Австрия мусулмандарга тыңчылык кылып күзөтүүдө

202
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Австрия мусулмандарга тыңчылык кылып күзөтүүдө

 Юсуф Салама – Германия

Австрия Интеграция министри Сусанне Рааб: «Саясий Ислам – коомубуз жана социалдык турмушубуз үчүн уу, ага каршы бардык каражаттар менен күрөшүү керек», – дегенге батынды. Мурун да Сусанне «саясий исламга каршы күрөшүү» анын маанилүү вазыйпаларынын бири болуп каларын баса белгилеген.

Ошондуктан, ал 2020-жылы июлда айтылып жаткан «саясий ислам»ды документтештирүү менен алектенген борбор ачты жана муну «саясий исламдын коркунуч туудурган пикирлерине каршы күрөшүү» менен шылтоолоду. Ал борборду ачуудан мурда ушул максатын эки адамга маалым кылганда, алар: «Бул Европанын күчтүү кадамы болот», – деп алкышташкан. Алардын бири социология жана ислам таануу боюнча профессор Муханад Хорхиде болсо, экинчиси «Жорж Вашингтон» университетинин тушундагы экстремизм борборунун жетекчиси Лоренцо Ж. Видина.

Сусанне Хорхидени тандагандыгына келсек, Хорхиде «муътадил мусулман» катары таанылган о.э. Австриянын мурунку ультра оңчул өкмөт мечиттерди жапканда, ага каршы чыгуу менен атагы чыккан. Кийинчерээк сот мечиттердин жабылышын мыйзамсыз деп тапкан. Түпкүлүгүндө, бул Хорхиде деген кимсе Исламга каршы күрөштө министр Сузаннеден да жаман болуп эсептелет.

Видиного келсек, Австрия Федералдык канцлери Себастьян Курц «саясий исламга» каршы күрөшүндө ушул кимседен пайдаланган. Видинонун тарыхы анын мусулмандарга каршы уюмдар менен алака кылган деп күмөндөлөт. Сусанне аны ушул себептен тандаган болсо керек.

Демек, бул жерде тема күзөтүү жана көзөмөлдөө борборун ачуу үчүн мыйзамдуу негиз жана элдин колдоосун жаратуу жөнүндө болууда, кудум банан республикалары жана мусулман өлкөлөрүндө тыңчылык кылуучу борборлор сыяктуу. О.э. Кытай жана Россияда да ушундай борборлор бар.

Шек күмөнсүз, Интеграция министри тыгыштырып жаткан мындай чара текчилдикке негизделген. Негизи, «цивилизациялашкан дүйнө» мамлекеттери текчилдикке каршы күрөшүүлөрүн о.э. антисемитизмди тизгиндегендиктерин айтышат. Бирок, маселе мусулмандарга, өзгөчө, Ислам түзүмүнө барып такалганда бул мамлекеттердин цивилизациясы өзүүнүн түпкү жүзүн ачыктоодо.

Сусанне Рааб кыздардын хижаб кийишине тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамды алга сүргөн жана «алар хижабды өз ыктыяры менен кийишпейт, ата-энелери ушуга мажбур кылат» деген. Натыйжада, бул мыйзам сурамжылоо же кыздарды хижаб кийүүгө мажбурлоо абалдарын үйрөнүү негизинде кабыл алынган жок. Бул мыйзам Исламга душмандыктан келип чыгып о.э. «ушундай кылуу керек» деген зордук негизинде кабыл алынды. Эми, кыздардын хижабын ушул негизде чечүү мүмкүнбү?! Кыздардын каалоосу жана пикирлери эске алынбайбы?! Демек, демократия мыйзам менен ата-эненин зордугун айырмалай албайт?!

Интеграцияга келсек, мына ушундай мыйзамдуу чаралар адамдарды өз каалоосуна жана умтулуусуна тескери нерселерге мажбур кылат. Бул иш-чаралар түзүмдүн ийгиликсиздигине, ал жеке каалоолорду кандыруу үчүн диктатордук даражасына түшүп кеткенине далил. Муну менен Батыш айтып жаткан жеке эркиндик жана ишеним эркиндиги принцибине негизделген адамдардын ишенимдери тебеленгени көрүнүп турат. Маселе Ислам жана мусулмандарга барып такалса, түзүмгө тиешелүү бул пикирлер абага учуп кетет. Негизи, индустар, бутпарастар жана яхудийлер сыяктуу кайрымусулмандарга бул чаралар колдонуп жатканын эч көрбөйбүз. Демек, маселе алардын түзүмү каршысында турган түзүмгө тиешелүү болуп жатат. Алардын түзүмүнүн жасалмалуулугу адамдарга ачылып болду, бузуку-ыпластыгынан баары жийиркенүүдө.

Алар кандуу күрөштөр аркылуу Исламдын мамлекетин кулатып, саясий вужудун жок кылышкан соң, аны кайтып тикеленбей турган кылып жок кылдык деп ойлошкон. Бирок, азыр алар ушул саясий вужуддун-мамлекеттин кайтышынан коркуп калышты. Ошондуктан, Ислам мамлекетин жырткыч кылып көрсөтүп жатышат. Мисалы, ушул Сузанна: «Өкмөтүбүз исламий уюмдарга жана алардын өлкөдөгү ячейкаларына каршы күрөштү пландаштырууда», – деди. Ал адамдарды адаштыруу максатында «ыйыктык даражасындагы асман дини сыпатындагы Ислам менен адамзатка душман болгон идеология сыпатындагы саясий Исламды айырмалап алуу зарылдыгына» чакырды. Бул аял Исламды жырткыч дин дегенден уялбады, бирок, ал адамзат Исламдын он үч кылымдык доорунда тынч жана коопсуз жашаганын да жакшы билсе керек. Мындан айырмаланып, акыркы эки кылымда Батыш жана анын жырткыч капитализм түзүмү зомбулук, зулумдук кылды. Батыш ушулардын жардамында өлкөлөрдү колония кылды, адамдарды репрессия кылып, байлыктарды талап-тоноду. Муну Сузаннанын билбеши мүмкүн эмес.

Сузанна профессор Хорхидени өзүнө кеңешчи кылып алганы таң калычтуу эмес. Себеби, экөөсү тең бирдей пикирлешет. Хорхиде «саясий исламий уюмдар» ислам атынан бийликке келүүнү көздөйт жана адамдарды манипуляция кылуу үчүн динден пайдаланышат деген.

Экстремисттик исламды документтештирүү борбору Интеграция министрлигине карайт. Анын кеңеш комитети эксперттерди өз ичине алат. Алардан эң белгилүүсү Интеграция министри Сусанне Рааб маалымдашынча, Ихван уюму боюнча батыштык аналог жана АКШнын «Жорж Вашингтон» университетинин тушундагы Экстремизм борборунун жетекчиси Лоренцо Ж. Видино.

Мына, маселе айкындашты. Демек, Батыш бир тараптан Ислам, экинчи тараптан капиталисттик демократия ортосунда уланып келе жаткан пикирий жана саясий күрөштү алып барууга чамасы жетпейт.

Алар идеологиялык күрөш алып баруунун, пикирге каршы пикир менен күрөшүүнүн, адамдар кайсы бирин туура жана абзел экенине канааттанып кабыл алуулары үчүн аларга пикир берүүнүн ордуна, мыйзам жана бийлик аркылуу зомбулук кылуу жолуна өтүштү. Адамдарга каршы тыңчылык кылуу, аларды күзөтүү жана көзөмөлгө алуу, басым өткөрүү сыяктуу каражаттарды колдоно турган болушту, мисалы, мусулман өлкөлөрүндөгү залим режимдер кылып жатышкандай.

Исламга каршы баяндар ультра оңчулдардын эрежесине айланды, парламентке келүүгө жардам берген трибунага айланды. Кээ бирөөлөрү маселени муътадил мусулмандан жана муътадил исламдан аралашкан ыплас ыкмалар менен козгоп жатат. Мында жалаң рухий жакка этибар каратылат, башкасына эмес.

Акыбетте, бул сыяктуу чаралар алар айткан исламчылардан жана террористтерден эмес, Исламдан коркууга жана мусулмандарды жаман көрүүгө алып барды. Терроризм дегенде белгилүү бир жамаат же хизб эмес, Ислам жана мусулмандар түшүнүлө турган болду. Алардын терроризм адамдарга жана жамааттарга тиешелүү деген сөздөрү жалган. Бул жалган алар үчүн коомдогу коркуу даражасын көтөрүүлөрүнө, арийне, туруксуздукка жана интеграциялык жараянды кыйратууга жардам берет.

Ал эми, туруксуздук ар кандай чет элдик адамдан кутулууга, ар кандай жат пикирден баш тартууга чакырып жаткан ультра оңчул топтордун пайда болушуна, улутчулдукту жана текчилдикти бекем кармоого, текчилдикке чакырган ураандарды көтөрүп чыгууга алып келди. Ал тургай, муътадил саясатчылар мына ушундай текчил топторду өзүнө тарткан баяндарды кылышты, себеби, алар коомдо көбөйүп, көптөгөн региондордо коомдук пикирге өкүмдар болуп калды.

Бул иштер Австрияга гана чектелбестен, мусулмандарды кемсинтүү жана алардын акыйдаларын акаараттап, турмуштук жолдоруна каршы күрөшүү бүткүл Батыш мамлекеттеринде адатка айланды. Ал жерлердеги мусулмандар аларды коргой турган эч кимди таба албай калышты. Кайдан табышсын, акыры, алардын өз мамлекети болбосо. Мамлекети болгондо, албетте Ислам кол тийгистигин коргоп, мусулмандарды эч кимге акаарат кылдырмак эмес. Акимдер да бул мамлекеттен коркуп, аны менен миң ирет өлчөп мамиле кылышмак, бир мусулмандын акааратталышына же кемсинтилишине батынмак эмес.

 

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here