Даъватты көтөрүп чыккан Умар Фаруктун өлтүрүлүшү – илманий жетекчилер Умматты жана анын Исламын бутага алууну токтотпошунан кабар берүүдө

91
0

Басма сөз баянаты

Даъватты көтөрүп чыккан Умар Фаруктун өлтүрүлүшү – илманий жетекчилер Умматты жана анын Исламын бутага алууну токтотпошунан кабар берүүдө

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Бангладеш вилаятынын мүчөлөрү, өлкөнүн тоолуу аймагында жайгашкан Бандарбанд мусулмандарына алардын лидери Умар Фарук Тарибура боордошубуздун өлтүрүлгөнүнө байланыштуу көңүл айтабыз. 55 жаштагы боордошубуз өз үйүнүн алдында Ислам душмандары тарабынан шейит кылынды. Биз Роббибиз ыраазы боло турган:

﴿إِنَّا للهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ﴾

«Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз»                                                                                                        [2:156]

дегенден башка аргабыз жок. Аллах Азза ва Жаллага дуа кылып, боордошубузду кабыл алышын жана махшарда пайгамбарлар, сыддыктар, шейиттер жана салихтерге шерик кылышын сурайбыз. Аларга шерик болуу кандай гана чоң бакыт. Аллах Субханаху ва Таала боордошубуздун шейиттигин баарыбызга жаныбызды жана малыбызды Анын жолунда курман кылышыбыз үчүн ибрат кылсын.

Умар Фарук боордошубуз 2014-жылы үй-бүлөсү менен бирге христиан дининен Ислам динине кирди. Ал ушул убакытта башка 30дан ашык үй-бүлөнүн да мусулман болушуна кызмат кылды. Бандарбанд районунда мусулмандар үчүн биринчи мечитти өзүнүн жеке акчасынан курду. Райондогу Руячури айылында Исламды кабыл алгандардын биринчиси болду. Айыл калкынын айтымында, ал жердеги улутчул террорист топ Умар боордошубуз Исламга күчтүү даъват кылып жатканы үчүн дайыма өлтүрүү менен коркутуп келген… акыры алар ниеттерине жетишти. Бүгүнкү күндө райондо азчылыкты түзгөн мусулмандар коркуу жана тынчсызданууда жашашууда, себеби, полиция алардын коопсуздугун камсыздабай жатат.

Боордошубуз менен болгон бул окуя Бангладештеги бардык мусулмандар үчүн, айрыкча, коомдо таасирге ээ адамдар үчүн эскертүү болушу керек. Балким, Ислам жана мусулмандар улутчул Бенгал режимине караштуу мындай улутчул топтор тарабынан катуу чабуулдарга учурап жатканда мусулмандардын түпкү милдетин түшүнүп жетишер.

Ооба, бул боордошубуз кылымыбыздагы катардагы мусулмандардын бири эмес эле. Ал өзүнө Умар Фарук ысымын бекеринен койбоду… Ал экинчи рошид халифа Умар ибн Хаттаб розияллаху анхуга окшоо үчүн койду жана чындыгында акыйкат менен батылды ажыраткан фарук Умарга айланды. Ал коркутуулардан коркпостон, убадасында бекем туруп, Исламды ачык коргоду, ага Аллах Азза ва Жалланын:

﴿مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلاً﴾

«Момундар арасында Аллахка берген убадасында бекем турган кишилер бар, алардын айрымдары өз убадасына турушту (т.а. шейит болду), айрымдары болсо ынтызар, алар (убадаларын) өзгөртүшкөн жок»                                                                                [33:23]

деген аяты өтө ылайык келет.

Эй мусулмандар!

Хизб-ут-Тахрир силерге акыйкатты жеткирүүдө такыр чарчабайт. Чындыгында, бул илманий демократиялык түзүм өкүм жүргүзсө, Ислам жана мусулмандар эч качан коопсуз болушпайт. Илманийлик Исламга бүтүндөй тескери болгону үчүн илманий жетекчилер Ислам өкүмдарлыгы алардын режимине реалдуу коркунуч деп билишүүдө. Өзгөчө, регионалдык саясий көз караштан өтө маанилүү болгон бул тоолуу райондордо Ислам кеңири жайылып жаткандыктан да алар өздөрү үчүн Исламды коркунуч деп эсептешүүдө. Ушул себептен улам, бул илманий Хасина өкмөтү ал жердеги террорчу кафир топторго каршы күчтүү чара көрүшү кыйын. Хасина өкмөтү Бангладештеги мусулмандар аз санда болгон бул алыскы региондорду кафилерге олжо кылып таштап коюшу турган кеп. Мындан тышкары, ансыз деле өкмөт Исламдан алынган ар кандай саясий пикирди – кандай багытка таандык пикир болушуна карабастан – бастырууда. Муну өкмөттүн «коопсуздук кызматы» жакында жаш мусулман активистти уурдап кеткени да тастыктап турат. Активисттин «айыбы» – Халифалык кайра тикеленүү алдында турганын, кафирлер Исламга каршы фитна пландап жатышканын айтканы болду.

Ушул себептен улам, биз Бангладештеги бардык мусулмандарды Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу шейит Умар Фарук боордошубуздун жолун ээрчүүгө чакырабыз. Ушуну менен гана мусулман да, зиммий да Батыштын куфр идеологиясынан аман калат. Халифалык мамлекети гана толук алардын кызматында болуп, өмүрлөрүн коргойт.

Эй Бенгал кошуундарындагы калыс офицерлер!

Садык жана кайраттуу Умар Фарук жашоонун максаты эмне экенин туура түшүндү. Арийне, Аллах Азза ва Жалла менен болгон убадасында бекем турду жана өтө алсыз бир жаран болушуна карабастан, өмүрүн Исламды жаюуга курман кылды. Ал эми, силер кудуреттүүсүңөр жана бийликтин чыныгы ачкычтары силердин колуңарда. Ушул жагынан, Аллах Субханаху ва Таала менен болгон убада-шертке баарынан да силер бекем турушуңар, Ислам жана мусулмандарды коргоо үчүн күчтүү позицияны карманышыңар зарыл. О.э. бүгүнкү күндөгү илманий башчыларды кулатышыңар жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн бийликти Хизб-ут-Тахрирге тапшырышыңар керек. Бул – силердин милдетиңер, демек, аны аткарууга көңүл бургула. Антпесе, бул дүйнө жана ахыретте күч-кубатыңар өзүңөргө кайгы-өкүнүч болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here