Саясий чөйрөнүн көз карандылык аң сезими

221
0

Саясий чөйрөнүн көз карандылык аң сезими

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстан Орусия менен кошо бир катар эл аралык уюмдарда мүчө болгондуктан, тышкы саясатын бул өлкө менен макулдашып жүргүзүшү керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 11-ноябрда Орусиянын НСН маалымат агенттигинин түз эфиринде суроолорго жооп берип жатып айтты.

«Ата-бабаларыбыздын Орусия менен дайыма бирге болуу, чогуу өнүгүү деп айтып кеткени бар. Бул факт. Экинчиден, Орусиянын аймагында 800 миңден ашуун кыргыз жараны убактылуу жашап, иштеп жүрөт. Алардын да Кыргызстандагы ички саясий жана социалдык-экономикалык абалга өтө чоң таасири бар. Албетте, коррекциялап, макулдашып, бирдиктүү саясат жүргүзүү зарыл. Кыргызстандагы абал да ошондон көз каранды», – деди Мадумаров.

Белгилей кетсек, Мадумаров 10-январда өтө турган мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышарын билдирген. Шайлоого учурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да катышат. Ал 10-ноябрда ШКУнун онлайн саммитинде орус президенти Владимир Путинге кайрылып, евразиялык интеграция маселелеринде Кыргызстан Орусия үчүн дайыма ишенимдүү өнөктөш болорун айткан. Учурдагы парламент да кем калбай Канттагы Орусиянын аскердик базасы боюнча келишимди жаңыртуу башында турган бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алып берген.

Белгилүү болгондой Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кызматташтык тууралуу 120дай документ бар. Кыргызстан Орусия негиздеген аскердик жактан “Жамааттык кызматташтык боюнча келишим уюмуна” мүчө. Бул уюм Орусиянын Борбор азиядагы таасирин бекемдеп турат. Экономикалык тарабынан саясий кызыкчылыктарга көбүрөөк басым жасаган ЕАЭБге да мажбур түрдө кошулган.

Кыргызстандын саясий чөйрөсүндөгү негизги көйгөй көз карандылык аң сезимден кутула албашында. Алар бийликте калуу же ага жетүү Орусиянын же болбосо Американын ыраазылыгы менен гана болот деп эсептейт. Буга учурда өлкөнүн экономикалык жактан артка кетүүсү жана миллиондон ашык жарандын Орусияда эмгектенүүсү негизги себептерден болуп калууда. Эгерде кыргыз бийлиги Орусиянын талаптарын аткарууну кечиктире баштаса, дароо эмгек мигранттарына басым күчөйт. Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирүүдө да Орусия бийлиги мигранттар проблемасынан пайдаланган. Буга кошумча, каржылык жана соода-сатык мамиледе да кысымга учурашы толук мүмкүн.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстандагы жетекчи топ Орусиясыз эгемендүү саясат жүргүзүүнү элестете да албай калды. А түгүл, бул тууралуу ойлонуудан да коркот. Орусиянын таасиринен чыгууга үндөгөн саясатчылар болсо, АКШ, Кытай же Европага күнкор болууну гана каалашат. Бул ири мамлекеттер болсо өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салып келет. Эми, биздин мындай кордуктан чыгуубуздун жападан жалгыз жолу Ислам динибизди бекем карманып, аны мабда катары көтөрүп чыгуубузда жатат. Эгер өз Исламыбызды жакшы билсек, колонизатор кафирлерди үстөм кылуу, аларга ишенүү, алардын жетегинде бири-бирибизге каршы күрөшүү, улутчулдук, мекенчилдик ооруларынан айыкмакпыз. Ошондуктан, мусулман калкыбыз өз диндерин жакшылап үйрөнүшү жана бул билимдери негизинде – бардык мусулмандарды бир тууган кыла турган, колонизатор кафирлерди болсо кууп чыгара турган – Исламий мамлекетти тикелөө жолунда пикирий-саясий күрөш алып барышы важиб. Бул үчүн саясий чөйрө коомдук пикир аркылуу таасир өткөрүү менен аны оңдоо же Исламий аң сезим менен тарбияланган жаңы саясий чөйрөнү түптөө талап кылынат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here