө жайгашкан болуп, Талибан кыймылынын эң маанилүү борбору. Себеби, ал Пакистанга жакын жана пуштун уруулары да ошол жерде жайгашкан. О.э. алардын Пакистанда улуттук байланыштары бар.

Бул жылдары өлкөнүн айрым аймактары Гулбеддин Хикматияр, Дустум жана Ахмад шах Масуддардын көзөмөлүндө болгон. Талибандар 1997-жылы Дустум көзөмөлдөгөн Герат жана Мазари Шариф шаарынын бир бөлүгүн караткан. Натыйжада Дустум Түркияга качууга аргасыз болгон. Ал эми Масуд баштаган Түндүк Альянс 2000-жылга чейин талибдерге каршы согушкан. 2000-жылдары Талибан өлкөнүн негизги бөлүгүн көзөмөлдөп калды жана Американын талаптарына моюн сунуудан баш тартты. Ошондон кийин, Америка тарабынан Афганистанга каршы согуш башталды.

Буштун учурундагы Ооганстан саясаты

Саясат менен алектенген ар бир адамга белгилүү болгондой, ири мамлекеттер маанилүү чечимди, айрыкча согуш ачуу чечимин план жана алдын ала программаларды түзбөстөн кабыл алышпайт. Американын Ооганстанга согуш ачуусуна түрткү берген негизги маселе Талибан эмес болчу. Белгилүү болгондой, эл аралык саясатта СССР кулагандан кийин НАТОнун миссиясы талкууланып, Европа бул союзду Американын куралдарынын бири деп эсептей баштады. Ошондуктан, Европа «Европанын тез аралашуучу күчтөрү» деп аталган өз алдынча армиясын түзүүгө аракетине өттү. Анын курамы толук бир жыл согуша ала турган бардык даярдыкка ээ болгон 60 миң кишини камтышы туурасында токтом кабыл алынды. Американын Европаны бул токтомдон баш тарттыруу үчүн кылган аракеттери майнап бербеди. Ал Европаны көзөмөлдөп туруу жана НАТОнун таасирин сактап калуу үчүн жаңы душман издей баштады. Ошентип, кичүү Буштун админстрациясы тарабынан каапырлардагы Исламга жана мусулмандарга карата болгон жек көрүүнү күчөтүү жана Ооганстанга бастырып кирүү үчүн 11-сентябрь окуясынын картасы чийилди. Нью-Йорктогу Эгиздер мунарасы атайын кулатылгандан кийин Америка Ооганстанга бастырып кирди. Бул окуянын артынан АКШ «Жалгыз Америка» саясатын жүргүзө баштады. Американын өлчөөсү кичүү Буш айткандай «Силер же Америка менен бирге болгула же террористтер менен бирге болгула» деген тараза менен өлчөнө турган болду. Бул нерсе Американын бүткүл дүйнөдөгү аны менен шериктештик кылбай жаткан же башкаларга моюн сунган мамлекеттерге кирип баруусуна жол ачып берди.

Жаңы ойлоп табылган терроризм шылтоосу менен Америка Азия түштүгүнө жана Орто Азияга орношуп алууга аракет кылды. Мындан максаты ал жердеги исламий өнүгүүгө ар тараптан тосук коюу жана Кытай менен Орусиянын региондогу таасирин сындыруу же токтотуу болду. Исламга тосук коюу үчүн Ооганстандагы Талибанды бийликтен оодарып, аймакта терроризм коркунучун жайды. Бул иштер Американын борбордук разведкасынын планы менен ишке ашырылды. Маселен, ЦРУнун таанымал кызматкери Роберт Макферлинге Талибандын ордуна башкаларды бийлик башына алып келүү планы тапшырылды. Макферлин мына ушул иштеринин алкагында генерал Абдулхакты Афганистан жетекчилиги үчүн ылайыктуу кандидат катары сунуштады. Мурун, 1986-жылы, президенттик доору учурунда Рональд Рейган Ак үйдө Абдулхакты кабыл алып, аны «Афганистан азаттыгы үчүн согушуп жаткан кишилерге башчылык кылып жаткан эр жүрөк жетекчилердин бири» деп атаган. Кийин Абдулхак Американын чалгындоо иштерине көптөгөн кызматтарды кылып берди.

Америка Ооганстан аймагында күчтүү светтик мамлекетти пайда кылууну каалады. Анткени, Афганистан стратегиялык жактан маанилүү чекитте жайгашкан. Афган жерлери Россияга көз каранды болгон Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга о.э. алардан сырткары Кытайга чектеш жайгашкан. Бул өз кезегинде Орусия менен Кытайдын таасирин чектөөгө жана Орто Азия байлыктарын Афганистан аркылуу ташып кетүүгө шарт жаратмак. Мындан сырткары, Афганистан Пакистанга жана Каспий деңизиндеги үлкөн нефть запастарына коридор болгон Иранга да коңшулаш. Дал ушул факторлор ал жерде күчтүү жана туруктуу мамлекеттин болушун талап кылат. Мына ушул максаттарга жетүү үчүн 2001-жылы АКШ башында турган коалициялык күчтөр жаңы ойлоп табылган «терроризм» шылтоосу менен Ооганстандагы талибдердин режимин кулатты. 2001-жылдын аягында Бонн шаарында Ооганстандын саясий күчтөрүнүн конференциясы болуп өтүп, АКШга малайлык кылган Хамид Карзай жетектеген убактылуу администрация түзүлдү. 2002-жылы Лоя Жирганын (ооган парламенти) отурумунда Карзай мамлекет жана өкмөт башчысы болуп шайланды. Буга чейин Хамид Карзай Американын «Юнокл» нефть компаниясында кеңешчи болуп иштеген.

Америка өзүнүн артынан жүрбөгөндөрдү «Америкага каршы» деген доо менен коркутту. Ошондуктан, Америка өзүнүн аскердик базаларын Афганистан менен Пакистандан тышкары Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстанда курууда оңойлук менен ийгиликке жетишти. Кичүү Буштун админстрациясы текебер саясатын жүргүзүүнү Ооганстан менен эле чектебеди. Америка 2003-жылы БУУ Коопсуздук Кеңешинин ветосун көзгө илбестен Иракка согуш ачты. Ошентип, «терроризм» НАТО сакталышы үчүн ойлоп табылган эл аралык душман болуп калды. Бул шылтоонун арты менен Америка Ооганстанга бастырып кирди. Американын кийинки президенттери да терроризм ураанын кайталай турган болушту.

Обаманын учурундагы Ооганстан саясаты

Белгилүү болгондой, кичүү Буштан кийин Обама бийликке келди. Ал шайлоо алдындагы кампаниясында «аль-Каида» жана «Талибанды» жок кылуу зарылдыгы жөнүндө тынымсыз жар салган. Буштун мөөнөтү аяктап, бийлик Обамага өтүп жатканда Американын аскерий жетекчилери Афганистандагы ийгиликсиздикке каршы жаңы стратегия үстүндө баш катыра башташты. 2009-жылы март айында жаңы стратегия иштелип чыкты. Арадан 6 ай өтүп, бул стратегиянын ийгиликсиздиги жарыя кылынып, анын ордуна дагы башка кең көлөмдүү жана «абдан жакшы түзүлгөн» стратегия маалым кылынды. Бирок, Американын бул стратегиясы да ийгиликсиз чыкты жана мурунку стратегиялардан анчейин айырмасы болбоду. Бул стратегия да аль-Каиданы, Талибанды жок кылууга, алардын айрымдарын өздөрүнө каратып алууга, жетекчилерин сатып алууга каратылган. Ал эми, Пакистандан армияны талибдерден «тазалоо» талап кылынган. Ушул максатта майда шаарларда «Лашкар»лар түзүлдү. Анын максаты Талибанды кайрадан тикеленишин алдын алуу болуп, бул кошуундар шаарларды коргоо вазыйпасын аткарышты жана муну менен Талибандын таасирин алсыратуу көздөлдү. Афганистандагы Америка аскерлери да ушундай эле вазыйпаны аткарышты. Ондогон шаарларын басып алып, аларды аскерий тараптан Талибандан азат кылышты. Кийин, бул шаарларды Талибан үчүн кулпуланган райондорго айландырып коюшту. Өздөрүнүн гана аскерий күчтөрү менен эмес, балким ал жерлерде да лашкарларды түзүү аркылуу райондорду коргоого, «аль-Каида» жана «Талибандын» бул райондорго кайтып келбешине аракет кылышты. Афган армиясынын саны 134 000ге, полициянын саны 82 000ге жетиши үчүн армия жана полиция сабына кошулууга чакырыктар башталды. Кийин армияны чыңдоого, аларды буйруктарга моюн сунуучу кылып кармап турууга аракет кылышты. Булардын баары өз нугунда ишке аша баштагандан кийин Америка аль-Каиданын жана Талибандын негизги жетекчилери жайгашкан жерлер жөнүндө чалгындоо маалыматтарын ала баштады. Аларды жок кылуу үчүн учкучсуз самолётторду жиберди. Муну менен катар Хикматияр жана Хакканий сыяктуу айрым исламий жамаат жетекчилери менен да жашыруун алакаларды түзүштү.

Бирок, Американын мындай кооз стратегиялары аны жеңишке жеткире албады. Тескерисинче, ал Обаманын учурунда баткакка дагы да терең батып калды. Обаманын мөөнөтү бүтүп жаткан кезде Америка афган жеринин 70%ынан көбүрөөк бөлүгүндө өз үстөмдүгүн жоготту. Пакистан талибаны Афганистан талибаны тарапка өтүп кетти. Кошмо Штаттардын таасири айрым бир аскерий базаларда гана көрүнүп, бул базалары менен өзүн ракета чабуулдарынан гана коргой турган болуп калды. Анын бул оор абалынан башка мамлекеттер пайдаланды. Мисалы, Кытай таң калтыра турган тездикте өзүн аскерий жана экономикалык жактан экинчи дүйнөлүк мамлекет катары көрсөтүүгө карай бара жатат. Европа айрыкча Германия эл аралык маселелерге аралаша турган таасирге ээ боло баштады. Россия болсо карыздар баткагынан чыгып алды. Мунун баары Америка Ооганстан жана Ирак чөлдөрүндө мойнуна чейин көмүлүп жаткан мезгилде жүз берди. Ошентип, Афганистандагы абал ийгиликсиздик чекитине жетип барды. Американын алдында бир гана жол калды. Бул Талибанды өзүнө оодуруп алуу. Ал регионалдык мамлекеттер аркылуу Талибан менен сүйлөшүүлөрдү алып барууга урунуп, буга жетише албады. Кийин Талибанды келишүүгө мажбур кылуу үчүн ага аскерий басым өткөрүүгө урунду. Буга макул кылуу үчүн Америка абадан бомбалоону Талибандардын базаларына каратты, айрыкча сүйлөшүүлөрдү четке кагып жаткан тараптарга каратты. Алардын катарында Талибан кыймылынын лидери Ахтар Мансурга каршы абадан сокку урулганы айтылды. Анткени, Пентагон Ахтар Мансурду Талибан менен Ооган өкмөтү ортосунда тынчтык келишимине жетишүүдө тоскоолдук жаратып жаткан тарап катары эсептеген. Ошентип, Обаманын президенттик мөөнөтүнүн акыркы мезгилинде Американын Ооганстандагы аскерлерин азайтуу, талибанды сүйлөшүү столуна чакыруу сөздөрү жаңыра баштады.

Трамптын учурундагы Ооганстан саясаты

АКШ Афганистанга кирген 2001-жылдан бери Талибан жана афган калкына каршы күрөштө триллиондогон долларлары сапырылды. Афганистан тоолорунда миңдеген аскеринен кол жууду. 20 миңден ашык аскер майып болуп үйлөрүнө кайтты. Мына ушул чыгымдардын жана ийгиликсиз стратегиялардын артынан Америка Ооганстандан чыгуунун үстүндө баш катыра баштады. Обамадан кийин келген президент Трамп 2017.01.22. Твиттердеги баракчасында мындай деди: “Ортоңку Чыгыштагы согушка акмакчылык менен жети триллион жумшаганыбыздан кийин өз өлкөбүздү куруу үчүн кайтуу убактысы келди”. Forbes журналынын изилдешинче, Америка Ооганстандагы согушта бир триллион 70 миллион доллар сарптады. Мындан улам Америка Талибан кыймылын сүйлөшүүлөргө тартууну алдыдагы бирден бир тандоо катары көрдү. Ушул тандоо Американын Ооганстан жаатындагы ишке ашырыла турган негизги стратегиясы болду. Бул  багытта Америка Мамлекеттик департаменти Залмай Халилзадды Ооганстандагы атайын ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындап, бул план боюнча конкреттүү тапшырма берди.

Америка алгач Талибан менен Ооган режими ортосунда сүйлөшүү өткөрүүгө урунду, бирок ал ийгиликсиздикке учурады. Андан соң аймактагы өзүнө малай режимдерди ишке салды. Тышкы көрүнүшүнөн Исламды, ичинен Батышка малайлыкты көрсөткөн Саудия, Пакистан, Иран жана Түркия сыяктуу мамлекеттерден пайдаланды. Алардын жардамында Талибан Америка менен сүйлөшүү өткөрүүгө макул болду!

Пакистан өкмөт башчылыгына Имран Хан келип, ал Талибандын ишенимине кире турган кырдаалдарды жаратууну дагы да күчөттү. Негизи Пакистандын талибдер менен болгон алакасы жалаң гана Америка сызып берген сызык менен жүргөн. Маселен, 1996-жылы Пакистан Талибдердин Ооганстанда бийлик орнотушу үчүн колдоого алган. Кийин кичүү Буштун мезгилинде аны жардамсыз таштап койду. Жада калса, Пакистандын ичиндеги талибдерди да Америка кызыкчылыгы үчүн куугунтукка алды… Учурда Америка Ооганстанда аскерий жактан ийгиликсиздикке учураганда кайрадан Пакистанды ишке салып жатат. Исламабад болсо Талибан кыймылы менен болгон мурунку көпүрөсүн кайрадан кура баштады.

Катар Дохада Талибан үчүн кеңсе ачып берди. Талибан Катардын мындай колдоого алуусу анын таасирин күчөтөт деп түшүндү. Бирок, Катар ачык эле бул кеңсенин ачылышы Америка Талибан сүйлөшүү жараянын калыпка салуу үчүн кылынгандыгын жарыялады. Катар бул кызматты аны блокадага алып жаткан Америка таасириндеги мамлекеттерден коргонуу үчүн кылды.

Баардыгынан кейиштүүсү, Дохадагы алты күнгө созулган сүйлөшүүлөр Талибандын катышуусу менен өттү. Жолугушууда  “Талибандын” жетекчиси Вахид Муджда мындай деди: “Эки тарап чет элдик куралдуу күчтөрдү чыгаруу боюнча өз ара түшүнүшө алды. Ооганстан дүйнөнүн кайсы бурчуна болбосун, ага коркунуч жаратпашы боюнча да өз ара түшүнүшө алышты”. Ал дагы ачыктап: “Талибан эл аралык тараптын коргоосу менен сунушталып жаткан тынчтык жараянын колдонуу кепилдигине аракет кылып жатат”, – деди. (“Анадолу” агентиги, 2019.01.26.).

Демек, келишимге кол коюлгандан баштап Талибан кыймылы башка жихадий жамааттар Ооган аймагын Америкага каршы колдонушуна жол бербөөнү өз кепилдигине алат. Муну менен катар Америкага карата чабуулдарды токтото турган болду. Маселен, Америка Пакистанга согуш ача турган болсо Талибан келишимге ылайык Пакистанга жардам бере албайт. Түпкүлүгүндө мусулмандар бир үммөт болуп, согуш жана тынчтык алардын баарына тиешелүү болушу шарт эле.

Талибан тереңдеп пикирлесе, Америка аларды өзү менен сүйлөшүү столуна отургузуу үчүн жергиликтүү малайларына бар күчүн жумшап, аргасыздан өз малайларына кысым өткөрүүгө мажбур болуп жаткандыгын аңдайт эле. Эгер алар пикирлесе, 20 жылдан бери Талибандын баатырдык менен Америкага каршы жихад кылып, аскерий да, экономикалык жактан да Американы сазга батырганын көрөт эле. Ушулардын баардыгына пикир жүргүзүшсө, Америка Ооганстанда расмий эмес түрдө жеңилгендигинин акыйкатын көрүшмөк. Америкага бул жеңилүүнүн соккусу тийип, ири держава бир Талибандан жеңилди деген аталыш менен шермендеси чыккан абалда кайтып жатышканын көрүшмөк.

Ал эми, Америкага жанма жан жүрүү эч качан аманчылык алып келбейт. Аллах айтат: “Алар (мушриктер) эч бир момунду жана убада-келишимди лаазым тутушпайт (силерге үстөм келсе силерди эч качан аяшпайт) алар чектен ашуучулар” (9:10)

Демек, Дохадагы келишимдер түпкүлүгүндө шариятка каршы келүү менен бирге Американын негизги кызыкчылыктарын ишке ашырып берди. Анткени, Трампты бул сүйлөшүүлөрдү тез арада аягына чыгарууга түртүп жаткан нерсе Ооган өлкөсүндөгү эбегейсиз кен байлык болчу. Бул байлыктардын баасын, Америка триллион доллар деп баалаган. Буга кошумча, Ооганстан Орто Азиядан келген мунай жана кен байлыктарга коридор боло алат. Мына ушул максатта CASA-1000 долбоору Батыш компанияларынын сунушу менен түзүлгөн. Долбоор ишке ашса Кыргызстан жана Тажикстан электр энергиясы Ооганстан менен Пакистанга экспорттолот. Бул үчүн миңдеген чакырымдык электр линиялары тартылып, станциялар курулушу шарт. Бир караганда бул иш 35 миллион афган калкынын жана 217 миллион Пакистан калкынын электр энергияга болгон муктаждыгын кандырууга каратылган деген ой пайда болот. А бирок, бул долбоор – Афганистанга аскерий баскынчылыгын жүргүзүп келе жаткан колонизатор Американын долбоору болуп эсептелет. Ал электр линияларынын артынан Орто Азия менен Түштүк Азияны туташтырган темир жол курууну пландаштырууда. Максат, Орто Азиянын миңдеген тонна алтын жана башка баалуу металдарын, чалкып жаткан газ жана мунай запастарын Ооганстан аркылуу ташып кетүү. Ошондой эле, Кыргызстан менен Тажикстандан экспорттолгон электр энергиясы Ооганстан менен Пакистандагы табигый байлыктарды казууга жана ташып кетүүгө колдонулат. Даяр продуктулар кемелер аркылуу ташылып кетет.

Буга байланыштуу «Нью-Йорк таймс» макала басып чыккан: «Трамптын белгилүү үч жардамчысы Ооганстандагы аз кездеше турган кен байлыктарды казуу иштерин талкуулоо үчүн “American Elements” химиялык компаниясынын жетекчиси Майкл Силвел менен жолугушуу өткөрдү. Бирок, кошумча аскерий күчтү жиберүү жана кен байлыктарды иштетүү жеңил болушу үчүн Ооганстандын темир жол сыяктуу инфрастуктурасын өнүктүрүү керек…». Американын Орто Азиядагы түпкү кызыкчылыгын 1997-жылы эле Ак үйдүн расмийлери ачыктаган. Маселен, Американын тышкы иштер министринин жардамчысы Карл Андерфорс 1997-жылдын 22-октябрында Конгресстеги тышкы мамилелер комитетинин алдында берген көрсөтмөсүндө мындай деген: «Афганистандагы чыр-чатактын улана бериши Орто Азия регионунда Американын максатын ишке ашырууда кыйынчылыктарды көбөйтөт. Согуштун улана бериши, мейли Афганистан аркылуу болсун, мейли аймактын башка мамлекеттери аркылуу болсун, энергия булактары менен соода жолдорун өнүктүрүү процессинин алдына тоскоолдуктарды коё берет».

Мына ушундайча Америка Трамптын учурунда Ооганстандагы аскерий чыгашаларын кыскартып, Талибанды тузакка тартуу менен өзүнүн түпкү колонизаторлук кызыкчылыгын ишке ашырууга аракет кылды.

 Ооганстан жаатындагы учурдагы саясат

Бул тууралуу Хизб амири, улуу аалым, урматтуу шейхибиз Ато ибн Халил Абу Роштанын суроолорго берген жообунан тааныша аласыздар, инша Аллах

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here