Нарындагы үч аялдын соттук жараянына көрсөтмө алуу үчүн 13-жаштагы кызды алып барып кыйноого алышты

302
0

Нарындагы үч аялдын соттук жараянына көрсөтмө алуу үчүн 13-жаштагы кызды  алып барып кыйноого алышты

“Экстремизм” – бул ыңгайлуу убакыттан пайдаланып бийликти күч менен басып алуу же ушул сыяктуу аракеттерди ишке ашыруу о.э. конституцияны бузуу жолу менен бийликти ээлеп алуу аракеттери. Ушул максатка жетүү үчүн куралдуу уюмдарды түзүү же ага мүчө болуу. (Шанхай конвенциясы 15.06.2001.)

Нарында 10-ноябрь күнү көп балалуу муслима аялдардын үстүнөн соттук жараян башталды. Алар үстүбүздөгү жылдын июль айында, даьват алып барып жаткан учурда УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан кармалышкан.

Бул аялдарга аялдарга бийликти күч менен басып алууга аракет кылышкан деген айып (экстремизм) менен кылмыш иши козголгон. Т.а. аларды Хизб ут-Тахрир жамаатынын мүчөсү деген айып менен камакка алышкан. Негизи даъват ар бир мусулман жана муслима үчүн фарз болуп, амру-маъруф (жакшылыкка чакыруу) жана нахий мункардын (жамандыктан кайтаруунун) бийликти күч менен басып алууга эч кандай тиешеси жок!

Кыргызстанда октябрь айында кезектеги мамлекеттик төңкөрүш (бийликти күч менен басып алуу) ишке ашты. Кызык жери, мамлекетибизде бийликти күч менен басып алуу үч жолу ишке ашып, бийликти “экстремисттик” жол менен басып алган мурунку саясатчылар кайра эле бийликке келип жатышат. Алар ар дайым мыйзам бузулганын, бийлик күч менен басып алынганын ачык эле моюнга алышат. Чет өлкөлөр да, эл аралык саясат да ушундай билдирүүлөрдү берет. Бирок, “экстремисттик” жол менен бийликке келгендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси көтөрүлбөйт. Тескерисинче, “экстремисттик” жол менен бийликти тапшырууга мажбур болушкан президент жана өкмөт мүчөлөрү айыпталып, аларга карата кылмыш иши козголот.

Хизб ут-Тахрир жамааты эч качан – мамлекеттик төңкөрүштөн кийин пайда болгон убактылуу саясий боштук учурунда – бийликти өзү тарапка тартып алууга аракет кылган эмес! Хизб – бийликти күч менен же куралдуу жол менен ээлеп алууну, же өкмөттү кубалап жиберип, анын ордун ээлеп алууну Ислам тарыйкатына тескери келген арам иш деп билет. О.э. хизб же башка бирер партия бийликте болушу да шариятка тескери келет деп табанний кылган.

“Экстремизмде” айыпталып жаткан бул аялдарды дал ошол экстремисттик жол менен бийликти басып алгандар айыпташууда!

Ушул аялдар мамлекетти кулатат имиш. Буга ким ишенет?! Мамлекетте төңкөрүш болду, бирок бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери өз ордунда калды. Болгону президент жана өкмөт гана алмашты. Ошондуктан, алар кызматтан кеткен өкмөттүн ишин улантып жатышат. Алар өз коопсуздугун ойлоп, өздөрү козгогон негизсиз кылмыш иштерин жаап жибермекчи болуп жатышат. Козгогон кылмыш иштерин жабуу үчүн ал тургай жаш кызды уурдап кетип коркутуудан да кайра тартышпады.

Ислам жана мусулмандарга карата болуп жаткан бул сыяктуу жийиркеничтүү кылмыштардын алдын алуу үчүн биз мусулмандар саясий майданда өз позициябызды бекемдешибиз керек. Ар бир саясий окуяга кайдыгер болбой, алардагы эл жана үммөттүн кызыкчылыгына жетип жаткан зыяндарды ачыктап турушубуз о.э. ушул иштердин чыныгы исламий кызыкчылыктарын үммөткө түшүндүрүп барышыбыз керек. Ушул тарыйкат негизиндеги даъват үммөткө көчүп өтүшү, массалык пикирге айланып кетиши куфрдун Ислам жана мусулмандарга карата мамилесин өзгөртөт!

Абдураззак Муъмин.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here