АКШдагы окуялар жана алардын эл аралык абалга таасири

213
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

АКШдагы окуялар жана алардын эл аралык абалга таасири

(Экинчи бөлүк)

 Устаз Асъад Мансур

Америка Иракта жана Афганистанда мусулмандар тарабынан катуу соккуларды жеди, бул абал аны эки өлкөдө жеңишке жетише албаганын түрдүүчө түшүндүрүүгө мажбур кылды. Бул нерсени мурунку АКШ президенти Обама жана башка расмийлер ачыкташты. Мисалы, Буш менен Обама доорлорунда АКШ коргоо министри болгон Роберт Гейтс: «Эми, АКШ бир эле учурда эки согушка таптакыр кирбейт», – деди. Америка Ирактан 2008-жылы чыгып кетүү чечимин кабыл алды жана Афганистандан да чыгып кетүүгө даярданды. Бул Россиянын 2008-жылы августта Грузияга аскерий агрессия кылуусуна жол ачты. Ал муну Абхазия жана Түштүк Осетияны Америкадан тартып алуу максатында кылды. Ал эми, Америка унчуккан жок. Бул болсо, Американын дүйнөдөгү биринчи мамлекеттик макамына жарака жеткенине далалат кылат. 2020-жылы 29-февралда Америка төмөндөп кеткен аброюн тикелөө үчүн Афганистандан күчтөрүп алып чыгууну максат кылып, Талибан кыймылы менен келишим түздү. 2019-жылы 9-октябрда Трамп Твиттерде мындай деген: «Америка Жакынкы Чыгыштагы согушка 8 триллион доллар сарптады, миңдеген жакшы аскерлер өлдү же жаракат алды. Башка тараптан миллиондогон адамдар өлдү. Жакынкы Чыгышка баруу бүтүндөй жаман чечим болгон». Ал ушуга окшош билдирүүнү ушул жылдын апрель айында да айтты. Бул Америка согуштардын жүгүн көтөрө албай калганына, арийне, дүйнөнүн биринчи мамлекети болууга чамасы калбаганына далалат кылат.

Финансылык кризис жүзөгө келип, Американын кубаты жалган экендиги, кризисти чечүүгө бул мамлекет да, капитализм да кудуреттүү эместиги ачыкка чыкты, он жыл өткөнүнө карабастан, дагы эле анын акыбеттеринен кутула албай жаткан бул кризис канчалык оор экендиги ачыкталды. Ушул себептен улам, Америкага да, капиталисттик түзүмгө да, эл аралык финансылык системага да ишеничсиздик пайда боло баштады. Америка Экинчи дүйнөлүк согуштан дүйнөнүн эң күчтүү мамлекети катары жеңиш менен чыккан соң, 1944-жылы Бреттон-Вудс конференциясында кабыл алган токтомдору менен эл аралык финансылык системага өкүмдарлык кылып келе жатат. 2008-жылдагы финансылык кризис жүз бергенден кийин кээ бир мамлекеттер Америкадан жетекчилик тизгинин тартып алууга аракет кылууну баштады. Франциянын мурунку президенти Саркази ушул системанын ордуна жаңы эл аралык финансылык система жаратууга чакырды. Бул Американын эркин капиталисттик система үстүндөгү жетекчилигин о.э. Эл аралык Валюта Фонду жана Дүйнөлүк Банкка болгон өкүмдарлыгын андан тартып алууга чакырык болду. О.э. бул АКШ долларынын бардык валюталар өлчөнө турган жана бардык товарларды, айрыкча, нефть жана алтындын баасы белгилене турган негизги валюталык макамынан түшүрүүгө чакырык болду. Бул жактан Германия чыгып, кризистин келип чыгышына жана дүйнө калктарынын жакырланышына АКШ жоопкер деди. Бул айыптоо ошол жылы Германиянын мурдагы финансы министри Пеер Штайнбрюктун оозунан айтылды. Кытай долларды өкүмдарлыктан түшүрүү үчүн алтын системасына кайтууга чакырды жана Россия менен биргеликте өз валюталарында соода жүргүзүүгө аракет кылды. Мындан көрүнүп тургандай, Америка ушул мамлекеттер анын өкүмдарлыгына каршы баштаган аракетке каршы алсыз позицияда турат.

Исламий өлкөлөрдө, өзгөчө, араб мамлекеттеринде АКШ менен Европанын малайларына каршы нааразылыктар жана козголоңдор жалындады. Бул окуя айрыкча Американы силкинтип, козголоңдор менен алек кылып койду, учурда козголоңдорду басууда ийгиликке жетишип жаткан болсо да, бирок, дагы эле козголоңдор менен алек. Ушул Ислам Умматынын козголоңу менен Америка миң өлчөө менен мамиле кылууда, себеби, ал, жада калса, учурда алардын ийгилигин кечиктирүүгө жетишип жаткан болсо да, бирок, алардын тамырын куурутуу колунан келбегенин, алардын жалындоо себептерин чече албаганын түшүнүп турат. Ошондуктан, бул козголоңдордун кайра жалындоо коркунучу бар. Бул Умматтагы аң-сезимдин өскөндүгүнө жана аң-сезимдүү калыс саясий жетекчиликти таппагандыгына байланыштуу. Себеби, араб мамлекеттериндеги козголоңдор, Обама айткандай, бүткүл глобалдуу система үчүн проблемага айланды, айрыкча, ушул системаны башкарып жаткан Американы күрөшкө чакырууда. Бул козголоңдор бүткүл дүйнөгө таасирин көрсөттү. Мисалы, 2011-жылы араб мамлекеттеринде башталган козголоңго окшогон козголоң Америкада да жалындап, «Уолл-стритти басып алгыла» урааны менен режимди кулатууга чакырды.

Америка Украинадагы абалдан жана адамдардын аракетинен пайдаланып, өлкө башынан Россия малайларын кулатууга аракет кылды. Бирок, Россия аракетке келип, Крымга бастырып кирип, аны Украинадан тартып алды жана 2014-жылы Крымды аннексия кылганын жарыялады о.э. Чыгыш Украинадагы өз тарапкерлерин аракетке келтирип, сепаратисттик аракет аркылуу ошол жерде эки республика пайда курууга чакырды. Бул Американы жаактан алганын, өз кезегинде, региондо Россиянын деңгээли күчөгөнүн жана 2008-жылда Грузияда болгондой Америкага болгон ишенимге зыян жеткенин түшүндүрөт.

Америка базар экономикасы жана глобалдашуу деген нерселерди баштап, өткөн кылымдын токсонунчу жылдары Эл аралык Соода Уюмун түздү жана ушул аркылуу дүйнөлүк экономикага жетекчилик кылууга урунду. Бирок, буга менен байланыштуу келишимдерди жана саясаттарды бузган мамлекеттердин биринчиси Америка болду. Америка анын ушул аракетине каршы чыгуудан коргогон мыйзамдарды чыгарып, азыркы президент Трамп доорунда бардык мамлекетке каршы согуш баштады, бул кимсе болсо «Оболу Америка» ураанын көтөрүп чыкты. Башкача айтканда, Америка өз кызыкчылыктарын гана ойлоп жатат жана ушул кызыкчылыктары үчүн ар кандай келишимдерди тебелеп-тепсөөдө. Ошондуктан, бул мамлекетке болгон ишенимге да, анын эркин капиталисттик дүйнөнү башкарышына болгон ишенимине зыян жетти.

Америка аскерий, саясий, экономикалык жана бардык тармактагы келишимдерди буза баштады. Акыйкатта болсо, алардын иштелип чыгышында жана кол коюлушунда негизги ролду өзү ойногон эле. Кийин өзүнүн гана кызыкчылыгына ылайык келе турган таризде кайра иштелип чыгышын жана кол коюшун талап кыла баштады. Буга Канада жана Мексика менен кайра түзүлгөн «NAFTA» (Түндүк Америка эркин соода зонасы) келишими, Россия менен орто алыстыкка учкан ракеталарды чектөө келишими, Иран менен ядролук программа келишими жана Климаттын өзгөрүшү конвенциясы мисал болот. Кийин Америка ЮНЕСКОдон жана Эл аралык кылмыш сотунан чыгып алды. 2020-жылы 21-майда Ачык асман келишиминен чыгууну пландаштырып жатканын маалымдады. 35 мамлекет мүчө болгон бул келишим ушул мамлекеттердин асманында куралсыз самолёттор менен абадан разведка операцияларын өткөрүүгө уруксат берет. Бул Трамп администрациясы жасаган АКШны ири эл аралык келишимден чыгарууга байланыштуу эң чоң окуя болду. Ачык асман келишими 1955-жылы АКШ президенти Эйзенхауэр тарабынан сунушталып, 1992-жылы кол коюлган, 2002-жылы аткарыла баштады. Бул кылмыштардын баары дүйнө мамлекеттеринин АКШга болгон ачуусун дагы да күчөтүүдө о.э. ага, чынчылдыгына, келишимдерге амал кылууга болгон ишенимине зыян жеткирүүдө.

Америка эки жүздүүлүк менен шериктеш деген Европа Союзуна да чабуул кыла турган болду. Евросоюз мамлекеттерин биримдиктен чыгууга чакырып, Британиянын чыгышын колдоп-кубаттай баштады. Ал тургай, Союздун негизги түзүүчүсү болгон Францияны да андан чыгууга чакырды. Ошондо 2018-жылы Франция президенти АКШны Иран ядролук программасы келишиминен чыгуу токтомунан кайтууга Американы көндүрүү максатында барганда, Америка аны Францияны Европа Союзунан чыгууга чакырды.

Америка Германия жана Франция сыяктуу таасирдүү Европа мамлекеттерине чабуул кыла баштады. Ал тургай, ал өзү жетекчилик кылган НАТОдон чыкмакчы экени менен коркутту жана бул НАТО конференциясында күчтүү талкууларды жаратты. Америка бул коркутууну Альянска мүчө мамлекеттер өз милдеттенмелерин т.а. ички дүңпродукциянын 2%ын төлөө үчүн аларга басым өткөрүү максатында кылды. Америка өзүнүн экономикалык жана финансылык кризистеринен кыйналып жаткан болсо да, Альянс каражаттарынын негизги бөлүгүн мойнуна алган. Бул ушуга далалат кылат: Америка бүткүл Батыш дүйнөсүнө эсепсиз акча сарптаган о.э. Маршал планы, Трумэн доктринасы сыяктуу куткаруу долбоорлоруна жетекчилик кылган. Эми Американын мындай заманы аяктады. Куткарууга жана жардамга өзү муктаж болуп калды. Бул, Американын эл аралык позициядагы абалына жана анын кубатына болгон ишенимге зыян жеткенин көрсөтүүдө.

Америка өзү төрагалык кылган жана анын союздаштары болгон «G7» мамлекеттери менен катуу душманчыл болуп калды. Буга ушул мамлекеттердин ага каршы чыгып, сөзүнө кулак салбай коюшканы себеп болду. Бул анын эл аралык абалы жемирилип жатканына далалат кылат. Акыбетте, анын президенти Трамп жакында 2020-жылы 31-май күнү «G7» эскирди, жараксыз болуп калды дегенге мажбур болду. Америка союздаштары ага каршы чыга баштаганын көргөн соң, бул уюмду АКШ кызыкчылыктарына ылайык түрдө кайра түзүүнү талап кылды. Ал тургай, ага Россияны да кошууга чакырды. Негизи, Америка бул мамлекетке Крымды аннексия кылганы үчүн санкцияларды колдонгон жана 2014-жылы «G7»дан чыгарып жиберген. Трамп Түштүк Корея, Индия жана Австралияны да «G7»ге кошууга чакырды. Буга бул мамлекеттерден «G7»ге мүчө Европа мамлекеттерине каршы турууда пайдалануу максатында чакырды. Себеби, алар Америкага каршы чыга турган жана Канаданы да өздөрүнө тарта турган болуп калышкан эле. Бул мамлекеттер ортосунда жаңжалдар жана бири-бирине чабуул башталды, мисалы, соңку үч жыл ичинде «G7»де Италия, Бельгия, Канада жана Франция ортосунда болгондой. Германия, Британия жана Франция бул мамлекеттерди «G7»ге кошуу пикирине каршы чыгышты жана июнь айына белгиленген саммитте катышуудан баш тартышты. Бул Трампты аны июлга кечиктирүүгө мажбур кылды. Мындан АКШ өз союздаштарынын көз алдындагы, арийне, бүткүл дүйнө алдындагы аброю түшүп кеткени көрүнүп турат. О.э. мындан ушул мамлекеттер Американын позициясына зыян жеткенин түшүнүп жетип, ага каршы чыга турган болуп калышканы маалым болуп жатат.

Америка Фалестинде «эки мамлекет» долбоорун бекер кылды. Акыйкатта болсо, аны 1959-жылы баштаган жана иш жүзүндө колдонуп, бардык чөйрөлөрдү жана бүткүл дүйнө мамлекеттерин бул чечимге ыраазы болууга мажбурлап жаткан Америка эле. Алтымыш жылдан бери аны ишке ашырууга катуу аракет кылганына карабастан, буга жетише албаганы көрүнүп калды. Ал Британия долбоорун да бекер кылган. Британия ишке ашыруу үчүн аракет кылган бул долбоор Фалестинде мусулмандар, христиандар жана яхудийлерди өз ичине алган демократиялык илманий мамлекетти куруу долбоору эле, кудум Ливан мамлекетине окшогон. Америка өзүнүн «эки мамлекет» чечими долбоорун кабыл алууга о.э. Британияны да мажбур кылып, ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн түзгөн АКШ-Россия-Европа Союзу-БУУдан турган төрттүккө ошол убакта Британия премьер-министри болгон Тони Блэрди төрага кылып да дайындаган. 2020-жылы 28-январь күнү Америка «Кылым келишими» долбоорун жарыя кылды, бирок, бул долбоорду бир да мамлекет колдоп-кубаттабады. Европа менен Россия аны ачык четке кагышты. Бул болсо, ири мамлекеттер да, башка мамлекеттер да эми Америка долбоорлорун четке кага ала турган, мурдагыдай анын ар бир долбооруна моюн сунбай турган болуп калганына далалат кылууда.

(Уландысы бар)

 

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here